Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Ормон хандын триумфу жана трагедиясы


19-кылымдагы кыргыз тарыхында сарбагыш урууларынын лидери Ормон хан өзгөчө орунду ээлейт. Эл оозунда “Кызыл тебетей” деген атка конгон, батылдыгы да, баатырдыгы да бар, ошону менен бирге абдан айлакерлиги менен айырмаланган Ормон хан 19-кылымдагы эч качан ич ара биримдикке келе албаган кыргыз төбөлдөрүнүн күчтүүсү, ошону менен бирге эң эле типтүүсү десек эч бир жаңылбайбыз го.

“Күчтүүсү” деп атаганыбыздын себеби, жалпы кыргыздын башына иш түшкөндө Ормон хан эч качан эч нерседен тартынган эмес жана ар качан жан аябай күрөшкөн.

“Типтүүсү” дегенибиз - канчалык баатыр, айлакер болсо да баары бир көлдүк бугулар менен сарбагыштардын узак жылдарга созулган чабышын токтотууга кудурети жеткен эмес. Ошол чабыштардын айынан акыры өмүрү кыйылган. Эч качан бүтпөгөн кун куумай, барымтага алмай, араздашуулар жана кайра жарашуулар бир муундан экинчи муунга өтүп улана берген. Бул тарых башка жерлерде жашаган кыргыз урууларына да мүнөздүү болгонун эскерте кетели.

Ырас, ич ара ынтымагы жок кыргыз уруулары кокус сырттан жоо келсе, же жалпыга коркунуч туулса, дароо баш кошуп, бир колго топтолуп, катылгандын катыгын берген эл болуптур. Бул тууралуу 19-кылымдагы кыргыздардын кулк-мүнөзүн, маданиятын тыкыр изилдеген орус окумуштуусу академик В.Радлов өз эмгектеринде бир нече жолу белгилейт.

Маселен, жай бою жайлоодо жашап, кышында Чүй суусун тегеректей кыштаган кыргыздар тууралуу жазып келип, академик Радлов "демейде ички ыр-чырдан башы чыкпаган кыргыз уруулары сырттан душман келди дегенде дароо бириге калып, заматта найзага ыктуу, кылычка шыктуу жигиттери ортого чыгып, аттарынын куйругун түйүп, көкүлүн шүйүп, жоо-жарагын шайланып, урушка аттанат" деп айткан жери бар.

Маселен, ошол сыяктуу улуттук баш кошуу көрүнүшү 1847-жылы казактын ханы Кененсары менен Ноорузбай баатыр кыргыздарга кол салганда байкалган. Чүй боорунда жашаган кыргыз уруулары жардам сурап кайрылганда Ысык-Көл менен Нарынды жердеген мекендештер дароо жардамга келип, тынч жаткан калкка кылычын сунуп, калайманды салгандарга катуу сокку урулган. Демейде ымалага келе албай, ар качандан бир качан бири-биринен кун доолап, биринин малын экинчиси тийип, уруш менен чабышта жашаган сарбагыштар менен бугулар да жардамга келип, эзелтен бир туугандыкта жашаган казак менен кыргызды кагыштыргысы келген Кененсары хан менен Ноорузбай баатыр жогоруда аталган Ормон хандын колунан ажал тапкан.

Ормон хан тууралуу сөз болгондо баса белгилеп айта кете турган дагы бир нерсе бар. Ормон хан ич ара ыркы жок кыргыз урууларын баш коштуруп, баарына бирдей хан болоюн, лидер болоюн деген аракетти да жасап көрүптүр. Кытайлык кыргыздардан чыккан атактуу манасчы жана санжырачы Жусуп Мамай атабыздын жазганына таянсак, Ормон 1840-жылы азыркы Балыкчынын жогору тарабына кыргыздардын баш көтөргөн жакшыларынын баарына шашылыш түрдө кабар айттырып, чакыртып алат. Максаты - эптеп элди бир ыкка көндүрүп, кандай айла-амал болсо да өзүн жалпы кыргызга бирдей хандыкка көтөртүү болгон экен.

Бул окуя тууралуу биздин заманга чейин жеткен маалыматтар абдан эле ар түрдүү. Кээ бир булактарда “кыргыздар биримдикке келген, чындап эле Ормон баатырды хандыкка көтөргөн” деп айтылса, кээ бир булактарда "хан болуп шайланыш үчүн Ормон бугулар менен сарбагыштардын эч качан бүтпөгөн жаңжалын атайлап шылтоо кылган" деп белгиленет. Айтор, Ормон баатырдын бул аракетин кантсе да улуттук баш кошуунун маанисин аз болсо да түшүнүү, ошого карата эң биринчи аракеттерди жасоо деп бааласак туура болот го.
Ушул жагынан алып караганда Ормон хандын инсан катары тагдыры абдан типтүү тагдыр, азыр да сабак боло турган кейиштүү тагдыр десек эч бир жаңылбайбыз. Ормон хандын тагдыры, эгер элестүү айтсак - бул триумф жана трагедия, жеңиш жана жеңилүү.

Өмүр жолунда жасаган бир катар улуттук маанидеги эрдиктерине карабай, Ормон хан кыргыздардын ич ара чабышында каза болгон. Башкача айтканда, тышкы душмандардын колунан эмес, ички араздашуунун айынан мерт болгон. Ормон баатырдын, жалпылай айтсак, жалпы кыргыз элинин трагедиясы мына ушунда жатат. “Манас” эпосунда эл атасы, журт медери Манастан айрылып, катуу күйүттө калган хан Бакайдын арман кылып айткан мындай бир укмуштуудай сөздөрү бар эмеспи:

Кабылан Манас барында,
Калмак менен кагышып,
Өлбөгөн жерде калышып,
Ошондо өлбөй не болдум.

Анын сыңары хан Ормон сырттан келген жоо менен кармашта эмес, кыргыздардын ички кагылышында азыркы Түптүн баш жагында баткакка батып, астындагы атынан ажырап жөө калганда найзадан өлүм тапкан.

Бугуларга турмушка чыккан кызы Гүланданын колунда катуу жарааттан кансырап, түн ортосунан ооп, жылдыз толгондо дүйнө салган. Хан Ормондун турмушу жана тагдыры - бул триумф жана трагедия дегенибиз да ошондон эле.

Албетте азыркы замандагы кыргыздын жаңы муундары үчүн бул сыяктуу тарыхый баяндар эски замандын кейиштүү элестери, актуалдуулугун эбак жоготкон легендалары сыяктуу угулушу толук мүмкүн. Бирок “Тарыхтын эң маанилүү таалими - анын сабактары” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары эскинин сабактарын ар дайым эске ала жүрбөсөк, жаңы замандын керегесин жакшылап тикелей албай калышыбыз толук ыктымал. Ошондуктан Ормон хан сыяктуу бабаларыбыздын тагдырын ар дайым эстеп, эрдигин эстен чыгарбай, Бишкекте коюлган атчан эстелигинин жанынан ар дайым таазим кыла өткөнүбүз туура болот.

XS
SM
MD
LG