Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Акыйкат издеген майып кенчи


Сүлүктүдөгү көмүр кени.
Сүлүктүдөгү көмүр кени.

Сүлүктүдөгү шахталардын биринде төрт жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай, майып болуп калган 25 жаштагы Диер “Азаттыкка” кайрылды.

20 жашында шахтанын ичинен кулаган көмүр басып калып, омурткасына доо кетип, буту баспай калган Диер төрт жылдан бери жан айласын таппай келатат. Акыркы жолу Орусияга барып операция жасаткандан кийин деле жылыш байкала элек.

"Кырсык болгондо дароо ооруканага жеткирип, тез жардам көрсөткөндө мынчалык күчөп кетпейт эле" деп кейиди Диер. Анын айтымында, кырсык болгон Раимбердиев атындагы көмүр шахтанын жетекчилеринин бири Атажан Усманов ооруканага дароо алып барганда мынчалыкка жетмек эмес экен.

Диердин айтымында, Усманов аны 12 саат бою машинеге салып, ар кайсы табыптарга көрсөтүп жүрө берген. Кийинчерээк дарыгерлер жардам кеч көрсөтүлүп, нерв системасы катуу жабыркап калганын айтышкан:

- 2 сааттай табып издеп, акыры ал киши карабай кетип калды. Дагы бир саат машинада бакырып жаттым. Бир маалда ийне сайдырган адамды ээрчитип келиптир. Исфанадагы ооруканага алып барды, ал жакта да эч ким карабай, ыйлап жаттым. Жакындарыма чалып айтып коюшпаптыр. Ошентип 12 сааттан кийин Тажикстандын Ленинабад шаарына алып барышты.

Фатима Гаипова жана уулу
Фатима Гаипова жана уулу

Азыр эми туугандары Диерду бутунан тургузуу үчүн саткан мал-мүлк да жеткен жери жок, же шахта компенсация төлөбөйт деп кейип отурушат. Апасы Фатима Гаипова "ишкананын эки жетекчиси кеткен чыгымдарды төлөмөк турсун, баламдын акыбалын да сурап коё элек" дейт:

- Усманов Атажанга бир нече жолу жардам сурап бардым. Акыры үйүнөн кууп чыгып, "билген жериңе барып арыздан, мен бардык нерсени акчага сатып алам" деди. Кээде ойлоп кетем, баламды кыйнап алып жүрүп биротоло өлтүрүп эле салайын деген го. Дагы жакшы, Исфанадагы ооруканага алып барганда тааныштар “балаң бул жерде жатат” деп айтып, билип калдык. Антпесе көрбөй деле калмак окшойбуз.

Жетекчи: компенсация төлөнүүдө

Ишкананын жетекчиси Атажан Усманов мындай дооматты төгүндөп, жагдай боюнча өз оюн “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Бир да жолу акча берип, карабай коюшту деген сөз жалган кеп. Балдар чакырганда мен дароо ооруканага алып баргам. Акыркы жолу Москвага кетип баратканда 120 миң сом жардам бергем. Калганын берки жетекчиден деле сурагыла. Ал да өз учурунда акчалай жардам берип каралашкан.

"Таш-Көмүр" ишканасына ээлик кылгандардын дагы бири Мырзали Асанов жабырлануучуга ай сайын 4 миң сомдон компенсация төлөнүп жатканын айтты:​

- Эки жолу Хоженттеги ооруканага жаткырдым. Арыздана бергенинен кошумча акча кошуп берип атты. Пенсиясы жетпей жатканын айтканынан менин ишканам эки жылдан бери төлөп келатат. Эгер ошондой эле мага дооматы болсо сотко берсин.

Кошмурат Гаипов
Кошмурат Гаипов

Анткен менен Диердин атасы Кошмурат Гаипов ушул кезге чейин адилеттик издеп кайрылбаган жери калбаганын айтууда. Сүлүктү, Баткен облустук прокуратуралары ишти кароону создуктуруп, сотко жетпей жатканын кошумчалады. Акыры айласы кетип, жарым жыл мурун башкы прокурор Индира Жолдубаевага жазган катынан жыйынтык чыкпай жатат.

- Бардыгы Баткенге жөнөтөт. Анан ошол жакка барып эле токтоп калат. Ким күнөөлүү экенин бирөө-жарым териштирип койгон жок. Сүлүктүнүн Ички иштер башкармалыгына кайрылганбыз, бирөө да үн катып койгон жок. Ал жакта бийликте отургандардын баарына кирип алып эле баш ийдирип алып алганбы, түшүнбөйм. "Колуңдан келгенин жаса, сен көп болсо чолок болуп артыман каргайт болушуң керек. Андан башка эмне кыла аласың" деген бала да.

Сүлүктүдөгү көмүр кени
Сүлүктүдөгү көмүр кени

Окуяны Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыгы иликтеп чыгып, жабырлануучунун күнөөсү 70 пайыз экен деген тыянак чыгарган. Мына ушул жыйынтыктардын негизинде кылмыш иши козголбой жатканын Сүлүктү шаардык прокуратуранын өкүлү Алмаз Мисиров айтып берди.​

- Булар арыз жазган сайын ишкананын жетекчилерин чакырганыбызда квитанцияларды алар да көрсөтүшөт. Бирок бир жолу Орусияга баратабыз деп айтканда акча бере албай калышыптыр. Ошондон улам жазып атышса керек. Тергөө бүткөн. Азыр кылмыш иши козголушунан баш тартылган. Себеби ишкананын ишмердүүлүгү да мыйзамдуу экени аныкталган.

Деген менен адистер Cүлүктүдөгү 30дан ашык көмүр кендеринде бул өңдүү кырсыктар жана ага байланышкан чыр-чатактар көп кездешерин айтышууда. Адис Имарбек Эргешовдун айтымында, жумушчунун милдеттери тууралуу бир гана келишим түзүлүп калып, кенчилердин коопсуздугу менен саламаттыгы экинчи планда кала берүүдө.

- Башында оор жаракат алганда биз төлөп беребиз деп мыйзамдуу түрдө эмес, өз ара сүйлөшүү жүрөт да, кийин түшүнбөстүктөр башталат. Бирок убакыт өткөн соң келишим унутулуп, көпчүлүк учурда ишкананын жетекчилери жумушту уланта берет. Бирок кандай болгон күндө да бөөдө кырсыктын кесепети ишкананын мойнунда болуш керек. Териштирүү актынын негизинде өлчөм такталса, ай сайын болобу, айтор төлөп бериш керек.

XS
SM
MD
LG