Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Лукаш: Мага эки тараптан кысым болду


Кыргызстандык жарандык активист Илья Лукаш ишембиде коркутуу жана кысым көбөйгөндүгүнө байланыштуу өлкөдөн чыгып кетти. Учурда Киевде жүргөн активист "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди

"Азаттык": Илья мырза, сиз өзүңүзгө карата коркутуулар, кысымдар болгонун айтып чыктыңыз. Алардын артында кимдер турганын аңдай алдыңызбы?

Лукаш: Мага негизинен эки тараптан кысым боло баштады. “Калыс” уюму өткөргөн түшүнүксүз таңуулоо акциясынан кийин мени коомдук жайлардан, деги эле көчөдөн тааныгандар көбөйдү. Алардын басымдуусу дарегиме жаман сөз айтып, элдин көзүнчө тилдеген учурлар болду. Бир жолу кол көтөрүүгө аракет кылышты. Анда араң качып жашырынууга үлгүрдүм.

Экинчи тараптан Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кысым күчөдү. Алар мен тууралуу маалыматты жетиштүү эле топтошкон экен. Анысы аз келгенсип өзүн УКМКдан деп тааныштырган адамдар мен иштеп жаткан ишканалардын жетекчилерине да чалып, мени кызматтан бошотуу талаптарын коюшкан. Натыйжада, 4 күндүн ичинде эки жумушумдан айрылдым. Муну менен эле бүтүп калбай, менин туугандарыма жана мени менен жашаган адамдарга да коркутуулар башталды. Ушул жагдайлар мени Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылды.

"Азаттык": Эмне үчүн бул тууралуу атайын органдарга билдирген жоксуз?

Лукаш: 2013-жылдын этегинде мени токмоктоп кетишкен. Ошондо дароо милицияга кайрылгам. Бардык кагаз, экспертиза иштерин бүтүргөнүмө карабай алигүнчө эч кандай натыйжа жок. Ошол эле учурда азыр күч органдарына кайрыла тургам болсом, менин эле арыздарым кайра өзүмө каршы иштейт деп ойлойм.

"Азаттык": Мурда сиз айтып кеткендей, УКМК өкүлдөрүнүн сизди суракка алуусу учурунда негизинен кайсы маселе боюнча доомат коюп жатышты? Бажы биримдигине кирүү маселеси тууралуу эмеспи?

Лукаш: Жок. Негизинен Украинага тилектештик акцияларына байланыштуу аракетиме кызыгышты. Бул мага да аябай таңкалычтуу сезилди. Биздин көз карандысыз мамлекеттин атайын кызматты кооптонбой эле орусиялык кесиптештеринин ишин аткарып жатканы, болгондо да аларга биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасы короп жатканын түшүнүп болбойт.

"Азаттык": Кыргызстанда сиз эмне иш кылчуңуз эле?

Лукаш: Акыркы жарым жыл аралыгында мен бир дагы бейөкмөт уюмда же саясий журналистикада иштеген жокмун. Жеке коммерциялык басылмада ар кандай тейлөө кызматтары тууралуу жазчумун. Дагы бир коммерциялык фирмада алардын интернет рекламасын алдыга жылдыруу иши менен алектенчүмүн.

Жарандык активдүүлүгүмдү мен негизги жумуш убактымдан сырткары ишке ашырып келгем. Украинада ким болуп иштейм, эмне менен алек болом, ал азырынча белгисиз. Менин жашыра турган эч нерсем жок.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG