Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Алданган 15 жаран Нарынга келди


Кулчулукка кабылгандардын 40% аялдар түзөт
Кулчулукка кабылгандардын 40% аялдар түзөт

16-августта Нарын райондук прокуратурасы 15 жаранды Казакстанга мыйзамсыз жиберүү боюнча кылмыш иш козгоду.

Бул окуяга облустук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экени айтылууда. Мыйзамсыз баргандар Казакстандын Тараз шаарындагы кыш чыгарган заводдо 16-июндан 10-июлга чейин эч кандай эмгек келишими жана маянасы жок иштеген.

Нарын райондук прокуратурасынын маалыматында, айтылган тургундар телеканал аркылуу жарыяланган жарнама менен кетишкен. Аларды мыйзамсыз жол менен ишке кетирүүнү уюштурууга Нарын милициясынын айрым кызматкерлеринин катышы бардыгы айтылууда.

"Нарын райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305 жана 204-беренелеринин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Тактап айтканда, мыйзамсыз эмгек миграциясын уюштуруу деген. Айрым ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине бул окуя боюнча иш козголду. Конкреттүү бир адамга кылмыш иши козголо элек. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө жыйынтыгы менен адамдардын аты белгилүү болот" - Нарын райондук прокурорунун орун басары Эрмек Болотбеков.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөгө ишке барган 15 адамдын арасында бир аял бар. Бул окуя Казакстандын чек ара кызматы тарабынан ачыкка чыкты. Иштегени баргандар Кыргызстанга кайтууда чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн казак чек ара кызматы тарабынан айып пул төлөөгө мажбур болушкан. Азыр алардын бардыгы Нарынга кайтып келишти.

Бул мыйзамсыз ишти уюштурууга облустук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар деген маселе боюнча башкармалыктын жетекчиси Нарынбек Молдоисаев "Азатыкка" телефон аркылуу буларды айтты:

- Айрым кызматкерлери деп айтылып жатса, кайсы кызматкерлер экенин мен билбейм. Айрым кызматкерлерине иш козголду десе, бизге атайын билдирүү бермек. Биз аны министрге жөнөтмөкпүз. Бирок андай маалымат түшкөн жок. Болгону "окуялар каттоо китепчесине алынсын" деген гана билдирүү түштү. Аны ИИМге бердик. Бирок кимдин үстүнөн иш козголгону жөнүндө бизге айткан жок.

Расмий маалымат боюнча Нарын облусунда кулчулукка кабылганын айтып, мамлекеттик органдарга кайрылгандар башка дубандарга салыштырмалуу аз. Ал эми адам сатууга каршы иш алып барган "Нур-Жол-Бер" коомдук уюму акыркы жылдары Нарын облусунда кулчулукка кабылган жарандар расмий катталгандарга караганда көп экенин айтып келет.

- Бизде жашырып айтышпайт. Башка жакта уялбай эле кор болуп келдим деп кайрылышат. Жардам берейин десең дагы уялып, эл билип калат деп макул болушпайт. А бирок бизде андай күнгө кабылгандар толтура. Ар кандай жол менен сатылып кетишет, - дейт Нарын облусу боюнча адам сатууга каршы долбоор менен иштеген жалгыз уюмдун жетекчиси Сүйүн Жумалиева.

Адам сатууга каршы иш алып барган уюмдар кулчулукка кабылгандардын 40% аялдар түзөөрүн белгилешет. Өлкөнүн миграция кызматы эркектер көбүнесе Казакстан менен Орусияда кулчулукка кабылаарын аныктаган.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG