Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Абактагылардын бир тобу мунапыс алат


Бишкектин четиндеги №3 түрмө
Бишкектин четиндеги №3 түрмө

Кыргызcтандын түрмөлөрүндө быйыл 4,5 миңдей адамга мунапыс берилет.

Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, ушул тушта 150дөй адам абактан бошотулду, ал эми 3,5 миңдей адамдын жаза аткаруу мөөнөтү кыскарды. Ушул жылы январь айынын этегинде башталаган мунапыс жараяны август айына чейин уланат. Бирок мунапыска илинбей, же болбосо жаза мөөнөтү туура эмес кыскарталды деп нааразы болгондор да бар.

Быйылкы мунапыс Адам укугу боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата жарыяланган эле.

Минара аттуу айымдын уулу 2008-жылдан бери абакта отурат. Ал мунапыс жарыяланган сайын атайын органдарга, бийлик жетекчилерине арыз менен кайрыларын, бирок натыйжа чыкпай жатканына нааразы болууда:

- Балам бул ирээт да мунапыска илинген жок. Бардык жакка, президентке чейин арыз жазгам, бирок мунапыс берилген жок. Баласы жалгыз өсүп жатат деп баарына кайрылгам, эч кандай жардам деле болгон жок.

Сагынбек аттуу дагы бир мекендешибиз баласы 2010-жылы маңзат боюнча бейкүнөө кесилип кеткенин, мунапыс боюнча быйыл жатак абакка чыгат деп күтүп жатканын билдирди:

- Ата-энеси прокуратурада, органда иштебеген үч баланы 12 жылга кесип жиберишти. Тергөө маалында көрбөгөн кордукту көрсөтүшүптүр. Башына жылтырак баштык кийгизип, кышында жылаңачтап алып муздак суу чачып, сабап, кыскасы сазайын окутушуптур. Буга чейин мунапыс менен жардам болуп жаткан. Бул ирээт 1 жылдай эле кыскарткан окшойт. Эсептегенде ушул май айында жатак абакка чыгышы керек эле. Бизди бага турган бала ушул. Энеси экөөбүз пенсиядабыз. Колубузда уулубуздун эки кичинекей баласы бар.


Мунапыс берүүнү Жаза аткаруу кызматындагы атайын комиссия аныктайт.
Бакыт Термечиков аталган кызматтын Жабык жайларда өкүмдү аткаруу бөлүмүнүн башчысы. Ал мунапыс кимдерге колдонулаарын айтып берди:

- Беш жылга чейин кесилген жашы жете элек өспүрүмдөр, жашы алтымыштан ашкан, бирок оор кылмыш кылбаган эркектер, жашы 55 жаштан ашкан, бирок беренеси мунапыска туура келген аялдар, I жана II топтогу майыптар, жаза аткаруу мөөнөтү бир жылдан аша элек соттолуучулар, оор кылмыш кылбаган, биринчи жолу соттолуп жаткандарга мунапыс берилет.

Мунапыс ошондой эле жатак абактардан качып кеткендерге жана жазасын өтөбөй жүргөндөргө да жарыяланат. Жаза аткаруу кызматынын Тергөө бөлүмүнүн башчысы Ракат Абышев мунапыстан колдонуп калууну каалагандар дээрлик аз болуп жатканын билдирди:

-1989-жылдан азыркы күнгө чейин 2,5 миңдей кылмыш иш козголгон. Ал кылмыш иштер жатак абактардан качып кеткен жана жазасын өтөөдөн баш тарткандарга карата колдонгон кылмыш иштер. Буга чейин да көптөгөн мунапыс кабыл алынды. Бирок ошого карабастан мунапыс алгандар аз. Бүгүнкү күнгө болгону 44 гана киши келди. Биз ошондой адамдарга ММК аркылуу, өзүбүздүн тармактар аркылуу мунапыс тууралуу кабарлап жатабыз. Ушундай суранычтар кетип жатканы менен азырынча мүчүлүштүктөр бар. Бирок алдыда дагы 2,5 ай бар. Буйурса дагы иштейбиз.

Мунапыс менен түрмөдөн чыккандар өлкөдөгү криминогендик кырдаалга таасир этиши ыктымал деп чочулагандар да жок эмес. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтышынча, абактан мунапыс менен бошогондор же жатак абаккка чыккандар өтө деле олуттуу проблема жаратпайт жана милиция бул жаатта атайын чараларды көрөт:

- Криминогенддик кырдаалга бир аз таасир этет, бирок олуттуу өзөртпөйт. Себеби мунапыс менен эркиндикке чыккандар жаш курагы жете электер, өтө оор кылмыш кылбагандар. Кайта-кайта кылмыш кылгандар, оор беренелер менен отургандар чыкпайт. Бизде Жаза аткаруу кызматы менен бирге иш алып барган тийиштүү бөлүмдөр бар. Түрмөдөн чыккандар кайсы аймактан болсо ошол жерден каттоого алынат. Алардын баары көзөмөлдө болот.

Кыргызстанда мындан мурунку мунапыс 2011-жылы, эгемендиктин 20 жылдыгына карата жарыяланган. Анда үч миңдей адам амнистия алган.

XS
SM
MD
LG