Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

"Кыргызмунайгаз" жамаатынын митинги уланды


9-февралда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жамааты нааразылык акциясын кайра улантты.

Алар ишкана боюнча эки жыл мурда чыгарылган Жогорку Соттун чечимин күчүндө калтырууну, ишкананы кайра Жогорку Сотко берген “Юнитрейд-компани” уюмунун доо арызын четке кагууну талап кылышты.

Митингчилер талап аткарылбаса, Ош-Бишкек жолун тосушаарын билдиришти.
Ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы митингге чыккандар мыйзамды сыйлабай, туура эмес берилген маалыматтардын жетегинде калгандыгын маалымдады.

Митингдин катышуучулары мурда ишканага алынып келинген жабдуу боюнча Жогорку Сот 2010-жылдын 17-декабрында чыгарган чечимди күчүндө калтырууну талап кылышты.

Мурда ишкана менен “Юнитрейд компани” уюму келишим түзгөн. Ал келишим боюнча 2009-жылы алып келген 8 миллион 522 миң доллардык жабдуусу үчүн жоопкерчилиги чектелген “Юнитрейд компани” уюму бир тоннасын 275 доллардан эсептеп, отуз бир миң тонна мунай алууну чечкен. Бирок эки жыл мурдагы чечим менен макул болбогон компания жакында жаңы жагдайларга байланыштуу доо арыз менен Жогорку Сотко кайра кайрылган. Доо арыз 9-февралда каралмак.

Мунай баасы азыр 650-700 долларга бааланган убакта иштебеген жабдууну алууну каалабаган эмгек жамааты “Юнитрейд-компани” уюмунун арызын четке кагууну, мурдагы башчынын убагына караганда былтыр 24 эсе киреше көп берген “Кыргызмунайгаз” ишканасынын ишине тоскоолдук кылбоону, текшерүүлөрдү токтотууну жана коррупциялык иш ыкмаларды жоюну талап кылып, өткөн аптадан бери митингге чыгып келатышат.

Эмгек жамааты ишкана курамына кирген Ноокен районунда элдик коргоо комитетин түзгөн. Комитеттин төрагасы Муктар Артыкбаев “Юнитрейд-компани” уюмунун атынан сотко кайрылды деп, Самсаалы Четинбаевдин атын атап, ишкананын жыл ичиндеги көрсөткүчтөрүнө токтолду:

- Келишим боюнча отуз бир миң тоннаны алып чыгып кетиши керек. Ошон үчүн жанталашып атат.



“Кыргызмунайгаздын" сөз алган жумушчулардын бири Токтосун Эсеналиев жабдууга төлөнүүчү мунайдан улам жергиликтүү казына көп каражаттан кур калаарын жана социалдык-экономикалык максаттагы пландар да орундалбай калаарын белгиледи:

- “Кыргызмунайгаз” райондун 85 пайыз, облустун 33 пайыз бюджетин кармайт. Биз бүгүн эртеңкибизди ойлойлу! “Юнитрейд” компанияны былтыр биз уткан болсок, дагы ошондой болсун деп айтып атабыз.

Ишкананын экономисти Медет Садыков эл топтоого убада берип, бирок митингчилерди мыйзамды сактоого чакырды

Облустук каржы полициясы 2010-жылдын январь айынан 2011-жылдын апрель айына дейре иштеген “ишкананын мурунку жетекчилеринин иш аракетинде кылмыштын курамы бар” деп, 10-январда кылмыш ишин козгогон. Облустук каржы полициясынын тергөөчүсү Кубанычбек Таштанбековдун айтымында, кылмыш ишин ачууга республиканын салык кызматынын текшерүү маалында ишкананын 32 миллион сом салык төлөбөгөнү билингени себеп болгон.

- Туура эмес маалыматтар берилип атат окшойт. Бул – саясий иш эмес, болгону – негизги фактылар. Бул боюнча бизге 10-январь, 2012-жылы Салык кызматынан материал келип түшкөн.

Самсаалы Четинбаев былтыр “Кыргызмунайгаздын” директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланса да ишканадагылар аны тааныбай жатканын жана өзүнүн “Юнитрейд компани” уюмуна тиешеси жок экендигин айтууда. Анын ырасташында Жогорку Сотко ошол уюмдун өзү кайрылган. Ал митингчилер туура эмес маалыматтын туткунунда калгандыгын белгиледи:

- Мен буларга түшүнбөйм. Мен “Кыргызмунайгаз" менен "Юнитрейд компани” экөөнүн ортосундагы келишимге тиешем жок. Сотко “Юнитрейд компани” өзү берген. “Юнитрейд компани” жабдууларды берген. Аны менен “Кыргызнефтегаздын” ортосунда келишим болгон. “Кыргызнефтегаз“ келишимди аткарган жок. “Юнитрейд“ өзүнүн чыгымын ордуна келтириш үчүн "менин акчамды кайтарып бергиле, келишим менен иштегенбиз, келишимге эки тарап кол койгонбуз. Ошону аткаргыла" деп атат. Ал 2009-2010-жылы эрте жазда түзүлгөн келишим. Акционердик коом "Акционердик коом жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде иш алып баруусу керек. Бул жерде премьер-министр да, президент да кийлигише албайт. Мыйзамдын чегинде иш алып баруусу керек. Булар мыйзамга баш ийбей атышпайбы. Мен былтыр 26-апрелде акционерлердин чогулушунда директорлор кеңешине мүчө болуп, анан директорлукка шайлангам.

Жогорку Соттун 9-февралдагы отурумунда “Юнитрейд компани” уюмунун доо арызы четке кагылганын борбордо жүргөн “Кыргызмунайгаз” ишканасынын сырткы башкаруучусу Жеңиш Жумашев кабарлады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG