Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Жалал-Абаддын соода кыскан темир жолу


Темир жолдун боюндагы базар.
Темир жолдун боюндагы базар.

“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад шаарындагы темир жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарды иретке келтире албай жатат.

Соодагерлер төлөгөн ижара акы шаар бийлигине же темир жол ишканасына түшкөнү белгисиз.

Мыйзамсыз соода кылуунун артында “Түштүк темир жолу” ишканасы турганын басма сөз жыйынында жеке ишкерлер айтып чыгышты. “Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы “орган кызматкерлери абалды көзөмөлдөбөй жатат” деп билдирет.

Жеке ишкер Замира Манасова Жалал-Абад шаарынын борборундагы темир жол жэгинен ижарага келишим менен алган жери жокко чыгарылып жатканын айтып нааразылык билдирүүдө. Ал өткөн айда “Түштүк темир жолу” мамлекетик ишканасы менен келишим түзүп, 200 чарчы метр жерди ижарага алган. Себепсиз эле ал келишим бир тараптуу жокко чыгарылганы ишкерди капа кылды.

- Мен мамлекетке акча түшсүн деп, ал жерди мыйзамдын негизинде келишим менен алып жаткам. Ай сайын ижара акы катары 100 миң сомдон ашык пайда бермекмин. Темир жол жээгинде иштеп жаткан соодагерлерден алынган акча кайда кетип жатканын эч ким билбейт. Темир жол же башка органдар алар менен иши да жок. Болгону мен ошол акча мамлекеттин казынасына түшсүн деп, мыйзамдуу жол менен иштөөгө киришкенмин. Бирок “Түштүк темир жолу” ишканасы кайсы бир кызыкчылык менен жерди мага бергиси келбей жатат.

Замира Манасова.
Замира Манасова.

1999-жылы Жалал-Абад - Көк-Жаңгак багытындагы поезд каттамы токтогондон тартып темир жолдун жээктери базарга айланып, кээ бир жер тилкелери жеке ишкерлерге сатылып кеткен. Ошол жылдардан тартып темир жолдун айланасындагы мыйзамсыз сооданын аягы тыйылбай келет. Жеке ишкер буга “Түштүк темир жолу” ишканасы да кызыкпаганын айтты:

- Эгер мага берилип жаткан жер мыйзамдуу десе, анда анын жээгинде курулган курулуштар, соодагерлердин дүкөндөрү да мыйзамдуубу? Эмне себептен мага келгенде мыйзам иштейт, аларга болсо мыйзам жокпу? Мыйзам баарына тиешелүү болгон соң ар бир адам аткарышы керек. Мен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келет. Өлкө башчысы “коррупция менен күрөшкүлө” деп жатат, мен да ага жардам берейин десем тоскоолдуктар жаралып жатат. Урматтуу президент, бул багытта укуктук жактан көмөк көрсөтүшүңүздү суранам.

Абдужалил Султанов.
Абдужалил Султанов.

“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы мыйзамсыз соода кылган 40ка жакын соодагер боюнча жыл сайын укук коргоо органдарына кайрылганы менен жыйынтык чыкпай жатканын билдирүүдө. Акыркы жолу ишкананын өкүлдөрү темир жолдун жээгиндеги соодагерлерди тасмага тартып, транспорттук ички иштер бөлүмүнө жиберишкен. Мекеменин юристи Абдужалил Султанов буларды айтты:

- Темир жолдун жэгинде мыйзамсыз соода кылгандарды көзөмөлдөө - транспорттук ички иштер бөлүмүнүн милдети. Биз жыл сайын аларга кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай жатат. Акыркы кайрылуубузга аталган орган “кылмыштын курамы жок” деген жооп берди. Темир жолдун четиндеги соода боюнча тасмага түшүрүп, бардык далилдер менен кайрадан кат жаздык. Алар тергөө иштерин жакшы алып барса бардыгы ачыкка чыкмак. Ал эми “Түштүк темир жолу” ишканасы тарабынан Замира Манасовага ижарага берилген жер боюнча маалыматым жок экен. Ага ким кол койгонун да билбейм.

Жалал-Абад облустук транспорттук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кубатбеков темир жолчулардын пикирине кошулбайт.

- Транспорттук ички иштер бөлүмүнүн милдети - темир жол жээгиндеги коомдук коопсуздукту сактоо, - деди ал. - Биз алып сатуу же алыш-бериш ишине кийлигише албайбыз. Ал үчүн темир жол мекемеси өзү сотко кайрылыш керек. Соттун чечими менен "бузулсун" десе, ошол учурда гана биз коопсуздук жагын карап беришибиз мүмкүн. Милдеттердин баарын бизге жүктөө туура эмес. Мисалы, 2018-жылы темир жолдун жээгинде 10 кылмыш катталса, алардын төртөө боюнча кылмыш иши ачылган. Бизде болгону 14 гана кызматкер эмгектенет. Темир жолдо соода кылган адамдарды текшерүү учурунда алар төлөмдөрүн банк аркылуу жүргүзгөн квитанцияларын көргөзгөн, аларга биз эч кандай чара көрө албайбыз.

Автандил Дүйшеев.
Автандил Дүйшеев.

Дем алыш күндөрү шаардын Жусуп Бакиев жана Бабкина көчөсүнө чейинки аралыктагы темир жол жээктери жайма базарга айланат. Бул жерде соода кылуу мыйзамсыз болгонуна карабай шаар бийлиги менен “Түштүк темир жол” ишканасы да чара көрө албайт. Мэрияга караштуу керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси Автандил Дүйшеев буларды айтты:

- Азыркы учурда темир жолдогу сооданы шаар бийлиги тескебейт. Буга чейин 14 соода түйүнүнүн ижара акысын алып турган. Биз азыр алардын ишине такыр аралашпайбыз. Ал эми жайма базар чынында бар. Эл колундагы буюмдарын сатып калыш үчүн бир күн соодага чыгат. Аларды кууп таштоого да болбойт. Билишимче аларды темир жол кызматкерлери тейлейт.

“Түштүк темир жолу” ишканасы шаар мэриясынын эки токтому боюнча сотко кайрылган. Анткени темир жолго караштуу айрым жерлер менчиктештирилип кеткен фактылар бар. Анын бири азыр облустук сотто каралууда. Темир жол эрежелерине ылайык поезд жүрүүчү жолдон 4 метр аралыкка чейин эч кандай курулуш жүргүзүүгө жана соода кылууга болбойт. Бирок шаарда темир жолдун үстүндөгү соода эмгиче тыйыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG