Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Кыргызстанда бала үнүнө зар түгөйлөр көбөйдү


Кыргызстанда тукумсуздук проблемасы күч алганы айтылууда. Мисалы, өткөн жылдын тогуз айында эле балалуу боло албай жүргөн 805 аял шаардагы адамдын репродукциясы борборуна кайрылган. Адистердин пикиринде, жаштардын өз саламаттыгына кайдыгер мамилеси жана үй-бүлөнү пландоо боюнча маалыматтын жетишсиздиги тукумсуздукка себеп болууда.

Бермет азыр 24 жашта. Турмушка чыкканына беш жыл болгон. Ошондон бери жолдошу экөө наристенин жытын искей элек. Улам бир дарыгерге барып, текшерилген менен майнап чыкпай келет. Айласы кеткенде тааныш-билиштердин айтканы менен өз алдынча да дарыланууга өткөн.

- Бир жылдан кийин эле дарыгерлерге көрүнүп, аракет кыла баштадым. Баары эле “жакшынакай элесиң, төрөйсүң” деп коюшат. Бирок болгон жок. Кыргызчылык кылып да көрдүм. Бирөөлөр айткан "ичиңе банка кой" деп, аны деле жасап көрдүм. Эч нерсе жок. Гинекологдор баары эле жакшы дешет. Себеби табылбай койду. УЗИге да түшкөм.

Ый менен тигилген кийим

Бала үнүнө зар болгон Бермет азыр ар кандай ырым-жырымдарды карманып, ымыркайлардын кийимдерин чогулта баштаган. Балким, бала жыттанган кийимдер да эбепке себеп болуп калаар.

- Кичинекей балдардын кийимдерин, топуларын ала берем. Мен да ушундай наристелүү болоюн деп ойлойм. Бир аяшым эжесине мен жөнүндө айткан экен. Ал эжеси өзү да мендей болуп жүрүп, анан тилек кылып, ыйлап отуруп кичинекей баланын кийимин тигиптир өз колу менен. Ошол кийимдерди ырымдап, мага берип жибериптир. Аны алдым. Базарга барган сайын кичине баланын байпактарын сатып ала берем ырымдап. Бирок кайненем андай кыргызчылыкка ишене бербейт. “Догдурга эле бар, антпесең төрөбөй каласың” дейт.

Берметти үйдө эч ким деле күнөөлөп, кодулабайт. "Бирок сыртынан сыр бербегени менен үйдө ымыркайдын ыңаалаган үнүн баары эле чыдамсыздык менен күткөнү кадимкидей эле сезилет",-дейт Бермет.

Германияда балалуу болгусу келген жаштар атайын курстан да өтөт.
Беш жыл бою ал жалгыз өзү гана дарыланып жүргөн эле, эми аны менен кошо жолдошу да текшерилүүгө макул болгон. Шаардык перинаталдык борбордо иштеген акушер-гинеколог-эндокринолог Элвира Кадыркулованын айтымында, ага күнүгө Бермет сыңары 4-5 келин ажаат ачабы деген үмүт менен кайрылат. Көпчүлүк учурда ортодо бала жоктугунан ажырашууга жетип калган бүлөлөр келишерин айтат Кадыркулова:

- Өткөндө бир келин кайрылды. Кайын тараптары, кайнежелери ага атайы бир мөөнөт беришиптир. Ошол мөөнөт ичинде төрөбөсөң, балабыздын башын бошот деген экен. Ыйлап келди. Көбүнчө кыргыздарда ошондой да, кайын тарап түшүнбөйт. Дароо эле күнөө аялда деп ойлошот. Бирок тукумсуздуктун себеби аялда гана эмес, эркектерде да ошондой эле пайызда кездешет. Бирок эркектер текшерилгиси келбейт да. Келинчегин текшерип, баары жакшы деп эле анан жолдошун текшере келгенде аспермия, гипаспермия болуп чыга келет. Анан аны дарылоого эле ошентип бир жарым жыл убакыт өтүп кетип калат.

Ден соолукту сактагыла!

Адистин айтымында, жаштардын өз жанына кайдыгер мамилеси, үй-бүлөнү пландоо боюнча маалыматтын аздыгы тукумсуздукка алып келчү негизги себептер болуп саналат. Мектепте, окуу жайларда, кийин иштеген жеринде мурункудай профилактикалык текшерүүлөрдүн жоюлуп кеткендиги, анын менен кошо ар түрдүү инфекцияларды көбөйгөндүгү да өз кесепетин тийгизе баштады.

- Мурун мектепте, жогорку окуу жайында, мекемелерде атайын профилактикалык текшерүүлөр болуп турчу эле. Азыр ал штаттар кыскарып кеткен. Анан чет мамлекеттерде жаштар үй-бүлө курарда сөзсүз текшерилишет. Бизде андай жок. Кыздардын организминде жаш кезинде бир терс өзгөрүүлөр болуп калса, ал билинбей жүрө берип, анан үй-бүлө курганда билинип жатат. Эркек балдардыкы деле ошондой болуп калат. Тукумсуздукту дарылоо үчүн комплекстүү, атайын схеманын негизинде дарыланыш керек. Өз учурунда туура диагноз коюлса, тукумсуздукту алдын алса болот. Мурун биз гонорея, трихомонад деген гана инфекцияларды билсек, эми хламидия, герпес, микоплазма деген өңдүү толгон инфекциялар чыкты. Эркектер дарыланбайт. Келинчеги дарыланганы менен кайра эле жашаганда инфекция биринен бирине берилип, дарылоонун пайдасы жок болуп калат.

Бала жытын эңсегендердин тилеги кабыл болсун!
“Балалуу болом” деген үмүт жетелеп келген Бермет эгер буйрук болуп калса, төрт баланы удаа төрөп алам деген тилеги бар экен. Атургай биринчи ымыркайына ат тандап койгон.

- Эки бала, эки кыздуу болгум келет. Анан биринчи баламды Бакыт деп атамакмын. Бактылуу болсун депчи. Мээримдүү эне болмокмун. Ошону тилек кылып жатам. Балдарымды такыр урушмак эмесмин.

2009-жылы Кыргызстан боюнча төрт миңге чукул төрөй албаган аял катталган. Ал эми 2010-жылдын тогуз айында бир эле Бишкекте ушундай көйгөй менен 805 аял кайрылган. Эмне демекчибиз, "койон жылынын тилеги жакшы дешет, бала көрбөгөндөр балалуу болушсун",-деп бата берели.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG