Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

Германиядан келген биодаараткана


Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда биодаараткана курулду. Германиялык уюмдун колдоосу менен райондун Ак-Талаа айылында “Байчечекей Кара-Суу” бала бакчасында орнотулган заманбап даараткана шаардык жашоо маданияты элетке акырындан келип жатканынан кабар берет.

“Байчечекей Кара-Суу” бала бакчасы аталган айылдын мектеби менен бир короодо туруп, кадыресе айылдык даараткана болгон. Эми “Кыргызстанга жардам” аттуу немис уюмдун колдоосунда бала бакчага өзүнчө биодаараткана салынууда.

Бала бакчанын тарбиячысы Нурмира айым кубанычын жашырбайт:

- Мектептин дааратканасы алыс. Бир чети мектептин окуучулары менен аралашып калат. Бул жерден өзүбүздүкү болот, балдарга ыңгайлуу. Кышкысын жакын болуп, балдарды алып барып, алып келгенибизге жакшы болду.

Биодааратканын салынышынын демилгечиси Садырбек Макеев анын технологиясын ажыратып берди:

- Бочка толгондо бир литрине 2 литр суу кошсо жер семирткич болуп калат экен. Анын өзунчө технологиясы бар. Мисалы, ушул чуңкур толгондо экинчисин ачышат, ошон үчүн төрттү жасадык. Экөө иштеп турат, экөө запас болуп турат. Толгондон кийин кургап калганда күл кошуп, аны да жер семирткич катары колдонсо болот.

Бала бакчага небересин алып келген Бактыгүл айым кадыресе шаардыктай болуп калганын айтууда:

- Менин неберем эки жашта. Баары жакшы. Шаардыкындай эле. Тамак-ашы, тарбиясы, уктатканы орду менен. Акырындык менен көтөрүлүп келатат. Буйруса, шаардыкындай эле болуп калат.


Бул саамалыкты Ак-Талаа айылында өсүп, учурда Берлинде окуп жаткан Махабат Садырбек кызы диссертациялык ишине жараша материал чогултуу үчүн кичи мекенине кайтып жатып, ушундай демилгени көтөрө келген экен:

- Кийим, китеп, бут кийим менен жардам бере алам. Чыныгы хобби катары. Алар менин тааныштарым. Ишкерлер, саясатчылар эмес, жөн гана студенттик уюм.

“Азаттык”: Уюмду Германияда түзгөнсүзбү? Уюмда канча адам иштейт?

- Азыр элүүдөн ашык мүчөсү бар. Кыргыз студенттер такыр жок. Баары эле немистер, мени менен окуган башка улутун өкүлдөрү.

“Кыргызстанга жардам” аттуу немис уюмунун жетекчиси Ханнс Ней кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан таасир алып, Кыргызстанга келүүнү эңсеген. Бул жерге келгени бейтапканалардын абалын көрүп, жардам берүүнү чечкен:


- Биз Кыргызстанга келгенде бейтапканаларда медициналык аспаптардын эскиргенин көрүп, Кыргызстандын аймактарына жардам бере баштадык. Көбүнчө тиш дарылоочу, УЗИ жана башка медициналык аппараттарын Кочкордун Мантыш жана Ак-Талаа айылдарына алып келдик. Ушундай кооз өлкөгө бир аз жардамыбызды аябайбыз.

Ырас, өнүккөн элден ар кандай жардам алган жакшы болсо керек. Эми ошол өрнөктү башкалар да үйрөнүп, улап кетсе ого бетер жакшы болот эле дешет. Анткени биотуалетти Кыргызстанда деле жасап, орнотуп алса болот. Тек гана сырттан бирөө келип, баарын жасап берет дегенге көнүп албасак болду.

XS
SM
MD
LG