Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Асанов: Мүлк министрлигинде туура эмес саясат жүргөн


Бектур Асанов
Бектур Асанов

Кочкор-Атадагы соңку жагдай тууралуу Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кочкор-Ата шаарында “Кыргызмунайгаздын” мурунку жетекчисинин тарапкерлери кечээ кечке маал дагы Ош-Бишкек жолун бууй турган болуп, бирок сизди келет деп күтүп андай аракеттеринен баш тартышкан экен. Сиз митингчилер менен жолуктуңузбу? Аларды “Кыргызмунайгазга” байланыштуу өкмөттүн соңку чечимдери ынандырып жатабы?

Бектур Асанов: Кечээ Бишкектен Ошко учуп, Оштгон түз эле Кочкор-Ата шаарына барып митингге чыккандар менен жолуктум. Жолдун боюнда 700-800дөй киши турган экен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылдык.

“Азаттык”: Өкмөт башчы ушул окуяларга байланыштуу мүлк министрин кызматтан алды, жаратылыш ресурстары министрине сөгүш, ал эми сизге эскертүү берди. Бирок эмне үчүн ага карабай митинг уланып жатат?

Бектур Асанов: Баарыңыздар билесиздер, талаш маселелерге адилет баа берилбесе, адилеттүү чечилбесе ал курчуй берет. Мен бул маселени 7-8 айдан бери президенттин, өкмөттүн алдына коюп келатам. Бирок, тилекке каршы, мүлк министри тарабынан туура эмес саясат жүргүзүлгөнүнө байланыштуу мына ушундай жагдай келип чыкты.

Эми менин сунушум боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Эгерде комиссия мурдарак түзүлгөндө, акыркы жылдагы "Кыргызмунайгаздын" ишмердүүлүгүн толук текшерип чыкканда кырдаал таптакыр башкача болмок. Бүгүнкү күндө Мүлк министрлиги тарабынан бир жактуу саясат жүрүп келди. Ошондуктан бул ишкананын жамааты, Кочкор-Ата шаарынын тургундары буга каршы болуп жатышат. Себеби булар баарын көрүп турат.

“Азаттык”: Сиз буга чейин "Кыргызмунайгазда" басып алуучулук болгон жатат, эгер токтобосо кызматымдан кетем дегендей билдирүү жасадыңыз эле. Минтип айтканыңызга эмне себеп болду?

Бектур Асанов: Жалал-Абад облусунун аймагында былтыркы жылдын апрель айынан бери бир дагы ишкананы рейдерлик басып алууга жол берген жокпуз. Ошол эле учурда ушул "Кыргызмунайгаз" ишканасына дагы.

Биз тикебизден тик каршы туруп, мен дагы ишкананын жамаатын колдоп бир дагы рейдерлик басып алуу болгон жок. Ошондуктан Жалал-Абад облусунда ири жана орто ишканаларынын баарында стабилдүүлүк сакталып, облустагы экономикалык өсүш республика боюнча эң алдыга чыкты. Бул деген жергиликтүү, облустук бийликтин бизнестин, өндүрүштүн иштешине толук шарт түзүп бергенинин натыйжасы.

Мына Кочкор-Ата эле эмес, Майлы-Суу шаарындагы электр лампа заводунда бир топ аракеттер болду. Ушул эле Мүлк министрлиги тарабынан башка бир кишилерди алып келүү болду. Ал жерде да жамаат бекем турганына байланыштуу алар башка кишини алып келе алышкан жок.

Ушундай эле жагдай Нарын ГЭС ишканасында да болду. Ал жерде дагы эле ушул Мүлк министрлиги тарабынан коюлган кишини жамаат чыгарып салып, ал жерде да азыр үчүнчү киши иштеп жатат. Ошондуктан мүлк министринин кызматтан алынганы менимче туура чечим болду.

Жаратылыш ресурстары министрине сөгүш, мага эскертүү берилди. Чынын айтыш керек, эгер мен аракеттенбей койсом мага сөгүш берсе болмок. Анткени бул окуялар Жалал-Абаддын аймагында болуп жатпайбы. Мен бул чечимге каршы болгон жокмун, кандайдыр бир деңгээлде бул окуяларда менин да жоопкерчилигим бар.

“Азаттык”: Президент Роза Отунбаева соңку ирээт Жалал-Абадга барганда ушул "Кыргызмунайгазда" да болуп, бир канча миллион сомдук тетиктин орнотулуш аземине катышып, ушундай иш-чаралар болду эле. Айтып бересизби, бул эмне болгон ишкана, мунайга болгон керектөөнүн канча пайызын камдап берет? Кирешеси көппү, эмнеге бул ишкананын айланасында ызы-чуу болуп жатат?

Бектур Асанов: "Кыргызмунайгаз" ишканасы буга чейин анчалык чоң киреше бербеген өзү менен өзү алек болгон ишкана болуп эсептелген. Бул мурунку президенттер Акаевдин, Бакиевдин тушунда да ушундай болчу. Ал эми апрель окуясынан кийин келген жаңы жетекчилик менен ишканада таза пайда эбегейсиз чоң өсүшкө жетти. Аны менен бизде салык чогултуу эки эсе өстү. Ал эми жалпы товардын сатылган суммасы да эки эсе көтөрүлдү. Ал эми таза пайда болсо 14 эседен ашык көтөрүлдү.

Бул ишкананын тегерегинде буга чейин өтө күчтүү коррупциялык схемалар иштеп, пайда кээ бир адамдардын, же болбосо кээ бир топтордун чөнтөгүнө түшүп жатканы аныкталды. Тилекке каршы бүгүнкү күндө дагы бийликтин тегерегинде эски коррупциялык схеманы кайра калыбына келтирүүгө аракеттенген топ бар экени маалым болду. Дал ошол топ бүгүнкү күндө Мүлк министрлигинин айланасында жүргөндүгү, өкмөттүн ичинде экени аныкталып, тастыкталып калды. Бул элге, "Кыргызмунайгаздын" жамаатына толук маалым болгондон кийин алар тикесинен тик туруп мамлекеттин, ишкананын кызыкчылыгын коргоп атышат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG