Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Саматов: Өткөн чакырылышта бир да мыйзам жазган жокмун


Саматов: Өткөн чакырылышта бир да мыйзам жазган жокмун
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:02 0:00

Саматов: Өткөн чакырылышта бир да мыйзам жазган жокмун

Жыргалбек Саматов парламенттин 6-чакырылышынын депутаты.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын мандат үчүн жетиштүү добуш алалган жок деген жүйөсү менен БШК алгач ага орун бербей коюп, бир нече соттук териштирүүнүн арты менен акыры парламентке келген. Мандат чыры эң узакка созулган депутат менен маегибизди сунуштайбыз.

Токтакунов: ...Сиз студиябызга келердин алдында интернеттен элге Жыргалбек Саматов эмне иши менен эсиңиздерде калды деп суроо салсам, баягы он миңдеген киши катышкан көк бөрүдөн башканы эстешкен жок. Өзүңүз айтып бере аласызбы, мурдагы беш жыл ичинде эмне иш аткардыңыз?

Саматов: Албетте, көп жумуштар аткарылды. Кыргызстанда эки психоневрологиялык диспансер бар. Ошонун бири 1936-жылы курулган эски имаратта экен. Ошол жерге биз заманбап имарат куруп бердик.

Токтакунов: Ал өкмөттүн иши да?

Саматов: Жок, ал жерге мамлекет бир дагы акча кошкон эмес. Инвесторлордун акчасына салынган. Андан тышкары, алыскы райондордун бириндеги алыскы айылга орто мектеп куруп бердик. Андан тышкары көп эле мыйзамдарга авторлош болдум.

Токтакунов: А өзүңүз жалгыз, өзүнчө бир да мыйзам жазган жоксузбу?

Саматов: Өзүм жалгыз бир дагы мыйзам жазган жокмун. Бирок, жазылган мыйзамдарга көзөмөл жүргүзүп атам.

Токтакунов: Саматовду Бабановго каршы бийликтин адамдары колдоп атат деген сөздөр чыгып атат. Аныкпы?

Саматов: Бизде ушактар аябай көп. Маалымат каражаттарынан ар кандай сөздөрдү өзүм деле угуп-көрүп аттым. Бул жөнөкөй эле ушак.

Токтакунов: Президенттин тегерегиндеги адамдар, Икрамжан Илмиянов же Фарид Ниязов менен байланышыңыз барбы?

Саматов: Депутат болгондон кийин сөзсүз түрдө иш маселеси, же болбосо башка маселелер боюнча сүйлөшүшүбүз мүмкүн.

XS
SM
MD
LG