Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Кумтөр: тараптар тил табыша элек


Кумтөр алтын ишканасы.
Кумтөр алтын ишканасы.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” компаниясы Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүүдө анын формасы боюнча келише албай жатат.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” компаниясынын ортосунда Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытовдун билдирүүсүнө караганда, кыргыз тарап келечектеги биргелешкен ишкана акционердик коом түрүндө түзүлүш керек десе, канадалыктар жоопкерчилиги чектелген коом катары түзүлүшүн жактоодо. Бул эки форманын айырмасы эмнеде? Канадалыктар эмне үчүн жоопкерчилиги чектелген коом үчүн аракеттенүүдө?

АК же ЖЧК

Келечектеги биргелешкен ишкананын формасы боюнча кыргыз жетекчилигинде да бир жактуу пикир байкалбайт.

Канадалыктар менен түздөн-түз сүйлөшүү жүргүзүп жаткан “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров акционердик коом түрүндө түзүүнүн артыкчылыгы тууралуу буларды билдирди:

Кумтөр алтын ишканасы.
Кумтөр алтын ишканасы.

- Биздин акционердик коом түзүүнү көздөгөнүбүздүн себеби, акционердик коом жөнүндө мыйзам бизде жакшы жазылган. Анда иш жүргүзүүнүн эрежелери толук аныкталган. Чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө мыйзам андай деталдаштырылган эмес. Биз ошол үчүн айтып жатабыз. Акционердик коом түрүндө болсо анда директорлор кеңеши, башкармалык жана башкалардын ыйгарым-укуктары толук жазылган.

Андан сырткары Кылычбек Шакировдун айтымында, эгерде акционердик коом болбой калса дагы бир маселе чыгат. Анткени кокус бир маселе чыгып, биргелешкен ишкана Мүлк фондуна өтө турган болсо, анда ага мыйзам жол бербейт. Анткени мыйзамга ылайык Мүлк фонду жоопкерчилиги чектелген коомдун ээси боло албайт.

Кумтөрдөгү биргелешкен ишкана жоопкерчилиги чектелген коом катары түзүлсө канадалыктар үчүн жөнөкөйлүк пайда болот. Ошон үчүн алар буга умтулууда, деп белгиледи Шакиров.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кумтөрдө биргелешкен ишкана акционердик коом түрүндө түзүлгөнү Кыргызстан үчүн ыңгайлуу, бирок анын дагы кемчилиги бар дейт:

- Бизге акционердик коом болсо жакшы болмок. Бирок ага дагы тоскоолдуктар бар. Эгерде акционердик коом түзө турган болсок, анда инвестициялык келишимди, банктар менен насыя келиишмдердин баарын кайра карап чыгуу зарылчыгы чыгып, бул маселе дагы эки жылга созулуп кетет.

Шыкмаматовдун айтымында, ошондуктан Кумтөрдө алтынды казып жаткан “Кумтөр голд компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун эле 50% Кыргызстандын ээлик кылганы туура жол.

Акционердик коомдун айырмасы эмнеде?

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бул маселе каралуу үстүндө экенин “Азаттыктагы" интервьюсунда билдирди:

- Муну биз ойлонушубуз керек. Өкмөт акционердик коом болуш керек дегенди тандап турат. Себеби бизде акционердик коом жөнүндө көбүрөөк жакшы мыйзамдар бар. Бирок биз ар түрдүү варианттарды изилдешибиз керек. Эгер жоопкерчилиги чектелген коом болсо, анда ЖЧК ачышыбыз керек.

Кыргызстандын мурунку юстиция министри Марат Кайыпов акционердик коом менен жоопкерчилиги чектелген коомдун айырмачылыгы тууралуу буларды билдирди:

- Жоопкерчилиги чектелген коомдун айырмачыгы - бул канча акча, капиталыңды салсаң, ошо менен гана жооп тартасың, башка жоопкерчилик тартпайсың. Акционердик коом болгондо акция чыгат. Аны дүйнөлүк биржаларда сатса болот. Ал жерде дүйнөлүк масштабда кошумча жоопкерчилик пайда болот.

Кылычбек Шакировдун айтымында, азырынча келечектеги биргелешкен ишкананы кандай формада түзүү боюнча аныктык пайда боло элек. Алар өткөн жумада Москвда Кыргызстан өзү жалдап алган "ДеЛай Пайпер" юридикалык компаниясы менен биргеликте келишимдин жоболорун талкуулады. Москвадагы талкуу учурунда “Центерранын” өкүлдөрү менен да коммуникациялык каражаттар аркылуу байланыш түзүлүп, негизги келишимдин долбоору сүйлөшүлдү. Бул келишим боюнча тараптар бир пикирге келсе, калган кошумча келишимдерди түзүүгө жол ачылат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG