"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Токой чарба жана жаратылышты коргоо агенттигинин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Рысалиев, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Эркингүл Иманкожоева жана академик, эколог Биймурза Токторалиев.
“Азаттык”: Кыргызстандын жалпы аянтынын 5% ашуунун токой ээлейт. Адистердин баамында, Кыргызстанда токой акыркы жылдары 200 миң гектарга азайган. Токойлор таланып-тонолуп, абалы оор деп жергиликтүү тургундар деле айтып жатышат. Чын эле ошондойбу?
Бакыт Рысалиев: Токойдун аянты кыскарып атат деген пикирге кошулбайм. Анткени биринчи жолу Улуу Ата мекендик согуш маалында токойлор массалык түрдө кыйылып, Кыргызстанда токойдун аянты 3,6% чейин түшүп кеткен. Ага чейин жалпы аянттын 6% токой түзгөн.
Ал эми 2008-жылдагы акыркы эсептөөлөргө караганда токойдун аянты бир пайызга өскөн. Эл аралык уюмдун жардамы өткөрүлгөн эсептөөлөр Кыргызстанда токойдун аянты 5,6% экенин көрсөттү. Ошондуктан акыркы жылда 200 миң гектарга кыскарбастан, тескерисинче өсүп атат.
“Азаттык”: Канткенде токойду азыркы абалында сактап калабыз?
Эркингүл Иманкожоева: Токой - жердин көркү, суунун атасы. Токой азайган сайын суунун азайганы байкалып жатат. Мисалы, биздин айылдагы карагай агызган суудан азыр чырпык да акпай калды. Ошондуктан жалпы эл токойду сактоо маселесине көңүл буруп, көтөрүшүбүз керек.
Кыйылышы кыйылып жатат, аны моюнга алыш керек. Күнүнө канчалаган машиналар келип жатканын айтып чалгандар көп.
Токойду кыйгандардын көбү жергиликтүү тургундар эмес, ушул менен соода кылган адамдар болууда. Аларды коргоп тургандар органдын адамдары болуп атат. Экологдор текшерип келгенде “бул прокурордуку, бул соттуку, бул УКМКныкы” деп айтышат экен.
Бул маселени эл менен кыдырганда да көтөрүп жатышат. Бул маселени жергиликтүү тургандар, айылдагы активисттер менен байланышып, видеого тартып көзөмөлдөө жагын да ойлонуш керек. Антпесе, токойду сактоо абдан кыйын болуп калды.
“Азаттык”: Биймурза агай, сиз ушул багытта илимий иштерди жазып, иликтеп жүрөсүз. 1995-2000-жылга чейин токой аябай кыйылып, экономикалык оорчулуктун орду толгус жоготуусун да кыргыз токою тарткан эле. Ошол кыйылып, такырайып калган жерлерди деле азыр токой аянтына кошкон туурабы?
Биймурза Токторалиев: Бул маселе абдан орчундуу. Муну биз качантан бери эле көтөрүп келатабыз, бирок биз күткөн натыйжа болбой жатат.
Кыргызстанда 5% жетип-жетпеген токой бар. Жогоруда Бакыт айткан сандан деле азырак деп ойлойм. Дүнүйө жүзүндө жалпы аянттын 38% токой түзөт. Эң көп токой Финляндияда 70%, Францияда 25%. Биздики аларга салыштырмалуу уникалдуу.
1995-жылдан бери жыл сайын арча токойлор 0,8% кыскарууга дуушар болгон. Кыскарганынын себептери да абдан көп. Ал эми кыйылган жерлерди кайра толуктап, отургузганга токойчулардын кудурети да, күчү да жетпей жатат. Экономикалык каатчылыктан кийин токойго кол салуу болуп эле жатат, тиричилик да керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: