Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Ишбилги өкмөт келеби?


Ак үй
Ак үй

Келерки жумада жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары мандат алып, коалиция түзүүгө, анын арты менен жаңы өкмөт курууга киришкени турушат.

Келе турган өкмөттү кимдер түзүшү мүмкүн, анын мүчөлөрүн тандоодо кандай критерийлер эске алынышы керек, министрликтерди партиялар ортосунда бөлүштүрүү туурабы, ал мыйзамдуубу, өкмөт мүчөлөрүнүн айрым орундарына чет элдик менеджерлерди тартуу орундуубу, ушул жана башка көптөгөн суроолор “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

Талкууга коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Мирлан Бакиров жана саясат таануучу Марс Сариев катышты.

Мирлан Бакиров: “Өнүгүү-Прогресс” партиясы эгер коалицияга кирип калса, биз мурдагы өкмөттүн оң жана терс жактарын таразалап, электен өткөрүп туруп, биринчи кезекте талапкердин тажрыйбасын, профессионалдуулугун, колу тазалыгын биринчи планга коюп карайбыз.

...Бүгүнкү күндө тажрыйбалуу кызматкерлер тартыш. Чынында эле ишкер, тармакты алып кетүүгө көзүбүз жеткен талапкерди партияда болбосо да сунуштоого даярбыз.

Марс Сариев: Ушул убакка чейин өлкөнүн кызыкчылыгы эмес, партиялардын корпоративдик кызыкчылыктары басымдуулук кылып келди. Өкмөттө команда да болгон жок, өкмөт башчыны да иштен алган жокпуз. Эми элиталар консенсуска келип иштеши керек. Советтер Союзу тарагандан кийин Америка менен келишип алып, “демократиянын витринасы” кылалы деп алардын колдоосу, жардамы менен жашадык. Андан кийин Кытайдан келген рэкспортко ишенип аны менен жүрдүк. Азыр Евразиялык экономикалык кирип алып, көзүбүз төрт болуп отурат. Жакында Орусияда эки бизнес форум болду, Кыргызстан бир дагы долбоор сунуштай алган жок. Ошондон улам суроо туулат да Орусия эле айта берсе, Кыргызстан качан өз алдынча, эркин сунуш менен чыга алат? Мамлекет катары өзүн көргөзө алабы, демек өкмөттүн деңгээли жөнүндө кеп болуп жатат.

Кемел Ашыралиев: “Кадрлар баарын чечет” деген сөздүн калети жок. Мектепби, районбу кадрды туура тандасаң оңолот. Азыр жаман система түзүп койдук, баарын партиялар бөлүшчү болду. Чындыгында эле премьер-министрди таза, татыктуусун таап, бардык укуктарды берип, жоопкерчиликти анан сураш керек. Эгер партиялар бул министрди мен алам, тигил губернаторлукту мен алам деп отурса, премьер-министрден эч нерсе чыкпайт. Азыр эч ким жоопкерчиликти албай жатпайбы, төрт өкмөт башчы алмашты бири жооп бердиби?

... Мен комсомолдун катардагы инструкторунан облустун губернаторлугуна чейин 12 тепкичти басып өткөм.

XS
SM
MD
LG