Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:55

Бишкектеги Улуттук онкология борборунун жетекчиси 2009-жылдан бери шайлана элек. Буга дарыгерлер арасында бир пикирдин жоктугу себеп болууда. Жарандык коом өкүлдөрү жетекчини сынак аркылуу тандоо жолун сунуштап жатышат.

Улуттук онкология борборундагы директор тандоого байланышкан талаш-тартышка сегиз жылдан бери чекит коюлбай турат. Бул маселе 22-майда борбордун өзүндө Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана Саламаттык сактоо министрлигинин адистери, дарыгерлердин катышуусунда талкууланды. Жетекчи шайлоо маселесинен улам мекеменин кесиптик жамааты бир нече топко бөлүнүп калганы белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев Онкология борборуна жетекчини тандоо өлкө президентин тандоодон дагы кыйын болуп калганын айтат:

- Шайлоо боюнча абдан көп чыр чыгып жатат. Ошондуктан жетекчини Саламаттык сактоо министрлиги дайындап, бекитиши керек деп ойлойбуз. Бейтаптын туугандары аны сактоо үчүн акча аябай турганы ачык эле сөз. Баарын акча чечерин ачык эле билишет. Онкологияны айыктыруу үчүн көп акча керек. Дарылары кымбат, ошол себептүү мыйзамсыз жолдор болуп жатат.

Тилеков: Онкология институту жаңыланууга бет алды

Көп жылдардан бери директору улам алмашып, туруктуу башчысы жок келе жаткан Улуттук онкология институтуна профессор Эрнист Тилеков директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Онкология борборунун жетекчиси кызматы үчүн соңку шайлоодо төрт талапкер: Бактыгүл Султангазиева, Накен Касиев, Мукаш Бейшембаев жана Турусбек Абдылдаев ат салышканы менен алардын бири дагы жетиштүү добуш топтой алышкан эмес. Эреже боюнча борбордун башчысы шайлоо аркылуу тандалып, көп добуш алган талапкердин бирин өкмөт дайындоого тийиш. Жыйында дал ушул жободон улам нааразылык келип чыкканы айтылып, жетекчини сынак аркылуу тандоо сунушу берилип, аны көпчүлүк дарыгерлер кубаттады.

"Ракка каршы бирге турабыз" коомдук фондунун жетекчиси Гүлмира Абдыразакова да мекемедеги маселени чечүүнүн жолун ачык сынак өткөрүүдөн көрөт. Ал Онкология борборунда көп жылдан бери топтолуп, чиеленген көйгөйлөрдүн, жетекчи шайлоодогу ача пикирлердин түпкү тамыры коррупцияга барып такалганын айтат:

- Бул жерде көптөгөн түйүн бар. Мамлекет онкологияга көп жылдан бери көңүл бурбай, ушундай акыбалда турат. Каржылоо да начар болду. Ошентип онкология өзү менен өзү болуп, коррупцияга батып калды. Директордун шайланбай жатышына да дал ушул коррупция себеп. Бул жерде коррупциялык топтор түзүлүп, бири-бирин колдобой жатышат. Алар талапкердин адистигин караган жок, өздөрүнүн кызыкчылыгына маани беришүүдө.

Рак оорулуу балдардын убалы кимге?

Республикалык онкология борборунун балдар бөлүмү рак илдетинен жабыркаган балдарды дарылабай эле өлтүрүп жатат деген мазмундагы Саламаттык сактоо министрлигине жолдонгон ачык кат массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тарады.

Жыйында да онкология тармагы бейтаптарды дарылабай эле, элден акча соргон мекемеге айланып калды деген сындар айтылды. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова дарыгерлерди сынга алып, өзгөчө балдар бөлүмүндөгү көптөгөн алешемдиктерге токтолду:

- Жыл өткөн сайын рак илдетине чалдыккандардын өлүмү көбөйүүдө. Биздин иликтөөбүздө өлүм дарттын өзүнөн эмес, туура эмес дарылоодон болуп жатат. Мен буга Атай Нарынбековду мисал келтирип берем. Аны президенттин жардамы менен Италияга жибергенбиз. Ал жактан ага Кыргызстанда туура эмес диагноз коюлганы аныкталып дарыланды. Бул факт. Силер эл үчүн иштешиңер керек. Бирок силерде ар дайым бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат.

Депутаттын мындай сыны дарыгерлердин нааразылыгын жаратты. Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Эрнист Тилеков эл өкүлүнүн айтканына кошулбайт. Ал кол алдындагы кызматкерлер колдон келишинче иштеп жатканын айтты:

- Сиз эмоция менен айттыңыз окшойт. Менимче бул этикага туура келбейт. Биздин медиктер болгон аракетин жумшап жатышат. Биздин доктурлар эл аралык чөйрөдө таанылган протоколдордун негизинде иштешет.

Дарыгерлер ооруканаларда пара алган учурлар бар экенин моюнга алышып, ошол эле кезде бардык кызматкерлер текши акча алат деген туура эместигин айтышты. Аз айлык менен иштеп жатышканын белгилешип, бийликти медицина кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүгө чакырышты.

Каражат тартыш жана реформа жасоо зарыл деген жүйө менен быйыл январда өкмөт Улуттук онкология жана Гематология борборун бириктирип, февралда Эрнист Тилеков директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Министрликтин чечими менен анын мөөнөтү дагы үч айга узарды.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Улуттук онкология борборунда 25 миң адам залалдуу шишик оорулары менен каттоодо турат. Алардын үч миңден ашууну балдар. Өлкөдө жыл сайын беш миңдей кишиге рак илдетинин диагнозу коюлат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG