Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Ооруканадагы узун кезек балдарды кыйнады


Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы. 3-декабрь, 2018-жыл.
Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы. 3-декабрь, 2018-жыл.

Бишкекте акыркы күндөрү балдар ооруканасына жана клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына сасык тумоо менен кайрылгандар эки эсе көбөйдү. Балдарын көрсөткөнү келген ата-энелер дарыгерлердин жетишсиздигинен кезек күтүп жатышканын айтып, нааразы болууда.

Кызбурак - Бишкек шаардык №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына кызын көрсөткөнү келип, узун кезекте тургандардын бири.

- Кезек күтүп турганыма бир саат болуп калды, - дейт ал. - Ооруган балдар да көп. Дарыгерлер кандай кабыл алып жатышканын деле билбейм. Бир-эки киши кирген. Алардын чыкканы деле байкалбайт. Дарыгерлерге көрүнүш үчүн келгендер да, ооруканага жаткандар да көп.

Кызбуракка окшоп ооруканада кезек күткөн балдар менен ата-энелердин катары калың. Айрыкча акыркы күндөрү ооруканага келген бейтаптар эки эсе көбөйгөн. Маселен, адатта бир күндө 200дөн ашык бейтап кайрылса, азыр 500дөн ашып кетти. Арасында кулагы ооруган жана дене табы көтөрүлүп келген балдар көп. Дарыгерлер муну жылда ноябрь, декабрь айларында боло келген көрүнүш катары баалашат.

Бирок балдарын көтөрүп алып кезерип кезек күткөн ата-энелер маселенин чечилбей келе жатканына нааразы. Кезек күткөндөрдүн бири Бактыгүл апа буларды айтты:

- Кызыбыз шал оорусу менен ооруйт. Дене табы көтөрүлүп ооруканага жатканбыз. Бир сааттан ашып калды. Ошондон бери отурабыз. Кезек азаймак түгүл кайра көбөйүп атат. Дарыгерлер бир сырттан келгендерди, бир ооруканада жаткандарды алмак-салмак көрүп жатышат.

Ооруканада кезек күткөндөрдүн арманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Бишкек шаардык №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, кайрылган бейтаптардын 80 пайызы багыттама кагазы жок келишет. Оорукана алардын Бишкекте каттоосу бар-жогуна карабай кабыл алат.

Кезекте тургандардын дагы бири Назгүл ооруканада оорулууларды кароо тартиби начар экенин белгиледи:

- Ооруканада жаткандар менен сырттан келгендерди кароону бир эле кабинетке кылып коюшуптур. Ооруканада жаткандар кезексиз кирип кетип эле, бизге кезек жетпей калып жатат. Ушуну эки башка кылып коюшса болмок. Мына азыр кичинекей балдар менен эзилип отурабыз. Кабинеттин ичине да кирип көрө элекмин. Кирип чыккандар “бир эле дарыгер карап атат” деп айтышууда.

Шаардагы балдар ооруканасында жалпысынан 12 оорунун түрүн караган 12 бөлүм иштейт. Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Даниярбек Шайбеков “бейтаптар убара болбосун” деп бардык бөлүмдөр бир имаратта жайгашканын белгилеп, бирок дарыгерлер аларды карап жетишпей жатканын моюнга алды:

Даниярбек Шайбеков.
Даниярбек Шайбеков.

- Бизде күнү-түнү дебей 16 дарыгер иштейт. Беш хирург, экөө реанимацияда, эки травматолог, эки педиатр, ЛОРдо да дарыгерлер бар. Бардык эле дарыгерлер иштеп жатканы менен жетише албай жатабыз. Бирок педиатрлар жетишпейт. Айлык аз болгондуктан жаш дарыгерлер бир-эки жыл эле иштеп кетип калып жатышат. Ачыгын айтканда, кезек күткөндөр да болуп жатат.

Аягы көрүнбөгөн кезектен үмүт үзгөн балалуу шаар тургундары менчик ооруканалардын эшигин кагып жаткан кези. Айрым тургундар “мамлекеттик мекемедеги кырдаалды менчик ооруканалар өз пайдасына иштетип жатат” деп нааразы.

Маселен, шаар тургуну Талант жубайы менен сөз болуп жаткан ооруканага кызын көрсөтүш үчүн барган. Аталган ооруканада бейтаптар көп болгондуктан, кезек күткүсү келбегендер үчүн жакын жерде жеке менчик оорукана 200 сомдон балдарды көрүп жатканын угуп, ошол жакка баш баккан.

- “200 сомдон көрөт” деп барсак, 350 сомго көтөрүп жиберишиптир. Анткени эшикте кезек күткөн эл көп болуп кетти. Жубайым дарыгерге кирип: “Бала жөтөлүп жатат. Түнү менен дене табы түшкөн жок”, - десе, ал кызымды бир аз карап туруп эле: “Анализ тапшырып, эртең келгиле”, - деп койгон. Анализден өтүш керек экенин биз деле билебиз да! Келинчегим: “Анализ тапшырууга муктаждык барбы?” - десе: “Эми өзүңөр үчүн өтүп койгула да”, - деп айтыптыр.

Ал эми шаардагы балдар ооруканасынын жетекчилиги бейтаптарды жеке менчик ооруканаларга жиберүү боюнча багыттама кат бере алыбай тургандыгын билдирди.

Узун кезек Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында да бар. Бирок инфекциялык ооруканада №3 ооруканага салыштырмалуу элдин саны азыраак экен. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптар кечки бештен тартып көбөйөт экен. Алар мунун себебин жаш балдардын дене табы ушул маалда көтөрүлөрү менен түшүндүрүштү.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиев кезек күтүүнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

Гүлжигит Аалиев.
Гүлжигит Аалиев.

- Биз күнү-түнү, дем алыш күндөрү жана майрамдарда да иштейбиз. Муну баары эле билгендиктен бизге кайрылгандар көп. Ооруканада атайын журнал бар. Бейтап качан келгени каттоого алынат. Биз дароо эле жаш балдар менен чоң кишилердин дене табын өлчөйбүз. Эгерде жогору болсо аларды биринчи караганга аракет кылабыз. Андан тышкары кеңеш алуу үчүн келгендер да бар.

Алиев кеч күздө жана кыш мезгилинде сасык тумоо, дем алуу органдарындагы инфекция менен жабыркап кайрылгандар көбөйөрүн белгилейт. Маалымат боюнча инфекциялык ооруканага 2-декабрда 263 адам кайрылып, алардын 69у ооруканага жаткырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG