Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Жалал-Абад: өнүктүрүү фондуна нааразылар


Долбоордун бириндеги макет.
Долбоордун бириндеги макет.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна чогулган 39 млн. сом мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жатат. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү менен долбоор даярдап жаткан айрым жеке ишкерлер айтып чыгышты.

"Байкоочу кеңеш менен башкармалык кабыл алган чечимдер шайкеш келбей, ага фонддун администратору катары өкмөттүн облустагы өкүлү аралашып жатат" деген сын-пикирлер айтылууда. ​

Жуманазар Карбозов Аксы районунун Жерге-Тал айылына кара өрүк сактоочу кичи логистикалык борбор салыш үчүн долбоор жазып, облустук өнүктүрүү фондуна тапшырган. 6 млн. сомдук долбоорду фонддун башкармалыгы колдоп, байкоочу кеңешке жиберген. Бирок ал белгисиз себептерден улам байкоочу кеңеш анын долбоорун четке кагып, ордуна башканы өткөрүп коюшканын айтты.

Жуманазар Карбозов.
Жуманазар Карбозов.

- Аксынын кара өрүгүн Германиядан ишкерлер келип, сатып алууга даяр турушат. Ошондуктан биз эл аралык стандартка чыгыш үчүн чакан логистикалык борбор куралы деп долбоор жазганбыз. Эл аралык донор уюмдар да "логистикалык борбордун курулушуна салым кошобуз" деп күтүп турушкан. Облустук өнүктүрүү фондунун башкармалыгы биздин долбоорду жогорку балл менен биринчи болуп өткөргөн. Бирок кийин билсек байкоочу кеңешке барганда четке кагып коюптур. Анын ордуна Жалал-Абаддагы Курманбек аркасынын жанына курулуучу комплекске (24 млн. сом) жана Ноокендеги стадиондун курулушуна (10 млн. сом) өткөрүп салышыптыр. Бул жагы бизге түшүнүксүз болуп калды. Анткени фонд облустук администрациянын жетекчисине баш ийет экен. Ошентип долбоорубуз да токтоп калды. Ага эч кимден жарытарлык жооп ала алган жокпуз.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна былтыр алгачкы жолу 39 млн. сом каражат түшкөн. Фонд акча бөлүп берүү максатында төрт сыйра сынак жарыялап, бирок документтери толук эмес болгондуктан баарында тең долбоорлордун эч бири тандалган эмес. 2017-жылдын декабрь айында 5-жолу өткөрүлгөн сынакка 12 долбоор түшүп, башкармалык алардын экөөнү гана колдоп берген. Башкармалыктын мүчөсү Чынара Жусупова буларды айтты:

- Бизге түшкөн 12 долбоордун экөөнү гана колдоп бергенбиз. Калгандарында документ иштеринде катачылыктар болгону үчүн четке кагылган. Ал жерде Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги Курманбек дарбазасынын жанына жаштар аллеясын куруу долбоору аябай талкуу жараткан. Анткени ал курулушка жеке адам айыл чарба багытындагы өзүнүн жерин берүүгө макулдугун берген. Бирок курулушка уруксат берген, трасформациядан өткөн документтерин бизге көрсөтүшкөн эмес. Ошол эле учурда "жаштар аллеясына 24 млн. сом көптүк кылат" деп башкармалыктын бардык мүчөлөрү четке какканбыз. Бирок эмнегедир биз колдобогон долбоорлорду байкоочу кеңеш колдоого алып, каражат бөлүп бергени жатат. Башкармалыктан четке кагылган Ноокендеги стадиондун курулушуна тендер жарыялап коюшту. Бул жерде өнүктүрүү фондунун жобосунун эрежелери бузулуп жатат.

Өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна алты адамдан турган башкармалык жана 25 кишиден уюшулган байкоочу кеңеш кирет. Алгач долбоорлорду башкармалык карап чыгып, ал койгон баллга жараша байкоочу кеңеш бекитип бериши керек. Андан соң каражаттар бөлүнүп берилет.

