Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Футбол борбору курулбай калабы?


Кыргызстандын курама командасы. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Кыргызстандын курама командасы. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын Футбол федерациясы менен Бишкек мэриясынын ортосунда пикир келишпестик чыкты.

Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 27-декабрда да каралбай калды. Депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырды.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев сессияда Бишкек шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү демилгеси менен чыкты.

Бишкек мэриясы 27-декабрда билдирүү таратып, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик менен берүүгө укугу жок экенин билдирди.

Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 26-декабрда да каралбай калган. Депутаттар анда бир күнгө тыныгуу алган эле.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада мелдештерге чыгуудан баш тарта турганын билдирүүдө.

Шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси үч күндөн бери талкууланып, аягына чыкпаган соң футболчулар ушундай чечимге келген.

Калаа бийлиги Футбол борборун куруу үчүн үч жер тилкесин сунуш кылган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Футбол федерациясынын башкы катчысы Нурдин Букуев буларды билдирди:

- Эл аралык Футбол федерациясынын талабына ылайык, бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгачка Футбол борборун куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш эле гектар. 11-кичи райондогу жерге да футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол борбору үчүн 8 же 10 гектар жер керек.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 25-декабрда өткөн шаардык кеңештин отурумунда буларды айткан:

- Биз бул идеяны колдойбуз. Биз сунуш кылган жер тилкелери Футбол федерациясына жаккан жок. Биз Футбол федерациясына кандай жер тилкеси керек экенин түшүндүк жана азыр ошол жер тилкеси боюнча иштейбиз. Бирок анын баары мыйзам чегинде болушун суранат элем. Бул сессиянын жыйынтыгы менен меморандум түзүп, ошол багытта иштейли. Ушул меморандум менен жер тилкесинин аймагы аныкталат. Комиссия аркылуу жер тилкесин бөлүп берүүчү мыйзамдуу жол бар. Мэриянын жер тилкесин бөлүп берүүгө укугу жок. Аны добуш берүү аркылуу комиссия чечет. Ал үчүн Шаардык курулуш башкармалыгынын Башкы архитектурасынын чечими керек. Эгер азыр биз жер тилкесин бөлсөк, бул "мыйзамсыз жер бөлүп берүү" деп эсептелип, эртең прокуратура Башкы планды бузганыбыз үчүн жоопко тартат. Анткени бул жер тилкеси башка нерсе үчүн каралган. Анын баарын биз документте Башкы планга тууралап чыгышыбыз керек.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Маселе 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар грантты башка мамлекеттерге берет.

Шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев депутаттар Футбол борборун куруу демилгесин колдой турганын, мэриянын жообун күтүп жатышканын билдирди. Ал ушул иш чечилмейинче, шаардык кеңеште башка маселе каралбай турганын айтты.

- Ушул маселенин оңунан чечилишин каалап, шаардык кеңештин депутаттары эки күндөн бери чогулуп жатышат. Ушул маселе чечилмейинче башка ишти карабайбыз. Мыйзамга ылайык аткаруучу бийликтин өзүнүн жол-жоболору бар экен. Алар азыр бул багытта иштеп жатышат. Ошол себептен отурумду эртең мененки саат 9га калтырдык.

Мэрия учурда маселенин юридикалык-техникалык жагын талкуулап жатат.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган. Ага жалпысынан 10 миллион доллар керек. Федерация гранттан тышкары башка булактардан да каражат табыларын айтууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын башында Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган.

Элди толкуткан футбол
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:17 0:00

Кыргызстандын улуттук курама командасы соңку жылдары эл аралык аренадагы беттештерде мыкты оюн көрсөтүп, FIFA рейтингиндеги позициясын улам бекемдеп келет. Жергиликтүү жана чет элдик эксперттер кыргыз футболу соңку 2-3 жылда жаңы тепкичке чыкканын, мамлекеттин колдоосу зарыл болуп турганын белгилешүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG