Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Маданият менен тарыхка "жол бошоду"


Быйыл өлкө эгемендигинин 25, Үркүндүн 100, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы өңдүү ири тарыхый жана маданий окуялар болот.

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо тууралуу атайын токтом кабыл алды.

Документке өлкө эгемендигинин 25 жылдыгын уюштуруу комитетин түзүү каралган. Бул комитетке ошондой эле тарых жана маданият жылын белгилеп өткөрүү тапшырмасы берилди. Мындан улам тарыхты жана маданиятты изилдөө, жайылтуу, руханий мурасты, материалдык маданияттын эстеликтерин сактоо, коргоо, аймактардын маданий өзгөчөлүгүн калыптандыруу, маданий мурас, табериктерди коргоону жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорду даярдоо, мекен таануунун алкагында ички туризмдин каттамдарын өнүктүрүү, окуу китептердин, окуу куралдардын, илимий-популярдуу басылмалардын даярдалышына шарт түзүү, тарых жана маданиятты окутуунун усулдарын жакшыртуу өңдүү бир катар иштер жасалмакчы.

Премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, 31-декабрда өкмөт жыйынында тарых жана маданият жылында бул тармакка көңүл буруу күчөтүлөрү айтылды:

- Темир Сариев азыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан ар кандай терс окуялар, маселен, терроризм, экстремизм сыяктуу коркунучтарга маданиятты өнүктүрүү менен каршы туруу мүмкүндүгүн айтып, быйылкы жыл мындан улам тарых жана маданият жылы деп бекеринен жарыяланбаганын билдирди. Буга байланыштуу аймактагы маданий жайларды оңдоо, абалын жакшыртуу, ошондой эле чыгармачыл жамааттардын өнөрлөрүн аймактарды кыдырып көрсөтүүсүнө шарт түзүү боюнча Маданият министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Быйыл 1916-жылдагы кандуу окуяга жүз жыл толот. Былтыр Алмазбек Атамбаев кылым карыткан каргашалуу окуяны мамлекеттик деңгээлде белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон эле. Анда "Үркүндүн себептери менен кесепеттери тарыхый жактан адилет баасын алышы керек" деп жазылган.

Август айында президент “Ата-Бейит” көрүстөнүндө Үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплекс куруу боюнча жарлык чыгарган. Ага ылайык, бул комплекс быйыл курулуп бүтүшү керек жана өлкө эркиндиги, эгемендиги үчүн жанын берген инсандарга таазим кылуунун, тарыхый доорлордо мамлекеттүүлүк идеясын туу туткан, аны ишке ашырган элдин эрдиги менен сыймыктана турган жер болушу керек.

Саясат таанучу, тарыхчы Аалыбек Акунов тарых жана маданият жылы деп жарыялоо тууралуу чечимди бул тармактын өкүлдөрү кубаттап жатканынан кеп салды:

- Бул жерде негизги көңүлдү тарых илимин, тарых билимин, маданиятты көтөрүүгө көңүл буруу керек. Анткени буга чейин экономика, бизнес деп эле келдик. Азыр эми руханий маданиятка да көңүл бурула турган учур келди. Быйылкы жылдын тарых жана маданият жыл деп жарыяланышын абдан кубаттап кабыл алдык. Жарлыкта тарыхчыларга, маданият кызматкерлерине материалдык жактан, руханий жактан колдоо көрсөтүлсүн деп да так көрсөтүлгөн экен.

Быйыл ошондой эле Кыргыз АССРинин 90, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнө 80 жыл толот.

Тайлак баатырдын 220 жылдыгы менен кошо залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленмекчи. Президенттин жардыгында бул инсандар жана окуялар кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон жана элдин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар деп жазылган.

XS
SM
MD
LG