Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Чарбактыктар жердештери менен коштошту


11-майда Жалал-Абаддын Чарбак айылында 16 адамдын сөөгү жерге берилди. Алардын арасында төрт айлык ымыркай жана төрт бала да бар.

Булар 8-май түнү Алматы-Екатеринбург жолунда кырсыкка учурап, набыт болушкан. Дагы 2 адам учурда Казакстанда дарыланып жатат.

Акыркы сапарга узатууга маркумдардын туугандары менен Чарбак кыштагынын тургундары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Айылдын тургуну Искендер Хариев ошол кырсыкта 34 жаштагы кызы менен 13 жаштагы небересинен айрылган:

- Кыргызстаныбыз байып, мурункудай болгондо ушундай кырсык болбойт эле. Кызымдын эки уулу бар эле, чоңун өзү менен алып кеткен болчу. Мына эми бир уулу калды. "Үйүмдү оңдогонго иштеп, акча таап келейин", - деп кеткен. Тилегине жетпей калды. Кыргыз эли ток болсун, ток болсо, биздин балдар эч кайда тентибейт. Иш таап берсе, жаштарым барбайт эле. Эми айла жок. Мүмкүн завод-фабрика курабы? Кыз-келиндер, балдар иштеп келип, бөлүнүп чыгып, ата-энесине оордугу тийбей калды эле.

Чарбактык Миркамил Хакимжанов кырсыкта 20 жаштагы кызы менен анын төрт айлык ымыркайын жоготту. Ал кызы Орусияда иштеген күйөөсүнө баратып, кырсыкка учураганын айтты:

- Мен "адам көп болсо кысылат, салбай эле коюңуз", - десем, айдоочу “ордунда кетет, орундуктан ашыкча адам албайм”, - деген. Эми азыр айдоочулук күбөлүгү кандай берилип атканын билесиз го. Шофер да жаш эле. Айдоочу ал жакка барып-келип, каттап жүргөн экен. Күзүндө бар дегенибизге макул болбой, "эки-үч жыл иштеп келели" деп кетишкен.

Көрүстөндүн жанында каза болгондордун урматына аза күтүү митинги да өттү. Ага катышкан облустун ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров мигранттарды ташыган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү өтүндү:

- Жергиликтүү бийлик, тартип коргоо уюмдары, миграция кызматы ушундай топ болуп, сапарга чыгып, жумушка баргандарды көзөмөлгө алып, күчөтсө жакшы болмок. Көзү өткөндөрдүн топурагы торко болсун!

Зулайка Ахмедова кырсыкта жолдошун жоготуп, төрт баласы менен жесир калды:

- Тиричиликтин айынан ошол жакка кетип, ушундай кырсыкка учурады. Үч-төрт жылдан бери барып-келип, иштеп жүрдү эле. Быйыл паспортун алмаштырганы келип, кайра бараткан болчу. Жумуш жок, балдарга жөлөк пул албайм, пенсия жок. Кыйынчылыктан барган. Жаңы үй курганбыз. "Ошону бүтүрөйүн, балдарымды багып, аларга той өткөрөйүн" деген тилек менен кеткен болчу.

Кырсыкта набыт болгондордун сөөгү Казакстандан Чарбакка чейин өкмөттүн эсебинен жеткирилди.

Айыл курамына кирген Могол айыл округунун башчысы Эркин Турдукулов каза тапкандардын жакындарына өкмөттүк жардам таратылганын айтууда:

- Чарбакта беш миңдей киши жашайт. Алардын арасынан 300-400ү Москвада, Казакстанда иштеп, бала-чакасын, урук-тууганын багат.

Кыргыз өкмөтү менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көз жумгандардын туугандарына кайрат айтышты. Базар-Коргон - Арстанбап жолунун боюнда турган ушул Чарбак кыштагында өзбек тектүү 1047 түтүн эл жашайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG