Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Футбол: Кыргызстан Индиядан реванш алды

10-номурдагы Мирлан Мурзаев.
10-номурдагы Мирлан Мурзаев.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө тандоо оюндарынын алкагында Индиянын футболчуларын 2:1 эсебинде утту.

Командалар жаңыдан эле мамлекеттик Гимндерин ырдап бүтүп, оюн башталаар замат Кыргызстандын футболчулары биринчи чабуул менен гол киргизип, эсепти ачканы стадион толо көрөрмандар үчүн да күтүүсүз болду. Голду киргизген Антон Землянухин Мирлан Мурзаевдин пасын команданын пайдасына жыйынтыктады.

Антон Землянухин.
Антон Землянухин.

Оюн бүткөндөн кийин Индиянын машыктыруучусу Стефен Константин оюн башындагы алгачкы гол команда үчүн кымбатка турганын моюнга алып, өкүнүчүн жашырган жок.

- Биринчи эле мүнөттөрдө кирген гол командага ар дайым оор түйшүк жаратат. Биз бул голдон кийин өз оюнубузду ойной албай, улам-улам жаңылып жаттык. Чындыгында жакшы ойногондой болуп жаттык, бирок ийгилик бизден жүзүн буруп кетти. Байкап көрсөк биринчи таймда Кыргызстан болгону бир гана чабуул жасап, ошону голго айлантып салды. Биз болсо бир жолу дарбазанын темирине тийдик, бир голубузду эсептебей койду, айтор биринчи тайм оор болду.

Алгачкы голду майрамдаган күйөрмандар.

​Индиянын улуттук курамасынын машыктыруучусу Стефен Константин экинчи таймда да тактикалык жактан утулуп калганын моюнга алууга аргасыз болду.

Анткени кыргыз футболчулары талаанын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, чабуул менен басымды улантып, эсепти көбөйтүүгө жетишти. Бул голду киргизген футболчу Мирлан Мурзаев жеңишти үй-бүлөсүнө арнай турганын айтты.

- Кудай буюрса күйөрмандардын колдоосу менен күчтүү атаандаш саналган Индияны да утуп алдык. Бул голду кызым менен келинчегиме арнайм. Үйдөгүлөрдүн бардыгына жана албетте Кыргызстанга да арналат, бул жеңиш.

Стадиондогу күйөрмандар.
Стадиондогу күйөрмандар.

Анткен менен Кыргызстандык футболчулар дарбазасын бекем сактай алган жок. Оюн бүтөргө үч мүнөт калганда Индиянын футболчулары бир топ киргизип, эсепти кыскартканга жетишти. Андан калганына эки командага тең убакыт жетпей калды. Индиянын машыктыруучусу Стефен Константин өз командасы он мүнөт эрте эсепти кыскартканда, оюн башкача жүрмөк деген оюн айтып калды.

Футбол. Кыргызстан - Индия беттешиндеги гол кирген учурлар. 27.03.2018-ж.

​Ал эми Кыргызстандын машыктыруучусу Александр Крестинин команда утканына карабай, дарбазага гол киргизип жибергени футболчулардын кайдыгер оюнунан болгонун айтып, бирок ал жакшы маанайды буза албасын кошумчалады.

- Команданын даярдыгы аябай жакшы, биз оюн сайын өсүп жатабыз. Улуттук курама командага ойной турган оюнчулар көп, мага тандоого мүмкүнчүлүк бар. Индиянын футболчуларынын бойлору узун жана күчтүү болгондуктан биз жер менен ойноп, пасты көбүрөөк берүүнүн үстүндө алдын-ала даярданганбыз жана бул тактикабыз өзүн актады.

Кыргызстандын улуттук курама командасы оюндан кийин.
Кыргызстандын улуттук курама командасы оюндан кийин.

Буга чейин Индия менен Кыргызстан тайпадагы алдыңкы эки орунду ээлеп, кийинки жылы боло турган Азия чемпионатына жолдомо алып коюшкан. Ошого карабай буга чейин Кыргызстан Индиянын үйүндө 1:0 эсебинде утулгандыктан, эми Бишкектен "өч алууга" мүмкүнчүлүгү бар эле жана эми реванш алынды деп ишеничтүү айтууга болот.

“А” тобуна Индиядан тышкары Мьянма жана Макао туш келген. Акыркы эки өлкө тайпада 3-4-орундарды алып, Азия чемпионатына берилчү жолдомодон куру калды.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.​

Кыргыз футболчулары жеңишке жетти

Кыргызстандан топторду Антон Землянухин (2-мүнөт) жана Мирлан Мурзаев (71-мүнөт) киргизди.

3/24 Кыргызстандан топторду Антон Землянухин (2-мүнөт) жана Мирлан Мурзаев (71-мүнөт) киргизди.

Индиялык футболчулар оюн бүтөөрүнө аз калганда (88-мүнөт) эсебине бир гол жаза алышты.

5/24 Индиялык футболчулар оюн бүтөөрүнө аз калганда (88-мүнөт) эсебине бир гол жаза алышты.

Бул оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу.

7/24 Бул оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу.

Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.

9/24 Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.

Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.

10/24 Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.

Азия кубогунун (Азия чемпионатынын) 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноду. Алты оюндан кийин Кыргызстан менен Индиянын командалары 13төн упай топтошту.

13/24 Азия кубогунун (Азия чемпионатынын) 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноду. Алты оюндан кийин Кыргызстан менен Индиянын командалары 13төн упай топтошту.

Кошумча көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан өз тобунда 1-орун менен Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алганын команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди. Азиянын Футбол Конфедерациясынын расмий сайтында Кыргызстандан утулганына карабай Индия "А" тобунда көч башын жетектегени жарыяланды. Мьянмада 8 упай бар. Макаодо упай жок.
15/24 Кошумча көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан өз тобунда 1-орун менен Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алганын команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди. Азиянын Футбол Конфедерациясынын расмий сайтында Кыргызстандан утулганына карабай Индия "А" тобунда көч башын жетектегени жарыяланды. Мьянмада 8 упай бар. Макаодо упай жок.
Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалдык бөлүккө жолдомо алышты.

22/24 Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалдык бөлүккө жолдомо алышты.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.
24/24 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.
Артка
Алдыга
Кыргызстандын жеңишин майрамдаган күйөрмандар. Ала-Тоо аянты. Бишкек. 27.03.2018-ж.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
• 16x9 Image

Самат Жумакадыров

“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG