Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Кумтөр боюнча орток пикир табыла элек


Кумтөр алтын ишканасы.
Кумтөр алтын ишканасы.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы кошумча келишимдердин долбоору боюнча келише албай жатат.

“Центерранын” жетекчилиги Бишкекке 25-30-август күндөрү келип кетишти. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда тараптар даярдаган келишимдердин долбоорлору талкууланды, бирок азырынча эки жак тең бири-бирине ынабай турат:

- Биз келишимдер февралда Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун негизинде болуш керек деп ошонун негизинде сунуштап жатабыз. Булар болсо башка варианттарды сунуштап жатат. Ошон үчүн бир келишимге келе албай жатабыз. Биз алардын айрым долбоорлоруна макул болбой, өзбүздүкүн сунуштадык. Алар да айрымдарына макул болгон жок. Бирок деректирлер кеңеши менен кеңешели, анан жообун берели деп Канадага алып келишти. Алар мындан ары юристтерибиз иштесин деп сунушташты. Кийинки сүйлөшүүлөрдү эки тарап жалдаган юридикалык компаниялар жүргүзөт.

“Кыргызалтындын” мурунку жетекчиси Дилгер Жапаровго ушул жылдын май айында кылмыш иши козголуп, камакка алынгандан кийин “Центерранын” жетекчилиги Бишкекке келгенден чочулап жаткан эле. Жапаров аталган компанияга 200 миллион долларды дивиденд катары мыйсамсыз которгон деп айыпталып жатат.

Техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетовдун баамында, келишимдердин долбоорлору тууралуу эң ириде коомчулукка кеңири маалымат берүү зарыл. Болбосо Кумтөрдүн айланасындагы талаш-тартыш дагы күчөшү ыктымал:

- Элге алып чыгып, “ушундай маселе болуп жатат, ушундай кылсак мынча пайда көрөбүз, ушундай иштер жасалышы керек”, дегендей маалыматтарды адегенде элге жеткириш керек. Бирок мындай маалымат берилбей жатпайбы. Себеби кен деген элдики. Акционерлерге албетте маалымат бериш керек, бирок ал экинчи маселе. Эң башкысы акционерлер ким экенин айтпай жатышпайбы, Акаевби, Бакиевби, же алардын жан-жөкөрлөрүбү, билбейбиз.

Мурунку өкмөт башчы, “Кыргызалтындын” деректирлер кеңешинин мурунку төрагасы Амангелди Муралиев тараптар каржы жана экология маселелерин боюнча келише албай жатканын айтууда:

- Жогорку Кеңештин токтомунда каржылык жана экологиялык аудит жүргүзүлүшү керек деп жазылган. Ошол маселе жылбай жатат. Ошону чечүү керек. Анткени кошумча келишимдерди түзүп жатканда Кумтөрдүн чыныгы каржылык акыбалын билүү керек. Экологиялык зыян-кесепети да так аныкталышы зарыл. Ушундан кийин гана келишимдерге конкреттүү маселелерди коюп жазуу керек.

“Центтеранын” жетекчиси Ян Аткинсон кошумча келишимдерди түзүү процесси татаал болоорун айткан. Эгер акционерлер келишимдерди колдобой койсо, бул жараян үзгүлтүккө учурарын эскерткен.

Амангелди Муралиев да акционерлердин бири. Ал 35 миңден ашуун акцияны “Центерранын” деректирлер кеңешининин мүчөсү болуп турганда сыйлык катары алган экен:

- Акцияларды бөлүштүрүп, бизге сыйлык катары берген. Мен деректирлер кеңешинин мүчөлүгүнөн бошоп кеткенден кийин тиешем деле жок болуп жатат. Кийинчерээк бул маселени чечебиз го, эгер чечиле турган болсо. Андай акциялар жалгыз эле менде эмес, “Центерранын” жетекчилигинин баарында эле бар. “Центерра” жакшы иштесин деп, кирешеси жакшы болсун, акционерлердин кызыкчылыгы болсун деген Канаданын мыйзамдарында атайын жол-жобо бар.

Ушул тушта “Кумтөрдүн” бир акциясы 6,68 доллар турат. Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимди жактырган. Ага ылайык, дагы кошумча он келишим түзүлүшү керек. Парламент өкмөткө документтерди күзгө чейин даярдоону тапшырган болчу.

XS
SM
MD
LG