Башкармалыктын мүчөлөрү "фонддун мурунку аткаруучу директору Абдрахман Осмонов жана администратор болуп эсептелген өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кызмат абалынан пайдалануу менен өз долбоорлорун өткөрүп салган" деп айыптоодо. Аты-жөнүн атагысы келбеген башкармалыктын дагы бир мүчөсү буларга токтолду:

- Фонддун жобосуна ылайык башкармалык четке каккан долбоорлорду кемчилигин оңдоп, байкоочу кеңештин 3-2 мүчөлөрүнүн колдоосу менен өткөрсө болот. Бирок бул жерде байкоочу кеңешке долбоор ээлери тарабынан эч кандай кайрылуу болгон эмес. Ошол учурдагы аткаруучу директор байкоочу кеңешке төрт долбоорду сунуш кылган. Бирок биз экөөнү гана колдоп берген болчубуз. Ушул жерде мыйзам бузулуп жатат. Такталбаган маалыматтарга караганда фондун мурунку аткаруучу директору А.Осмонов Ноокендеги стадиондун курулуш долбоорун өткөрүп, жумуштан кетип, тендерге катышууну пландап жатыптыр. Ал эми "24 млн. сомдук Курманбек аркасынын жанындагы курулуштун долбоору облус жетекчисинин сунушу менен киргизилген" деген маалыматтар бар. Губернатордун мындай басым кылганы туура эмес.

Облустун жетекчиси жана өнүктүрүү фондунун администратору Кыянбек Сатыбалдиев айрым кемчиликтерге байланыштуу аткаруучу директорду кызматтан алганын айтат. Ошол эле учурда башка кызматкерлердин жумушуна кийлигишпей турганын кошумчалады:

Кыянбек Сатыбалдиев.
Кыянбек Сатыбалдиев.

- Мен башкармалыктын жана байкоочу кеңештин ишине таптакыр кийлигишкен жокмун. Албетте, долбоорлор көп келип жатат, алардын баарына акча бөлүп берүүгө фонддо акча жок. Ошол себептүү биз артыкчылыктуу долбоорлорго гана каражат караганбыз. Курманбек аркасынын жанындагы жаштар аллеясы бизге абдан зарыл болуп турат. Ошондуктан аны коштурганбыз. Ал эми калган долбоорлор "жергиликтүү бийлик өзү колдоп эле аткарса болот" деген негизде артка кайтарылган. Эгерде кандайдыр катачылык болсо, териштирүүчү органдарга кайрылсын. Азыр мен жаңы дайындалган директорго кетирилген кемчиликтердин баарын оңдоо жана кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма бердим.

Фонддун мурунку аткаруучу директору Абдрахман Осмонов өзүнө коюлуп жаткан дооматтар туурасында мындай түшүндүрмө берди:

- Биз уюштуруу иштерин жана документтерди гана даярдап беребиз. Ал эми чечүүчү орган - бул байкоочу кеңеш менен башкармалык. Башкармалык колдоого албай койгон долбоордун ээлери кемчиликтерин оңдоп, байкоочу кеңештин төрагасынын атына кайрылышкан. Ошондуктан кийинки долбоорлор байкоочу кеңеш тарабынан жактырылып, аткарууга жөнөтүлгөн. Ал эми мен тууралуу айтылып жаткан дооматтардын баары негизсиз. Жумуштан өз каалоом менен гана кеттим.

Облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы Ташмамат Станбаев болсо мурунку аткаруучу директорду айыптоодо. Анткени анын айтымында четке кагылган долбоорлордун ээлеринен анын атына эч кандай кайрылуу түшкөн эмес. Ал байкоочу кеңештин апрель айындагы жалпы жыйынына уюштуруучулар төрт долбоорду сунуш кылганын билдирди.

- Байкоочу кеңештин жыйынына "башкармалыктан өттү" деп төрт долбоорду сунуш кылышкан. Анын ичинен Аксыдагы кичи логистикалык борбордук айрым документтери жоктугуна байланыштуу күн тартибинен алынып салынган. Калган төрт долбоорду биз карап, жактырып бергенбиз. Ал эми башкармалык четке каккан долбоорлор тууралуу биздин кабарыбыз болгон эмес. Алардан бизге кайрылуу да болгон эмес. Абдрахман Осмоновдун айткан сөздөрү чындыкка жатпайт.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду 2014-жылы уюштурулган. Былтыр кендерди сатуудан түшкөн пайдадан 39 млн. сом каражат чогулган. Башкармалык менен байкоочу кеңештин мүчөлөрү өкмөттүк эмес уюмдардан жана райондогу өнүктүрүү фонддорунан тандалып алынат. Фонд 2015-жылдан бери долбоорлору жок иштеп, кызматкерлери маяна алып жатканы да айтылат.

Долбоору байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылган Жуманазар Карбозов бул жагдайды териштирүү максатында президент Сооронбай Жээнбековго жана Башкы прокуратурага кайрылуу жазды. Алдыдагы күндөрү байкоочу кеңешти кайрадан жыйынга чогултуп жатканын фонддун жаңы дайындалган аткаруучу директору Танзилия Сатимова билдирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG