Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Тышкы саясат: министрге айтылган насаат


Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алууда. 18-январь, 2016-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алууда. 18-январь, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдө кырдаал курчуп турганда өлкөнүн тышкы саясаты эң ириде улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин эскертти.

Бул тууралуу ал 18-январда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алганда билдирди.

Бир катар талдоочулар Түркия менен Орусиянын өз ара мамилеси, Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялар, кара майдын кескин арзандашы өңдүү жагдайлар орун алып жаткан оомал-төкмөл заманда өлкө жетекчилиги тышкы саясатта ыкчам чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү болуусу маанилүү деп эсептешет.

Министрдин отчету, президенттин насааты

Президенттин маалымат кызматы Алмазбек Атамбаев менен Эрлан Абдылдаевдин жолугушуусу тууралуу чакан кабар таратты. Анда министр былтыркы жасалган иштер тууралуу отчетун баяндап, улуттук кызыкчылыкты коргоо, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча алдыдагы пландар боюнча маалымат бергени жазылды.

Атамбаев өз кезегинде дүйнөлүк жагдайдын азыркыдай абалынан улам Кыргызстандын тышкы саясаты эң ириде улуттук кызыкчылыкка шайкеш болушу керектигин айткан.

Мурунку тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин баамында, дүйнөлүк саясаттын азыркыдай абалында Кыргызстан тышкы саясатын болушунча так жүргүзүшү керек:

Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

- Ааламдашуу жараяны тез жүрүп жаткан чакта, дүйнөдө мамлекеттердин ролу менен бирге эл аралык уюмдар, каржы институттар, трансулуттук корпорациялардын ролу жогорулады. Бизге окшогон байыркы, чакан мамлекеттер ички кызыкчылыктарды көздөө менен тышкы саясатын эң негизгиси ачык жана түшүнүктүү жүргүзүшү керек. Кол коюлган келишимдерибизди, кайсы бир маселе тууралуу ачык айтылган позициябызды так аткарып турсак дүйнөлүк коомчулукта өзүбүздүн татыктуу ордубуз болот. Келишимдер да, расмий айтылган сөздөр да аягына чейин аткарылышы керек. Эгер андай болбосо биз ишенимден кетебиз.

Доор алмашкан учурбу?

Талдоочу Искендер Ормон уулу болсо, дүйнөдө окуялар чукулунан өзгөрүлүп жаткан шартта Кыргызстан ыкчам чечимдерди, тез чараларды кабыл алууга даяр болушу керек деп эсептейт:

- Жакынкы Чыгыштагы азыркы акыбал, Иранга салынган санкциялардын алынып салынышы, кара майдын мындан дагы арзандай турганы тууралуу божомол, анын Орусияга таасири, Орусиядан улам биздин экономикага таасири өңдүү чиеленишкен, бири-бирине байланышкан абал болуп турат. Ошондуктан сөзсүз түрдө ыкчам болуш керек. Чечимдерди текшерип, карап туруу керек. Дүйнө өзгөрүп жаткандан кийин ошого жараша байкап, чечимдерди дагы бир сыйра карап алуу керек.

Анткен менен дүйнөлүк саясаттагы соңку окуялардан улам Кыргызстан тышкы саясаты кыйын кезеңге кептелди дегендер да бар. Саясат таануучу Эмил Жураев мындай учурда өлкө улуттук кызыкчылыктан улам бир тараптуу саясаттан баш тартышы керектигин айтууда:

Эмил Жураев
Эмил Жураев

- Баарына анык болуп калган бир жагдай – тең салмактуулукка жана көп тараптуулукка багытталган тышкы саясат керек. Биз буга чейин өтө бир жактуу болуп, бир тараптуу саясатка гана ыктап алганбыз. Бирок бул азыркыдай дүйнөлүк каатчылыктын маалында андай деле жакшылыкка алып келбей турганы анык болуп турат. Буга чейин бир жактуу болуп, АКШ жана башка өнөктөштөр менен мамилебизди татаалдаштырып алган элек. Батыш мамлекеттери, анын ичинде АКШ менен алака-катышыбызбы оң жолго салуубуз абзел. Экинчиден, Түркия менен сөзсүз түрдө мамилебизди калыбына келтиргенге аракет кылышыбыз керек. Андан сырткары, кошуна мамлекеттер менен да жемиштүү кызматташуу үчүн ШКУ, ЖККУ өңдүү эл аралык уюмдардын эле алкагында эмес, өз алдынча, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүшүбүз зарыл.

Соңку учурда Кыргызстандын тышкы саясатын сынаган бир катар окуялар катталды. Былтыр расмий Бишкек АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди бир тараптуу бузган. Анкара менен Москванын чатагынан улам Орусияны да ачык колдогон. Ошол эле кезде убагында чоң шаан-шөкөт менен башталган кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ГЭСтерди куруу боюнча келишимин быйыл жыл башында денонсациялоо тууралуу чечим кабыл алды.

Ал эми өткөн аптада Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров Бишкекте Кыргызстандагы АКШнын элчиси Шейла Гуолтни менен жылуу-жумшак жолугуп, анда аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздук маселелери талкууланганы, бул жаатта эки тараптуу кызматташуунун келечеги кең экендиги сөз болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG