Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

“Ар бир кесип ардактуу” фотосынагынын жыйынтыгы чыгарылды


Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү
Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү

«Азаттык» “Ар бир кесип ардактуу” сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Конкурстун максаты жаштарды эмгекти барктоого көндүрүү, кандай кесип болсо да маанилүү жана керектүү экенин көрсөтүү болчу. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйналган баллдарынын саны жагынан арбын добуш топтогон Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү биринчиликти алды. Сүрөттүн автору башкы сыйлыкты – конкурстун негизги өнөктөшү – “О” мобилдик операторунун смартфонун алат.

Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү
Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү

Экинчи орунду Жумабай уулу Кубанычбектин “Коруктун эң жаш кызматкери” сүрөтү ээледи.

“Коруктун эң жаш кызматкери” сүрөтү
“Коруктун эң жаш кызматкери” сүрөтү

Үчүнчү орунга Марат Сайранбаевдин “Кол өнөрчү” деген фото сүрөтү менен татыктуу болду.

Марат Сайранбаевдин “Кол өнөрчү” деген фотосүрөтү
Марат Сайранбаевдин “Кол өнөрчү” деген фотосүрөтү

Кийинки эки жеңүүчүбүз белекке WiFi-роутерлерин алышат.

Сыйлыкка жетишкендердин байгесин тапшыруу аземи февраль айынын башында өткөрүлөт. Сынакка мыкты сүрөттөрүн жөнөткөн авторлорго ыраазылык билдиребиз.

Cынакка келген сүрөттөрдү бул жерден толук көрө аласыз.

XS
SM
MD
LG