Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Айткулов: Кол салууну бийлик уюштурду


13-ноябрда белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолгон адвокат Икрамидин Айткулов өзүнүн сабалышын саясатка байланыштырды.

Бишкек шаардык травматология борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, Айткуловдун баш мээси чайкалып, сол буту сынган. Бети-башы көгала болуп, реанимациядан жаңы чыккан адвокатты жалпы палатада жаткан жеринен кепке тарттык. Биз барган учурда жактоочуну милиция кызматкери кайтарып турган экен.

Айткулов сабалгандан кийин милиция өзүнүн булактарына таянып, адвокаттын жанынан 10 миң доллар, 7 миң сом жана чөнтөк телефону тонолгон деп маалымат таратып, бул иш саясатка тиешеси жок, жөн гана талап-тоноочулук деген өңүт берди.

Ал эми Икрамидин Айткулов өзүнүн сабалышын кесиптик ишмердигине байланыштырууда.

- Сабагандар менин адвокат болуп иштешимди каалабагандар. Алар менин ишмердигиме чекит коюш үчүн бутумду атайын сындырышты. Муну мен аралашып жүргөн чуулгандуу иштердин уланышын жактырбагандар жасады. Кол салгандар мени тоногусу келсе, жыга чаап, акчамды тартып алмак да. Булар бутумду чебердик менен атайын сындырышты.

Бишкек ШИИБинин маалыматына ылайык, Айткуловдун сабалышы боюнча каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылып жатат. Айткулов болсо бул иш каракчылык эмес экенин айтып, тергөө тобуна адвокаттын кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоого өтүнүч келтирген.

Дооматтар четке кагылды

Икрамидин Айткулов кол салуунун артында саясий буйрутма турат деген пикирде. Ал Башкы прокуратура жана УКМК мыйзамсыз иштерди жасап жатса да, Атамбаев канатына калкалап жатат деп нааразы. Ал азыркы бийликти кылмыштуу режим деп атады.

- Менимче кол салуунун башкы себептеринин бири - азыркы режим. Мен бул режимди Атамбаев менен Салянованын режими деп атаар элем. Атамбаев менен Салянованын режимин кылмыштуу режим деп айтсам жаңылышпайм. Аида Салянова өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарбай жатат. Анын жоопкерчилигин кароо боюнча бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылгам. Тилекке каршы эч кандай майнап жок. Салянова коомго зыяндан башка, эч пайда алып келбейт.

Айткуловдун келтирген дооматтарына Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бардыгын тергөө аныктайт деп түшүндүрмө берүүдөн караманча баш тартышты. Ал эми президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов:

- Бул кезектеги калп. Болгондо да тирукмуш калп. Менимче, адвокат өзүн абдан эле жогору баалайт окшойт. Албетте адвокатка кылмышкерлердин кол салышы абдан өкүнүчтүү. Укук коргоо органдары күнөөлүүлөрдү аныктайт деп ойлойм. Бирок жактоочуга карата колдонулган ыкмалар Айткулов өзү коргоп жүргөн кишилердин колунан келчү ишке окшоп кетет экен.

Буга чейин Башкы прокуратура Айткуловду "коомчулукту адаштырган маалыматтарды байма-бай таратып жатат" деп, аны адвокаттык лицензиясынан ажыратуу өтүнүчүн Юстиция министрлигине жөнөткөн. Айткулов прокуратура анын сары изине түшүп алганын айтты.

- Башкы прокуратура негедир менин лицензиямды тартып алууга кызыкдар болуп келет. Мага буга чейин прокуратурада, сотто атайын аныктама чыгарышып, Юстиция министрлигинин квалификациялык комиссиясы ишмердигимди текшерип, бир нерсе тапканга аракет кылып келген. Алар менин лицензиямды тартып алууга аракет кылганы менен мүдөөсү ишке ашпай келет. Ошентсе бул процесс уланып жатат.

Чуулгандуу соттук териштирүүлөр

Икрамидин Айткулов Кыргызстандагы эң чуулгандуу делген соттук териштирүүлөрдө жактоочулук кылып келет. Ал буга чейин Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун, “Мегаком” чыры боюнча Алмаз Абековдун жана Камчыбек Ташиев баштаган "Ата-Журттун" мурдагы депутаттарынын, Темир Сариев, Молдомуса Конгантиев, Аман Тентиев, Игорь Чудинов, Николай Танаев, Учкун Ташбаев өңдүү саясатчылардын таламын талашып келген.

Айткулов “коомчулуктун бүйүрүн кызыткан иштер үчүн ири көлөмдөгү акча алсаңыз керек?” деген суроого мындайча жооп узатты:

- Адвокаттык иш менен ири суммадагы акча таба албайсың. Мен бир гана колунда бар адамдарга эмес, кедей-кембагалдарга деле жардам берем. Көбүнчө кардарлар мени өздөрү табышат. Маселен, Камчыбек Ташиев менен биринчи жолу 3-октябрда таанышкам. Ал тергөө абагында отуруп менден жардам сураган.

Шаардык травматология борборунун башкы врачы Алмаз Кубатбеков адвокат дагы 15 күндөй дарыланарын “Азаттыкка” билдирди.

- Айткуловдун абалы орточо оордукта. Бирок туруктуу. Алдын ала диагноздор боюнча баш мээси чайкалган жана бут сөөгү талкаланган. Алдыда пландуу операциялар жасалат. Башын томографиядан өткөрүш керек.

Икрамидин Айткулов 13-ноябрдын түнүндө белгисиз адамдар тарабынан үйүнүн жанында сабалган. Буга чейин да анын унаасын өрттөө аракеттери болгон.

XS
SM
MD
LG