Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

1991-жыл, 31-август: Өлкө тагдыры чечилген күн


Кыргызстандын легендарлуу парламенти да ошол учурда Ак үйдө иштеген.
Кыргызстандын легендарлуу парламенти да ошол учурда Ак үйдө иштеген.

Мындан жыйырма жыл илгери 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган.

Ошондон тарта Кыргызстан өзүн эркин, эгемен жана көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.


“Көз карандысыздык” декларациясы кандайча алынган?


Легендарлуу парламенттин депутаты, драматург Мар Байжиев мындан жыйырма жыл мурдагы окуяны эскерип, ал күнү чексиз кубанганын айтат:

- Ал күнү абдан кубандык да. Анткени, Манас атабыз кеткенден кийин 1200 жыл эгемендикке жетпей, зарлап жүрбөдүкпү, улам бир чоң мамлекеттин, эл журттун астында калып. Ошон үчүн ал күнү аябай сүйүнгөнбүз, Кудай буйруса жакшы болот деп. Өзүнчө эле майрам болгон.

1991-жылы 27-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 31-августта кезексиз жыйынга чогулуу боюнча токтомун чыгарган. Ага дейре, 23-августта Кыргызстандын демократиялык күчтөрү Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча кайрылуу менен чыгууга да үлгүргөн эле. Ошентип, 31-августта ал чакырылыштын депутаттары 6-кесексиз сессияга чогулушкан.

Легендарлуу парламенттин депутаты, жазуучу Казат Акматов 31-августта парламентте “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алууда кыйынчылыктар болгондугун белгиледи.

- Өзүнчө эгемендүү мамлекет болушка макул эмес депутаттар аябай көп эле. Алар коммунисттер болчу. Оозеки сөздө "кызылдар" анан "көктөр" деп бөлүнчүбүз. Ошол кызылдар легендарлуу парламентте 70 пайыздан ашык болчу. Алардын көпчүлүгү ошол коммунисттик доорду эңсеген, совет доорундагы депутаттар эле. Ошону менен абдан кыйналып жатып, 31-августта араң-араң өткөргөнбүз, араң-араң...


Ошол кездеги биринчилер эмне дейт?


Бул кезде Аскар Акаев Кыргызстандын президенти, Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин төрөгасы эле. Медеткан Шеримкуловдун “Азаттыкка” берген маегиндеги бул туралуу оюн ортого сала кетели.

-1991-жылы 31-августта биз Кыргыз Республикабызды эгемендүү, көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяладык. Ошол жыйырма жылдан бери Кыргыз мамлекети болуп келатат.

Ал эми Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев ал күндү өзгөчө сыймыктануу менен эскерип, өлкөнүн жаңы тарыхындагы бурулуш окуя катары сыпаттоодо.

-31-август - бул кыргыз калкынын жаңы тарыхындагы, жаңы доорундагы өзгөчө күн болду. Ал күнү мен кыргыз калкынын өкүлү-президенти катары Жогорку Кеңеш менен бирге “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алдык.


Жыйырма жылдагы ийгиликтер жана кемчиликтер


Кыргызстандын учурдагы президенти Роза Отунбаева болсо, бүгүн (31-августта) Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанатта сүйлөп жатып, жыйырма жыл мурдагы тарыхый окуяга мындайча бааасын берди.

- Мындан туура жыйырма жыл мурда 1991-жылдын 31-августунда дүйнөнүн саясий картасында жаңы мамлекет, эгемендүү Кыргыз Республикасы пайда болгон. Ошол август күндөрү биз эркиндикти жана көз карандысыздыкты тандап алганбыз.

1991-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишкен. Тарыхчылардын айтымында, бул кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келаткан тилеги эле.

Ал эми байкоочулар канчалык оор жана азаптуу күндөр болгондугуна карабай Кыргыз мамлекети өлкө катары жашап кета алганын айтышууда. Мындан тышкары, Кыргызстан жыйырма жыл аралыгында чоң жоготууларга дуушар болуп, ошол эле кезде эбегейсиз ийгиликтерди багындыра алган.
XS
SM
MD
LG