Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Жалал-Абад: майыптар пандуска муктаж


Арабадагы майыптар.
Арабадагы майыптар.

Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлү майыптардын араба менен жүрүүсүнө толук шарт жоктугун айтып чыкты.

Жалал-Абад шаарында майыптардын укугу бузулуп жаткандыгын эске алган Акыйкатчы институту шаар бийлигинин үстүнөн прокуратурага чара көрүү өтүнүчү менен кайрылат.

Кыргыз өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус куруу токтому көз боёмочулук менен аткарылып жатканын атайын адистер текшерүү учурунда көрүп чыгышты. Бирок шаар бийлиги имараттардын 80% пандустар менен камсыз болгонун билдирүүдө.

Сузак районунун тургуну, биринчи топтогу майып Адыл Шарипов пенсиясын алганы шаардагы банктарга ай сайын каттап турат. Бирок Адылдын арабасы менен банк имаратына кириши кыйынга турууда. Анткени имарат алдында пандустун жоктугу ага тосколдук жаратат. Ошол себептүү ал башка адамдын көмөгүнө муктаж.

- Мен пенсиямды ай сайын ушул банктан алам. Имаратка кирүү үчүн сөзсүз бирөөнүн жардамы керек. Антпесе өз алдымча тепкичтен чыга албайм. Мен бирөөнүн жардамысыз өз алдымча жүргүм келет, бирок ага албетте, шарт жок. Шаар ичиндеги имараттарга толук өз алдыбызча кире албайбыз. Анткени пандус маселеси бизди кыйнайт. Орнотулган жерлерде бизге ылайыкташкан эмес.

Адыл сыяктуу арабада отурган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шаар аймагында жайгашкан соода жайларына жана дарыканаларга да кире албайт. Орнотулган пандустар болсо талапка жооп бербейт экен.

- Мына азыр шаардагы "Айгүл" соода борборунун алдындагы пандусту карагыла. Мен өз алдымча такыр чыга албайм. Бир тарабына кармагыч орноткону менен экинчи тарабында жок. Анан талаптагыдай эмес, бийик курулган. Соода жайынын ээси бул пандусту биз үчүн эмес соодагерлердин жүк алып чыгуусу үчүн курдурган. Мен ошентип ойлоп турам.

Кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылы кабыл алган токтомуна ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалар 2017-жылга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүүгө милдеттендирилген. Ошондой эле жаңы курулган имараттар милдеттүү түрдө пандус жолу менен курулуусу талап кылынган. Майыптар менен бирге шаарды кыдырып чыккан акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова шаар бийлиги өкмөттүн токтомун көз боёмочулук менен аткарып жатат деди.

- 2014-жылы Акыйкатчы институту өз алдыбызча мониторинг жүргүзүп, өлкөдө майыптар үчүн шарттардын начардыгы боюнча баяндама жасаганбыз. Кыргыз өкмөтү 2014-2017-жылдарда бул багытта аткара турган иш-чараларды бекиткен. Бул багытта иш жүрбөй жатат деп айта албайм, жүрүп жатат. Бирок талаптар эске алынбай жатат. Майыптар үчүн пандустар курулганы менен, азыр өзүбүз күбө болгондой, таптакыр ылайыксыз экен. Эски имараттарды айтпасак да, шаарда жаңы курулуп жаткан объектилерде бул эрежелер сакталышы керек болчу. Архитектура, тиешелүү адистер кайсыл жакты карап отурат түшүнбөйсүң. Өкмөттүн токтомун шаар бийлиги көз боёмочулук менен аткарып жатканы көрүнүп турат. Облустун борбору саналган Жалал-Абад шаарында майыптардын жүрүүсү үчүн шарт таптакыр жок жана жетекчилер буга кайдыгер мамиле жасоодо.

Акыйкатчынын сөзүн шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Байжигитов да бышыктайт. Алардын текшерүүсү да абалдын начардыгын көрсөткөн.

- Чындыгында шаарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарт канааттандырбайт. Ушул жылдын жаз айларында калаадагы 200дөн ашык имаратты текшерип чыктык. Алардын ичинен 80 объектиде пандустар жок болсо, тең жарымында талапка ылайык эмес курулганы аныкталган. Азыр жаңы курулуп жаткан объектилерге пандус жолун куруу боюнча эскертүүлөрдү берип жатабыз. Анткени ал милдеттүү түрдө жасалышы керек.

Текшерүүнүн жыйынтыгында акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова бул багытта облустук бийликке жана прокуратурага көңүл буруу актысы менен кайрылып, прокуратурадан шаар бийлигине майыптардын укугун бузгандыгы үчүн чара көрүп берүүнү талап кыларын айтууда:

- Майыптардын укугу боюнча өкмөт жана Жогорку Кеңештин токтомдору бар. Аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарбай жатат. Жетекчилер тарабынан майыптардын укугу бузулуп жатат. Бул өтө чоң укук бузуу болуп эсептелет. Ошол себептүү мен кайрылуумда системалык укук бузууга жол берген жетекчилердин жоопкерчилигин сураштырып, аларга карата чара көрүүнү суранам. Алардын укугу калыбына келтирилиши керек.

Шаар бийлиги бул багытта эч бир тараптан арыз-даттануулар жоктугун айтып, калаа ичинде 80% имараттарга пандус курулганын билдирүүдө. Вице-мэр Айзат Раматиллаева буларга токтолду:

- 2016-жылдын июнь айында ар бир мекеме ишканалар менен соода жайларына пандус куруу жөнүндө эскертүү берип, текшерүү алып барганбыз. Жыйынтыгында азыр шаарда 70-80% пандустар менен камсыздалды десек болот. Ал эми алар туура эмес курулуусу же колдонулбай жатуусу боюнча эч бир жарандан бизге кайрылуу келип түшкөн эмес. Бул багытта азыр иштер аткарылып жатат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппараты бул багытта жылыштар бардыгын айтып, бирок Чаткал, Токтогул, Ала-Бука райондорунда абал начар экендигин моюнга алат. Анткени бул райондордо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмелери түзүлбөй, талап кылуучу адамдар жок болгондуктан бул жумуштар көңүл сыртында калган. Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 30 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG