Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Фейсбуктан бугун чыгаргандар


Кыргызстанда фейсбук колдонуучулар жылдан жылга көбөйүүдө
Кыргызстанда фейсбук колдонуучулар жылдан жылга көбөйүүдө

Кыргызстанда фейсбук социалдык тармагы кызмат даражасына жана жаш курагына карабай бардыгына бирдей баарлашуу аянтчасына айланууда.

Алтымыш алтынын суусун ичип жаткан ардагер мугалим Айтмырза Абылкасымовду Кыргызстандагы фейсбукчулардын аксакалы десек жарашчудай. Ал эски компьютерин жаңы эле ноутбукка айырбаштаган. Айтмырза аксакал Аксыда жатып алып эле болгон ой-санаасын фейсбук аркылуу дүйнөгө жаят. Интернетимдин ылдамдыгы жогору болсо жакшы болот эле деген ардагер-фейсбукчу ойлору менен бөлүштү:

- Аксакал болуп алып жаштар менен интернетте отурганыма кээде өзүм деле уялып кетем. Бирок ошого карабай ааламдагы адамдардын ой-мүдөөсү кандай, эмне жөнүндө ойлонот дегенге кызыгам. Башында фейсбукту жакшы билчү эмесмин. Азыр кичине үйрөнүп калдым. Эми фейсбукта ар кандай маалыматтар көп, кереги бары да, жогу да бар. Кээде колдонуучулар болбогон эле нерсеге кыжылдашып айтышып кетишет. Аксакал катары аларга акыл айтканга, сабырдуулукка чакырганга аракет кылам. Кээде угушат, кээде угушпайт.

Алайкууда твиттерди улгайган адамдар да колдоно баштады. 10-июль, 2013 - жыл
Алайкууда твиттерди улгайган адамдар да колдоно баштады. 10-июль, 2013 - жыл
Теле алып баруучу Назира Айтбекова кайгы-капасын да, кубанычын да фейсбукка төгөт. Ал фейсбук аркылуу көп жумушту бүтүрсө болот деген ойдо. Бош убактысынын көбүн фейсбукта өткөргөн Айтбекованы уга кетели.

- Фейсбук мен үчүн биринчиден, жаңылык окуй турган жер. Кээде жинимди, бугумду чыгарып, ичимдегинин баарын төгүп алам. Кээ бир адамдардын бетине айта албай жаткан нерсени фейсбукка кыйытып жазам. Достор, журналисттер менен байланышам. Көп учурда ошол жактан эле интервью берип коём. Акыркы учурда телефон ордуна фейсбукту эле колдонуп калдым десем болот.

Медиа-эксперт Кубанычбек Таабалдиев акыркы убактарда кыргыз саясатчылары социалдык тармактарды калкка таасир этүү куралы катары колдонуп баштады деген ойдо.

- Бүгүнкү күндөгү таасирдүү делген саясатчылардын Фейсбукта, Твиттерде өздүк баракчаларынын ачылышы алар үчүн чоң олжо жана пайда гана алып келет. Саясатчылар социалдык тармактар аркылуу айтайын дегенин эч кимден кысынбай элге ачык жеткирип алса болот. Акыркы убактарда кыргыз саясатчылары Фейсбукту көп колдоно баштады.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров
​Кыргыз саясатчыларынын көбү эле Фейсбукта баракча ачкан. Бирок баары тең эле жигердүү эмес жана көп учурда өздөрү отурушпайт. Депутаттар ичинен исламды интернет аркылуу жайылтууга умтулган Турсунбай Бакир уулун күндүр-түндүр Фейсбуктан тапсаңыз болот. Мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаров азыр бош убакытысы көппү, айтор, Фейсбукка тынбай кирет. Ал баскан турганын, бийликке сындарын байма-бай жарыялоодо. Дагы бир фейсбукчу депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, кыргыз саясатчыларынын жоон тобу дагы деле интернет менен тыгыз ынакташа элек.

- Дүйнөлүк тажрыйбада социалдык тармактарды пайдаланган саясатчылар абдан көп. Бул жагынан АКШ президенти Барак Обама биринчи орунда турат. Орусиянын, Англиянын премьер-министрлери интернет менен тыгыз алакада иштешет. Бирок биздини президент да, башбакан да бул тармакка кызыкпайт. Ошентсе да социалдык тармактарды активдүү колдонгон депутаттар жок эмес. Маселен, Дастан Бекешов Фейсбукта, Твиттерде абдан жигердүү. Мен дагы эл менен байланышуу үчүн Фейсбукту дайыма колдоном.

Президент Атамбаевдин, премьер-министр Сатыбалдиевдин Фейсбуктагы баракчалары бар, бирок өздөрү ушу кезге чейин эч кандай маалымат жайгаштырган эмес. Президенттин маалымат кызматынын өкүлү Алмаз Үсөнов Атамбаев маал-маалы менен Фейсбуктагы баракчасына кирип турарын айтты. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиевдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов премьердин Фейсбукка отурганга убактысы жок дейт.

- Жантөрө Жолдошевичтин Фейсбукка отургудай деле убактысы жок. Ал көбүнчө скайпты колдонот. Чет өлкөлүк инвесторлор менен скайп аркылуу сүйлөшөт. Кечээ эле америкалык ишкер менен сүйлөштү.

Көмүр королу атыккан Нурлан Мотуев Фейсбукту каршылаштарынын эсебин табуу үчүн колдоноорун жашырбайт. Нурлан мырза өзүнө каршы маалымат тараткан журналисттерге да Фейсбук аркылуу согуш ачкан экен.

Фейсбук негиздөөчүсү Марк Цукербергдин баракчасы
Фейсбук негиздөөчүсү Марк Цукербергдин баракчасы
- Көпчүлүк маалымат каражаттары бийликтин көзүн карагандыктан медиада көп учурда бизге окшогон исламисттердин үнү угулбай калат. Ошон үчүн бардык социалдык тармактарда баракча ачып алгам. Мени жөн жерден каралап, мазактаган, шылдыңдаган каршылаштарымды Фейсбук аркылуу жайлап түшүп, ит абийирлерин кетирем.

Фейсбук социалдык тармагы 2004-жылы дүйнөдөгү эң жаш миллиардер Марк Цукерберг тарабынан түптөлгөн. Дүйнө боюнча колдонуучулардын саны 1 млрд. 200 миллиондон ашкан. Кыргызстанда фейсбукчулардын саны 100 миңден ашканы жана колдонуучулар саны улам артып жатканы айтылууда.
XS
SM
MD
LG