Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Үч фракция өкмөттүн отчетун угуп жатат (Түз эфир)


Буга чейин өкмөттүн отчетун "Кыргызстан" жана КСДП фракциялары жактырган.

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү -Прогресс" жана "Республика Ата-Журт" фракциялары 2017-2018-жыл үчүн өкмөттүн отчетун уга баштады.

Ага "Өнүгүү -Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев төрагалык кылууда. Жыйынга премьер-министр баш болгон өкмөттөн жалпысынан 80 киши чакырылган.

Жасалган иштер тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков баяндама жасап жатат. Ал 2017-жылы туруктуу экономикалык өсүш сакталып, коррупциянын алдын алуу үчүн заманбап технологиялар киргизилгенин белгиледи.

- Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” жана “Жаңы доорго кырк кадам” программалары 2017-жылы 90,1 пайызга аткарылды. Элдин мамалекеттик органдарга болгон ишеними 65,4 пайызды түзүп, көз карандысыз баалоонун натыйжасы боюнча калктын ишеним индекси мурдагы жылга салыштырмалуу 1,5% көбөйдү. Демек элдин аткаруу бийлигине карата элдин ишеними бир аз өскөн. 2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга ашты. Ички дүң продукция (ИДП) 521 млрд. сомду түздү.

Исаков 2017-жылы ар бир тармакта өсүш болгонун, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө экспорттун көлөмү 27 пайызга, үчүнчү өлкөлөргө 8% көбөйгөнүн кошумчалады.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун "Азаттык" радиосуна бул биргелешкен отурум болорун билдирген:

- Жыл сайын апрель айында өкмөт отчет берет. Фракциялар бөлүнсөк, өкмөт мүчөлөрү да чачырап, маалымат толук берилбей калып жатат. Ошондуктан, быйыл үч фракция чогуу угалы деп чечтик.

Түз эфир (1-бөлүк)

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн отчетун өткөн жумада парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген “Кыргызстан” фракциясы менен бийликтеги КСДП фракциясы жактырып, бир жыл ичинде кылган иштерин колдоого алган.

2-бөлүк

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурканбек Момуналиев, юстиция министри Уран Ахметов, мамлекеттик мүлктү башкаруу кызматынын жетекчиси Болсунбек Казаков, "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысы Айбек Калиев кызматтан бошотулган. Айрым өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланган.

XS
SM
MD
LG