Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Кара күүлөрдүн канаты сынды


Фахридин Баяков.
Фахридин Баяков.

Комуз күүлөрүнүн чебери катары таанымал Эл артисти Фахридин Баяков 12-январда 69 жашында дүйнө салды. Ал чыгармачылык жолунда кыргыздын залкар күүлөрүнүн дээрлик баарын ийине жеткире чертип, күү күйөрмандарынын алкоосуна татып келген. Адистер Баяков өз доорунун беш манжа менен саналган залкар комузчуларынын бири болгонун белгилеп, учурда улут маданиятында мындай таланттар сейрек экенин айтышат.

Баяков күүчүлүк өнөрүндө негизинен залкар чыгармаларды аткарганга басым жасап, унутулган көөнө күүлөрдү кайрадан жаңырткан. Бул тууралуу бүгүнкү күндүн залкар комузчуларынын бири Намазбек Уралиев кеп салды.

Намазбек Уралиев.
Намазбек Уралиев.

- Чындыгында Фахридин Баяков кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал залкар комузчу болчу. Анын комузчулук өнөрүнүн эң башкы өзгөчөлүгү: ал залкар кара күүлөрдү чертчү. Карамалдо Орозов, Ыбрай Туманов сыяктуу чоң комузчулардын кыргызга кеңири белгилүү, таанымал эски элдик күүлөрүн так өзүндөй аткарар эле. Мындай таланттар күндө эле жарала бербейт. Ал чанда, сейрек кездешкен таланттардан.

Күүчүлүк өнөрдө "түштүк күүлөрү" деген түшүнүк бар экен. Фахридин Баяков ошол ыкманы сактап жүргөн өкүлдөрдүн бири болгон. Ал жөнүндө белгилүү комузчу-аткаруучу, күүчү Руслан Жумабаев айтат:

Руслан Жумабаев.
Руслан Жумабаев.

- Болуш Мадазимов, Саадабай Шабданов, Фахридин Баяков - түштүк күүлөрүн биздин күндөргө чейин жеткирген инсандар. "Түштүк күүлөрү" дегенибиз - булар элдик чоң дастандарга көп кайрылышкан. Мисалы, "Ак Саткын менен Кулмурза", "Солтон Сары", "Жаныш, Байыш", "Саринжи-Бөкөй" сыяктуу. Байыркы күүлөрдөн Кет буканын күүсү, андан сырткары жалпы эле "Камбаркан", "Ак Бакай" сыяктуу залкар күүлөр булар болбосо бизге жетет беле, жетпейт беле, ким билет?

Жумабаев кыргызда залкар күүлөрдүн бир нече варианты бар экенин, аларды Фахридин Баяков өзүнө тиешелүү өзгөчө таланты менен ажарына чыгара чертип келгенин белгиледи.

Фахридин Баяков 1971-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун “хорго дирижёрлоо” бөлүмүн аяктап, 1973- жылдан тартып ардактуу эс алууга чыкканга чейин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу болуп эмгектенген.

Маркум комузчунун шакирти, аталган окуу жайдын доценти Бекболот Абдувалиев устаты табиятынан таланттуу жана билимдүү музыкант болгонун белгиледи.

Бекболот Абдувалиев.
Бекболот Абдувалиев.

- Музыкада "чексиз угуу жөндөмү" деген түшүнүк бар. Агай жалгыз үн болобу, аккорд болобу, баарын так уга алганы үчүн комузда да так черткен. Анын башка комузчулардан айырмасы - жалаң чоң, залкар күүлөрдү черткен. Себеби агайдын эске тутуусу өтө күчтүү болчу. Ал күүлөрдү угуп да, үйрөнүп да, нотадан карап да черте берчү. Агай өзү күү чыгарган жок. Бирок залкар күүлөрдүн сексен пайызын билип, черте алган.

Эл артисти Жолболду Алыбаев Фахридин Баяков Болуш Мадазимов, Саадабай Шабданов сыяктуу залкар комузчуларды устат тутунганы менен негизинен комузчулук өнөрдү өркүндөтүүдө алган билими жана өзүнүн жеке аракети басымдуу болгонун айтып берди.

Жолболду Алыбаев.
Жолболду Алыбаев.

- Фахридин билимдүү музыканттардан эле. Ал негизинен өз өнөрүн билим алуу менен өрчүткөн. Кайсы бир күүнү нота аркылуу аткаруу кыйын. Бирок Баяков жөндөмдүү эле. Баса, ал мурда өзү иштеген окуу жайда опералык арияларды да аткарып жүргөнүнө күбө болгом. Үнү жакшы эле. Кийин бирок мугалимдикке өткөндөн кийин комузчулукка басым жасап калды.

Комузчунун үй-бүлөсү да чыгармачыл адамдар. Өмүрлүк жубайы Үмүт Ташматова көп жылдардан бери радио жана теле тармагында эмгектенип келет. Кыздарынын бири Аида скрипкада, экинчиси Анара фортепианодо ойногон музыкант катары таанымал.

Фахридин Баяков 1949-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда төрөлүп, 1969-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунан орто мектепти аяктаган. Маркум комузчу 11-февралда 70 жашка толмок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG