Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Арпа нанга оозубуз оюлуп...


Иллюстрация
Иллюстрация

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Гульнура Келдибаеванын ошол жылдарды эскерген блогун сунуштайбыз.

Союз таркаган жылы мен 6-класста окучумун. Мектептен келсем апам кошуна эже менен союз таркаганын талкуулап отуруптур. Бириккен 15 республика эми чачырап, өз алдынча болуп кеткени мага жаңылык деле болгон жок. Баштагыдай эле беш тыйынга тетрадь, калем жана пирожки да сатып аларымды ойлоп кудуңдап жүрдүм.

Биз үй-бүлөдө алты бир тууган болчубуз. Атам эрте эле көз жумган. Апам мектепте сабак берчү. Ошол кезде мугалимдердин айлыгы беш-алты айлап берилбей, дүкөндөрдөн карызга чай, туз, ун алып жашап калдык.

Эсимде, бир жолу сабактан келсем апам супарада калган арпанын унун кагып, камыр жайып жатыптыр. Ал тандырга токтобой, апамды бир топ убара кылган. Кийин казанга да жаап көрдү. Арпа нанды жей берип оозубуз оюлуп кетчү. Жүгөрүнүн унун да жедик. Тамагыбызга жетпей жаткандан кийин кийим жөнүндө ой да жок болчу. Апам жалгыз алтообузду эптеп тойгузуп жүрдү. Бири бирибиздин кийимдерибизди жыртылганча кийчүбүз. Самындын ордуна көбүк чыгарган бир чөптү колдончубуз. Ал кирди өтө таза болбосо да чыгарчу.

Колхоз тарап, ар бир мугалимге үчтөн кой бериле баштады. Апама да үч кой тийип, экөө бизге келбей жатып өлүп калды. Арык, жүдөгөн кой жалгыз турбай кача бергендиктен аны 100 сомго жетпеген акчага сатып жибердик. Берилген үч кой үчүн апамдын айлыгынан 225 сом кармап калды. Пайгамбар жашына жетип калган апам "азыр айлыгым 300 сомдой болсо керек эле" деп эскерет.

Мындай кыйынчылыктан чыгуу үчүн апам жарма жасап, өткөн-кеткендерге сатчубуз. Китеп дүкөнүндөгү таанышынан тетрадь, ручкаларды алып чоңоюп калган үчөөбүзгө мектепте саткыла деп берчү. Аларды сатканча сумкабыздан алдырып койгон учур да болду. Ал күнү апамдан уруш укчубуз. Кийин Оштон спирт алдырып, граммдап сата баштадык.

Шаарга барганда бөтөлкөгө алмаштырчубуз, аларга самын алат элек. Эжем экөөбүз токуганды билгендиктен 7-8-класста окуганда эле акчага же сары майга жемпир токучубуз. Апам да күндүз мектепте, кечинде планын жазгандан кийин түн бир оокумга чейин тыбыт жүндөн жоолук токуйт эле. Жоолуктары жакшы чыккандыктан буйрутмалар да көп болчу. Айтор, апам менен биргелешип “бирди эки кылдык”.

Азыр баарыбыз турмуш куруп, очор-бачарбыз. Апам пенсияда. Өткөн кыйынчылыктар бизди чыйралтты.

Бир сом үчүн эки саат жөө жүрүп...

1994-жылдын июнь айы. Мен анда онунчу класста окуп калгам. Эгиз төрөгөн таежемдин баласын караш деп апам шаарга жөнөттү. Эжем үч баласы менен шаарда турчу. Жездем бир жыл мурун келишпестиктен кетип калган эле.

Убагында акимчиликте, агропромдо чыкыйып иштеп жүргөн эжем жумушунан айрылып, балдар менен үйдө отуруп калды. Дүкөндө иштеген дагы бир турмушка чыга элек таежем бар.

Ал мезгилде эл дүкөнгө келчү эмес. Саткан да, сатып алам деген да базарда болчу. Иши жүрүшпөгөн эжем айла жок базардан дарбыз-коон, жашылчаларды биздин микрорайонго алып келип сатчу.

Кийин от жаккан котельныйда да иштеп, эптеп балдарды багышканга жардам берчү. Эгиз балдар аябай чыргоо, ыйлаак болду. Түнү менен эки эжем көтөрүп сооротуп чыкчу. Тез-тез ооруп да турушар эле.

Кеч күздө балдар ооруп, эжем ооруканага жатып калды. Кичүү таежем котельныйда да, базарда да иш кылчу. Бир аз картошка, пияз, жарым сабиз туурап тамак кылабыз. Эт жегенибиз эсимде жок. Мен үйдө бир бала менен калдым. Күндө ооруканага тамак ташыйм. Акчаны үнөмдөп бир жарым сааттык жолду жөө басып өтчүмүн.

Эжем эгиз балдардын түйшүгүн көп эле тартты. Ооруканадан кийин киринелетип, молдо-бакшыларга тез каттайбыз. Балдары менен убараланып жатып мени да "окууңду токтотуп турасыңбы?" деди. Эжемдин кыйналып жатканын көрүп окуйм деп оолукпадым. Үйгө да кетип кала албадым. Эжем кээде түндө ыйлап чыкчу. Ошентип онунчу классты окубай калдым.

Бир жылдан соң балдар эки жашка чыгып калганда эжем акимчиликке баштагы ордуна эптеп тааныш аркылуу ишке орношту. Бир сомду да үнөмдөйм деп эжем ишине жөө кетет. Эртең менен саат алты жарымда чыкса, саат сегизге ишине жетип калчу. Эки-үч ай иштегенден кийин үч баласын бала бакчага киргизди. Эртең менен ала кетип, кечинде алып келет. Мен айылга кеттим. Бир жыл үйдөн чыкпагандыктан бук болуп калыпмын. Апамды көрүп эле буркурап ыйлап жибердим.

Гульнура Келдибаева

XS
SM
MD
LG