Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:52

Мектептеги тазалык көзөмөлдөбү?


ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, колду самындап жууса, беш жашка чейинки балдардын ич өткөк (диарея) оорусун 50%, аба аркылуу жугуучу (респиратордук) ооруларды 25% төмөндөтөт экен. Ал эми Кыргызстанда мектептердин 39% кол жуучу каражаттардын тумалак эле жоктугу далилденген.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Санэпидем көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов, Билим берүү жана илим министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров, Алай районунун Сары-Таш айылындагы 39-мектептин директору Айымбү Капарбекова.

“Азаттык”:
Мектептерде кол жуучу каражаттар жок экени айтылды. Сиздин мектепте бул маселени кантип чечип жатасыздар, Айымбү айым? Окуучулардын колун жууганга шарт түзүлгөнбү?

Айымбү Капарбекова: Биздин мектепте ооруканага жеткирбей өзүн өзү кароо, ден соолугуна кам көрүүгө жакшы көңүл бурулууда. Мисалы, өздүк гигиенаны сактоо үчүн окуучуларга дааратканадан келгенде кол жуучу каражаттар, самын коюлган. Кол жууп, сүлгү менен арчыгыла деп дайыма эскертилип турат. Ага окуучулар деле көнүп калды.

Мектепте 230 окуучу бар. Аларга 12 кол жуучу каражат коюлган. Андан сырткары 1-4-класска чейинки окуучулар шашке тамагын ичишет. Аларга дагы жетишерлик каражат бар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Азаттык”: Албетте мектепте китеп, ремонт, дагы башка көп маселелер бар. Бирок баары тазалыктан башталат дегендей, министрлик дагы ушул маселеге көңүл бурушу керекпи?

Кеңешбек Сайназаров: Бул бир эле мектепке же министрликке жүктөп койо турган маселе эмес. Бул бардык коомчулукка тиешелүү нерселер. Эң негизгиси үй-бүлөдөн баштала турган маселе.

Мен жакында эле беш регионду кыдырып, өзгөчө башталгыч класстардагы окуу процесси боюнча карап келдик. Анда алыскы райондордо да кумгандарды коюп, кол жууп жатканын көрдүм. Бул маселени айлана-тегеректегилер менен бирге чечиш керек.

“Азаттык”:
Нарындан кабарчыбыз Токтосун Шамбетов окуучуларга мектепте кол жууйсуңарбы, каражаттар жетиштүүбү деген суроону узаткан эле. Окуучулардын көбү “жуубайбыз деле”, “суукта муздак сууга жуугубуз келбейт” деп жооп беришти. Зуридин мырза, колду таза жуубагандан кандай оорулар жугат?

Зуридин Нурматов: Колду жуу мурдатан келген кыргыз элинин салты. Оң жагынан баштап колго суу куй дейт, конок келгенде кумган, чөйчөктөр менен суу куюп, сүлгү сунган мурдатан салт болуп келет.

Экинчиден, ар бир адам кол жуугандын кереги барбы, жокпу деп ойлонуш керек. Ошондо ата-эне да кол жуугандын жакшы жактарын айтып үгүттөчү.

Алсак, жугуштуу оорулардын 60-70% кол жууганга байланыштуу. Ошол эле ич келте, дизентерия, ич өткөк, жалпы эле ичеги-карын, сарыктын А түрү, жадагалса сифилис, кычыткы ооруларынын бардыгы ушуга байланыштуу. Ошондуктан ата-эне кол жуугандын маанисин көбүрөөк айтса жакшы болмок.

Экинчиден, жашап же окуп жаткан жеринде шарт барбы деген маселе да турат. Эң негизгиси тамак ичердин алдында сөзсүз түрдө колун самындап жууш керек. Жууганда да кандай сууга жууйт, ал да маанилүү. Мисалы, азыр пахта, түшүм жыйноо иштери жүрүүдө. Талаадагы жаман сууга жууган менен колу таза болуп калбайт. Ал эми беш жашка чейинки курактагылар арасында ичеги-карын оорусу менен ооругандар 3-5 эсе көп кездешет. Ал эми 1 жашка чейинкилер 15-20 эсеге көп учурайт.

XS
SM
MD
LG