Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Израил кыргыз депутаты желегин айрышына байланыштуу нота жолдоду


Турсунбай Бакир уулу, ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясы.
Турсунбай Бакир уулу, ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясы.

Депутат Турсунбай Бакир уулу Израил желегин айрыганына байланыштуу бул өлкөнүн элчилиги кыргыз тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөттү.

Депутат Турсунбай Бакир уулу 4-августа Газадагы атышууларга байланыштуу Палестин элин колдоп, Бишкекте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда Израил желегин айрыган болчу.

Элчилик депутатты жоопкерчиликке тартууга чакырды

Астанада жайгашкан Израилдин Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жолдоду. Элчи Эли Тасмандын атынан жөнөтүлгөн нотада “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу экинчи ирет Израилдин желегин мазактаганы, беш жыл мурда ал Израилдин желегин өрттөгөнү айтылат. Израил элчилиги депутатты кыргыз мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардамдашууну жана мамлекеттик символдорго кандай мамиле кылууну түшүндүрүп коюуну Тышкы иштер министрлигинен чечкиндүү талап кыларын жазган.

Израилдин Астанадагы элчилигинин өкүлү “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бирок Турсунбай Бакир уулунун кылыгы эки мамлекеттин дипломатиялык жылуу мамилесине эч кандай таасир этпей турганын кошумчалады.

Ал эми депутат Турсунбай Бакир уулу өзү болсо Израил элчилигинин нотасы боюнча буларды билдирди.

- Мен өзүм да дипломат болуп иштегем. Ошондуктан Израил элчилиги туура кылат. Эгер элчилик реакция кылбаса аларды жумуштан алып койот. Бирок канчалык нааразычылык нотасын жөнөтпөсүн, учурда Газа секторунда геноцид жүрүп жатат.

Депутаттын окуясы талкууда

Турсунбай Бакир уулу Израил мамлекетинин желегин айрыганын Палестин элине карата алар жүргүзүп жаткан аскерий операцияга каршылык иретинде жасадым деп түшүндүргөн. Депутаттын аракети Кыргызстандын ичинде да кызуу талкууланууда.

Кыргызстандагы еврейлердин “Менора” коомдук уюмунун өкүлү Александр Зеличенко депутаттын аракети боюнча мындайча баасын берди.

- Ал биздин баарыбызды мазактады. Элчилик абдан туура кадам кылды. Бул деген эгер кайсы бир мамлекетти таарынткан учурда колдонулуп жүргөн диломатиялык тажрыйба. Бакир уулу Кыргызстан менен дипломатиялык мамилеси бар жана жардам берип келе жаткан мамлекетти мазактады. Ал желекти айруу менен биринчи мамлекетти, андан соң ар кандай сөздөрдү жазуу менен Кыргызстанда жашаган еврей улутундагы жарандарды да шылдыңдады.

Ал эми депутаттын Израил мамлекетинин желегинин айрыган аракети интернеттеги социалдык түйүндөрдө да кызуу талаштарга жем таштады.

Диний маселелер боюнча эксперт, тарыхчы, окумуштуу Назира Курбанова Бакир уулунун аракети диний жана улуттук араздашууга жол ачат деп чочулайт.

- Бул бир гана диний жек көрүүчүлүккө эмес, этникалык жек көрүүчүлүккө алып барат. Себеби Кыргызстанда деле Израил жарандары жашап жатат. Еврей коомдук уюмдары бар. Депутат нааразылык билдирүүнүн кандайдыр бир башка жолун тапса болмок.

Депутат Турсунбай Бакир уулу Израилдин желегин айрып жатат. 4-август, 2014.

("Азаттыктын" "Көрөгөч" көзөнөгүнө түшкөн тасма)

Депутат Бакир уулу Израилдин желегин айрыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

Бөтөн желекти айрыганга жаза жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил элчилигинен нааразылык нота келип түшкөн-түшпөгөнүн ырастаган жок. Израил элчилиги Тышкы иштер министрлигине жолдогон нотасында депутат Турсунбай Бакир уулун кыргыз мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга көмөктөшүүнү талап кылган.

Юридика илимдеринин доктору, эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кайрат Осмоналиев булардыайтат:

- Биздин Кылмыш-жаза кодексибизде “Кыргыз Республикасынын желегин шылдыңдоо боюнча” берене бар. Ал эми башка мамлекеттин туусу боюнча эч кандай жоопкерчилик жок. Бул жерде менимче, моралдык жана саясий жоопкерчилик гана болушу мүмкүн.

Дипломаттардын пикиринде, депутаттын окуясы эки мамлекеттин мамилесине анчалык деле таасир этпейт. Бирок талдоочу Кайрат Осмоналиев ар бир малекеттин туусу ыйык экенин жана тарыхта аны мазактоо ар кандай терс окуяларга себепчи болгонун кошумчалады.

- Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин мүчөсү. Ошондуктан ал жасаган аракетин ойлонуш керек болчу. Тарыхта мындай окуялардан улам согуш чыккан учурлар бар.

Акыркы маалыматтарда Газада урушкан тараптар убактылуу элдешти. Газада уруш башталган бир айдан бери 1800дөн ашуун палестиналыктын, көбүнесе жайкын тургундардын өмүрү кыйылды. Израил 64 жоокерин, 4 тургунун жоготту. Бул аралыкта Кыргызстандагы мусулман коомчулугу Палестин элин колдоп, бир катар акцияларды өткөрдү.

XS
SM
MD
LG