Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Дымагы күчтүү Футбол академиясы


Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда ойногондон бери Оштогу Асыл Момунов атындагы Футбол академиясына балдарын жетелеп келген ата-энелер көбөйдү.

Ош шаарындагы Асыл Момунов атындагы Футбол академиясы Кыргызстан футбол федерациясынын демилгеси менен 2017-жылы октябрь айында ачылган. Ошол эле жылы ноябрь айынан баштап жаш курагына карап 2002-2011-жылдар аралыгында төрөлгөн 400 өспүрүм тандалып алынган.

Өткөн жылы бир жылдык келишим менен Бразилиядан эки машыктыруучу келип, жаштарга жыл бою футбол үйрөткөн. Азыр Футбол академиясында 12 машыктыруучу иштейт.

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Эркин Султанов Футбол академиясына өспүрүмдөрдү кабыл алуунун жол-жобосун мындайча түшүндүрдү:

Эркин Султанов.
Эркин Султанов.

- Футбол академиясына футболго кызыккан өспүрүмдөр алынат. Сөзсүз ата-энеси менен келип, керектүү документтерди толтурушу зарыл. Негизги документ - медициналык №086 аныктамасы сөзсүз болушу керек. Андан кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту, жашаган жеринен аныктама жана кабыл алууга арыз жазышат. Биз бюджеттик мекеме эмеспиз. Ата-энелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнгөн акчанын эсебинен жашайбыз. 11 жаштан 17 жашка чейинки балдар үчүн айына 2300 сом, 6 жаштан 10 жашка чейинки жеткинчектер үчүн айына 2000 сом төлөнөт.

Эркин Султанов айына төлөнгөн акчадан тышкары ата-энелер балдардын спорттук кийим-кечегин сатып бериши керектигин айтты:

- Биз балдардын спорт формасын бербейбиз. Бирок Футбол академиясынын маркасы менен Европадан буйрутма менен тиктиребиз. Атайын спорттук баштыкта 12 аталыштагы кийим-кечек бар. Алар машыгууда, турнирге, жолугушууларга барганда кие турган кышкы куртка, жаанда кие турган кийимдер болот. Ушул бир комплект спорттук кийим-кече 10 500 сом турат. Аны ата-энелер сатып алышат.

Эркин Султановдун айтымында, Футбол академиясына кабыл алынган бала алгач алты айга алдын ала акчасын төлөшү керек. Эки миң сомдон алты айга 12 000 сом жана футбол кийим-кечеги үчүн 10 500 сом болуп ата-эне башында 22 500 сом акчаны Футбол академиясынын эсебине которот. "Бирок мындай сумманы көпчүлүк үй-бүлөнүн чөнтөгү көтөрө албайт" дейт баласын Футбол академиясына алып барганы жаткан Гүлжан Ажиматова:

- Биз уулубуздун ысымын атактуу француз футбол оюнчусу Зинедин Зидандын атына койгонбуз. Зинедин азыр алты жашта. Өзү футбол ойногондуктан академияга алып келели деп жатабыз. Бирок төлөм акчасы көп экен. Айына 2 000 сом, андан кийин формасы 10 500 сом. Бул сумманы бардык эле ата-энелер көтөрө албайт. Ошондуктан таланттуу балдар каражаты жок четте калып жатат.

Футбол академиясынын 65 жаштагы машыктыруучусу Владимир Кулагин улуттук курама команда Азия кубогунда ойногон учурдан бери балдарын академияга алып келген ата-энелер көбөйгөнүн айтты.

Владимир Кулагин.
Владимир Кулагин.

- Бразилияда да, Кыргызстанда да окшош эле оюнчулар ойнойт. Башкысы - алардын машыгуусу үчүн түзүлгөн шарт жакшы болушу керек. Азыр бизге балдарын алып келген ата-энелер көбөйдү. Мүмкүн болушунча балдарга мыкты футболду үйрөтөлү деген аракетте иштеп жатабыз. Учурда кыргыз футболу өнүгө баштады. Улуттук курама командабыз да Азия кубогунда мыкты оюн көрсөтүштү.

Машыгуу жумасына үч жолу болот. 11 жаштан 17 жашка чейинки балдар бир жарым сааттан, 6 жаштан 10 жашка чейинки өспүрүмдөр 1 саат 15 мүнөттөн машыгышат. Бир жылдан бери футбол менен машыгып жаткан тогуз жаштагы Мухаммедтимур буларды айтты:

- Бул жерде машыгуу жакшы. Таза абада эртең менен келип чуркайбыз. Топту туура тепкенди, пас бергенди, топту токтотуп тепкенди көп үйрөнөбүз. Мыкты футболчу болом.

Футбол академиясынын жетекчилиги балдар үйүндө тарбияланып жаткан футболго кызыккан дымактуу балдарга жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө өскөн балдарга акысыз машыгууга уруксат берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG