Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Оштогу Эгемендик салтанаты


Оштун көчөлөрүндө майрамдап жүргөндөр, 31-август.
Оштун көчөлөрүндө майрамдап жүргөндөр, 31-август.

Өткөн жылы кандуу окуяны баштан кечирген Ош шаарындагы кыргыз жана өзбек конуштары эгемендик мааракесин кантип белгилешти?

Жылдызбек Азимжанов кабаттуу үйлөрдү аралап жашылча-жемиштерин сатып жүрөт. Ал Оштун жакасындагы кыргыз айылдарынын биринен. Майрамды белгилемек тургай, ал тескерисинче так ушул күнү катырып иштеп алганы турат. Анткени, элдин бары жакшы маанайда, товарлар жакшы өтөт деп коёт:

- Элде майрамдык дух абдан жакшы. Дайыма эле ушинтип майрам болуп турса, жакшылыктар болуп турса, кой үстүндө торгой жумурткалап турса кана? Элдин баары майрамдап атат кудаага шүгүр. Бирок эми баарыбыз эле майрамдап жүрө берсек элдин курсагын ким тойгузат, ким багат? Мен ушу дыйканчылык кылып жайы менен жыйган помидор, сарымсак сыяктуу жашылчаларымды сатып жүрөм. Элдер жакшы эле алып жатат.

Дыйкан Азимжанов кичинекей үлүшүнөн эле алган түшүмү ушул. Ар бир киши эмгекчил болсо, үй-бүлөсүн да жакшы бакса, башкаларга көз каранды болбой өз алдынча тың жашаса, өлкө көз карандысыздыгы бекем болот дейт:

Оштун тургундары.
- Эгемен өлкө дегендей эле, эч кимге көз каранды болбой жашайбыз. Бирок эми эгемендикти, көз карандысыздыкты ар ким ар кандай кабыл алат экен да. Кээ бирлери 20 жылда түзүктөп бутуна туруп атса, айрымдары эркиндикке чыктык, демократия деп эле жатып алды. Каалаганымды кылам деп, көчөгө чыгып алышты. Азыр деген жалкоолонбой иштеген кишинин заманы да. Өзүңдүн курсагыңды өзүң тойгоз. Ошондо гана өлкөдө өнүгүү болот.

Оштогу бир өзбек конушунун жашоочусу Халида Турсунова да майрамга карабай, базарга түшүп балдарына кийим кылып келаткан экен:

Оштун тургундары

- Айт майрамы, эгемендүүлүк күнү жана эртеңки билим күндөрү удаа келип калыптыр. Бул дагы жакшы жышаан болсо керек. Мен өзүм белгилей албай калдым. Балдардын кийим кечеси менен жүрөм. Эл көчөдө көп жүрөт. Башкысы ынтымакчылык болсун элде. Эл ичинде калк бузарлар жок болсун.

Ал эми башка бир өзбек тектүү тургун Нематжан Нооманов төрт-беш небересин ээрчитип алып, шаардын борбордук аянтындагы салтанатка катышыптыр:

- Майрам абдан жакшы өттү. Парадга бардык. Ал жерден танктарды, аскер техникаларын кызыгып көрдүк. Балдарды болсо минтип сейил бактарга алып түшүп ойнотуп атабыз.

Шаар тургуну белгилегендей калаанын көчөлөрүнөн ары-бери каттаган элдин жүзүнөн кубанычтуу маанайды байкоого болот. Сейил бактарда жана эс алуучу жайларда да өзбек кыргыз аралашып ээн-эркин жүрүшөт.

Калаанын дагы бир тургуну Жыргалбү Жумаева быйылкы эгемендик майрамы өткөн жылкыга салыштырмалуу бир топ көңүлдүү экенин белгилейт:

Оштун тургундары.
- Өткөн жылдагы коогалаңда биз деле ушул жерде жүрдүк. Тополоңдон кийин эле ушул көз карандысыздык майрамын жакшылап тосо албай калганбыз. Эл көчөгө чыкпай деле койгон болчу. Быйыл эми баары башкача. Сейил бактарда, оргумаларда эл батпай кетиптир. Өзбек, кыргыз, тажик, орусу бүт баары жүрөт. Бул майрамды өзгөчө кубаныч менен, өзгөчө жаркын маанай менен тосуп жатканы көрүнүп турат.

Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата майрамдык иш чаралар Ошто кечкисин да уланаары күтүлүүдө. Укук коргоо органдары болсо калаада күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG