Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Түгөлбаев: Интернет колдонуучулар көбөйүүдө


Кыргызстанда IР-даректердин саны кескин өсүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызтелекомдун" вице-президенти жана коммерциялык директору Акыл Түгөлбаев билдирди.

"Азаттык": Кыргызстанда IP-даректердин саны өстү деген маалымат эмнеге негизделип айтылууда?

Түгөлбаев: “Кыргызтелекомдун” тармактык башкаруу сектору жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 2011-жылы IP-даректердин саны 173 миңден бир аз ашкан болсо, бүгүнкү күндө 263 миң 424кө жетти.

“Азаттык”: Мунун себеби эмнеде?

Түгөлбаев: Маалымат-байланыш технологиялары биздин турмуштун бардык тармактарына кеңири тарап жатат. Азыр жашоонун компьютерсиз, чөнтөк телефонсуз элестетүү кыйын. Интернетке кошулуу мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө. Ошондуктан интернет колдонуучулардын саны да өсүп баратат.

“Азаттык”: Интернет байланыштын баасы кандай, кымбаттадыбы же арзандадыбы?

Түгөлбаев: Албетте колдонуучулар көбөйгөндүктөн баа да төмөндөй баштады. Мисалы, бир мегабит интернет 800 сомдун тегерегинде. Былтыр 800 сомго 128 килобит гана ылдамдыктагы кызматтан пайдаланса болот эле. Сентябрда дагы жаңы бааларды киргизген жатабыз. Максат – ылдамдыгын күчөтүп, баасын төмөндөтүү.

”Азаттык”: Коопсуздук жагы кандайча көзөмөлдөнөт? Жакында эле өкмөттүн сайтына хакерлер чабуул жасады деп айтылды эле...

Түгөлбаев: Албетте биринчи кезекте интернет-провайдер жооптуу. Экинчиден, ошол колдонуучу өзүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп, өз коопсуздугуна өзү кам көрүшү зарыл. Дүйнө жүзүндө, өзүңөр билесиздер, хакерлер көп. Биздин өкмөттүн эмес, коопсуздугу катуу көзөмөлдөнөт деген Пентагондун да сайтын ачып жатышпайбы...
XS
SM
MD
LG