Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Акталган аял күч түзүмдөрүн сотко берди


Ош шаарынын тургуну Азизахан Халматова Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жана райондук прокуратурага каршы сотко кайрылды.

Халматова күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү катары Казакстандын түрмөсүндө 69 күн кармалып, негизсиз отурганы үчүн моралдык жана материалдык чыгым үчүн 1,2 млн. сом өндүрүүнү соттон өтүнүп жатат. Прокуратура жана ички иштер органдары өз кызматкерлерине бул багытта тартиптик жаза менен гана чектелген.

Азизахан Халматова жолдошу киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн эки күн өткөн соң ушул жылдын 7-июлунда Казакстандын Костанай облусунда кармалган. Киши өлтүрүү боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө алынган Халматованы казак соту 40 күнгө камакка алып, кийин анын мөөнөтүн узартып турган. Азизахан Халматова укук коргоо органдары аны негизсиз айыптаган деп эсептейт:

Азизахан Халматова.
Азизахан Халматова.

- Ушул жылдын 3-июль күнү Узгенбаев Ниязжандан уруксат сурап, Орусияга иштеп келүү максатында жолго чыкканбыз. Ошол эле күнү жеңил машинедеги алты адам Ош шаарындагы “Достук” чек ара бекетинен Өзбекстанга, андан ары Чымкентке өттү. Эки сутка жол жүрүп, 5-июлда Казакстандын “Костанай” бекети аркылуу Орусиянын Челябинск облусунун Магнитогорск шаарына жеттик. 6-июлда Ош шаарындагы туугандарым мага телефон чалып, “жолдошуңду өлтүрүп кетишиптир, милиция күнөөлүү катары сени издеп жүрөт, артка кайт” дегенинен мен дароо Кыргызстанга жолго чыктым. Казакстандын Костанай облусуна киргенде милиция мени кармап, ошол замат камакка алды. Алар мага киши өлтүрүүгө шектүү катары эл аралык издөөдө жүргөнүмдү айтышты. Кийинчерээк жакындарым жактоочулар менен Казакстанга келип, менин кармалышымдын жагдайларын сураштыра башташты. Андан соң Сузак райондук милициясына жана прокуратурасына негизсиз кармалганымды айтып, бир нече ирет кайрылышкан. Бирок укук коргоо органдары кылмыш ишинде далил фактылар менен кармалганымды айтып жооп берип турушкан.

Киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Өзгөн районунун 39 жаштагы тургуну Ниязжан Узгенбаевдин сөөгү 5-июлда Ош-Бишкек жолунун Сузак участкасындагы “Достук” мейманканасынан табылган. Ошол эле күнү окуяга байланыштуу Сузак милициясы “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ага шектүү катары жубайы Азизахан Халматовага 7-июлда эл аралык издөө жарыяланган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков эл аралык издөө Мамлекеттик чек ара кызматынын берген маалыматына таянып берилгенин айтат.

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- Каза болгон адам мейманканага бир аял менен кирип, ал чыгып кеткен соң бычакталган жансыз денеси табылган. Окуя болгон жердеги мейманканада тартылган видео байкоолордун негизинде кылмышка шектүүнүн багыттамалары берилген. Ал өзүнүн жубайына окшош болуп чыккандыктан, Мамлекеттик чек ара кызматына Азизахан Халматова качан чет өлкөгө чыгып кеткендиги боюнча маалымат суралган. Чек ара кызматы аял 5-июлда кечкисин өткөнүн билдирген. Анын негизинде Сузак райондук милициясы Азизахан Халматованы камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып, эл аралык издөөгө берген. Ал эми алгачкы ыкчам ишинде кетирген катачылыктары үчүн Сузак милициясынын башчысы баш болгон төрт кызматкери тартиптик жазага тартылып, орун басары жумуштан бошотулган.

9-сентябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмү Азизахан Халматовага карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, бөгөт чарасын алып таштаган. Анын негизинде Халматова 13-сентябрда Казакстандагы абактан чыккан. 69 күн негизсиз түрмөдө кармалганы үчүн ал укук коргоо органдарын айыптоодо.

- Мен 69 күн мыйзамсыз камакта отурган күндөрүмдө туугандарым мени чыгарып алыш үчүн 250 миң сомдон ашык материалдык чыгым кетиришиптир. Ал чыгымдарды ким төлөп берет? Камакта запкы жеп, ден соолугум начарлады. Моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом жана материалдык чыгым деп 240 миң сомду кошуп, алардын үстүнөн Сузак райондук сотуна кайрылдым. Бирок, тилекке каршы, жоопкер катары сотко чакырылган Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Э.Сатаров, орун басары Т.Эргешов, тергөө тобунун башчысы М.Сулайманов, тергөөчүсү Б.Мурзаева, Сузак районунун прокурору М.Алымбеков, орун басары Ж.Разыбековдор сотко келбей жатышат. Кылмыш-жаза кодексинде "бирөөнү мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартса же камакка алса жоопкерчиликке тартылат" деп көрсөтүлгөн. Бирок ал мыйзам буларга таасир этпей жатат.

Кубанычбек Мамбеткулов.
Кубанычбек Мамбеткулов.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы да өз кызматкерлерин тартиптик жазага тартуу менен гана чектелди. Облус прокурорунун улук жардамчысы Кубанычбек Мамбеткулов буларды айтты:

- Жогорудагы окуяга байланыштуу облус прокурорунун буйругунун негизинде Сузак районунун прокурору менен анын орун басарына “ээлеген кызмат ордуна толук ылайык эместиги жөнүндө” эскертүү берилди. Ал эми облустук прокуратуранын Сузак району боюнча координаторуна жөн гана эскертүү берилди.

Киши өлтүрүү окуясына байланыштуу 8-сентябрда Базар-Коргон районунун 29 жаштагы тургуну, эки балалуу келин кармалган. Анын кылмыш кылганы толук далилденип, 25-октябрда Сузак соту аны 14 жылга эркинен ажыраткан.

Аскер прокуратурасы болсо “Достук” чек ара өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин үстүнөн “Кызматтык жасалмачылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG