Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Казакстан кайрадан газды чектеши мүмкүн


Казакстандын “КазТрансГаз” ишканасы Кыргызстан газга болгон карызын чукул төлөбөсө 12-февралдан тарта көгүлтүр от чектелээрин эскертти.

Учурда “Кыргызгаз” өкмөт менен бирге карыздан кутулуунун амалын издеп жатат, эгер карыз чукул төлөнбөсө анда эртеңден баштап Казакстан газды чектей баштайт.

"Кыргызгаздын" директорунун орун басары Куралбек Наскеевдин айтымында, казак тараптан мындай эскертүү өткөн шаршембиде келген:

- Карызыбыз 5 миллион доллардан да ашып кетти. Казак тарап 6-февралда эле эскерткен, карызыңар көбөйүп кетти, төлөбөсөңөр чектеп коёбуз деген эскертүү келген. Бүгүн аракет кылып жатабыз, эгер өкмөт бюджеттик уюмдардын карызын өндүрүп берсе эле кутулмакпыз.

Куралбек Наскеев мамлекеттик ири ишканалардын айынан жаккан газга бересе эселеп көбөйгөнүн белгилеп, миллиондогон карызын төлөбөгөн ишканаларды жарыялады:

- “Кыргызжилкоммунсоюз” ишканасы 147 млн. сом карыз, “Бишкекжылуулукэнерго” 88 млн, ВДНХ от жаккычы 4 млн. сом карыз, Токмок жылуулук 4,7 млн сом, Жылуулук менен камсыздоо 1 млн. 600 миң сом карыз, Кант шаарынын коммуналдык жылуулук ишканасы 5 млн. 200 миң сом карыз, мындан сырткары ири төлөөчүлөр 302 млн. 637 миң сом карыз. Мунун баарын доллар менен санаганда 6 млн. 332 миң болот экен.

Казакстан ушундай эле себеп менен өткөн жылдын 13-декабрында кыргыз тарапка газ берүүнү эки эсе азайткан болчу. Мунун айынан электр энергиясын пайдалануу үч эсе өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйүп, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев казак премьер-министри Серик Ахметов менен сүйлөшкөндөн кийин гана “КазТрансГаз” кайрадан газ берип баштаган эле.

“КыргызГаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Куралбек Наскеев дал ушул карыз маселесине байланыштуу өкмөттө атайын жыйын болоорун кошумчалады. Көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев “Кыргызгаз” ишканасы жана өкмөт ири көлөмдөгү карызы бар ишканаларды буга чейин карызын төлөтүп койсо, кыш ызгаарда мындай көйгөй жаралмак эмес дейт:

-Чектемей мындан кийин дагы улана берет. Анткени ири ишканалар, чоң мекемелер карызын төлөбөй жатат. Карапайым эл төлөп, дал ушул акчалуу ишканалар төлөбөй койду. Өкмөт ал ишканалардын эсебин жаап, анан төлөтүш керек. Карызды төлөмөйүнчө Казакстан кышкы суукта газды өчүрө берет. Муну өкмөт тез арада чечиши керек.

Адистердин айтымында, эгер карызды жаппай, газ кайрадан чектелчү болсо анда карызы бар ири ишканалар эле эмес, катардагы жарандар көгүлтүр отунсуз калат. Ушул күнгө Кыргызстандын “КазТрансГазга” 5 жарым миллион карыз. Ал эми “УзТрансГазга” болгон карызы 490 миң долларды түзөт.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев Казакстанга карызды чукулунан жабуу боюнча өкмөт тапшырма берсе, казынадан акча табылаарын “Азаттыкка” билдирди.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG