Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Жалал-Абад: уурдалган мунайдын сырдуу изи


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

“Кыргызмунайгаз” ишканасынан 300 тонна мунай уурдалганы кабарланды. Кочкор-Атадан Жалал-Абадга чейин түтүктөр аркылуу жеткирилүүчү мунайды орто жолдо белгисиз бирөөлөр түтүктөрдү тешип, агызып алып жатканы аныкталган. Мекеменин коопсуздук кызматы “уурулукка милиция аралашкан” деген маалымат берди.

Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөндөрдүн автоунаасы кармалды. Бул тууралуу “Кыргызмунайгаз” ишканасынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Рашид Сулайманов билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир айдан бери Кочкор-Атадан жөнөтүлгөн мунай өз убагынан кеч жетип жатканы байкалып, ишкананын жетекчилиги түтүктү текшерүүгө аракет кылып келген.

Рашид Сулайманов.
Рашид Сулайманов.

- “Кыргызмунайгаз” өндүргөн мунайдын негизги бөлүгү Кочкор-Атадан Жалал-Абаддагы “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасына түтүктөр аркылуу жеткирилет. Түтүктөр аркылуу мунай уурдоо фактысы мурда да катталып, аягы тыйылбай келген. Анын дагы бири кечээ күнү аныкталды. Ошентип өзүбүздүн кызматкерлердин жана коомчулуктун жардамы менен ууруларды колго түшүрдүк. Бирок алар мунай уурдап жаткан жерге автоунаасын таштап качып кеткен бойдон дайынсыз болууда, - деди Рашид Сулайманов.

Бул факт боюнча Сузакта мунай өткөн түтүктү тешип, уурдап алганга ыңгайлаштырган жай табылды. Андан болжол менен октябрь айында эле 300 тоннадай мунай уурдалган. Сулайманов учурда бул кылмыш иштеринде милициянын да аты аталып жатканын белгиледи:

- Бизге жардам берүүнүн ордуна "Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында иштеген ыкчам кызматкер, Сузак райондук милициясында эмгектенген анын тууганы ушул уурулуктун башында турган" деген маалыматтар чыгууда. Анткени ошол участканы тейлеген Сузак милициясынын кызматкери аттары белгилүү болсо да азыркыга чейин кылмышкерлерди кармабай жатат. 300 тонна мунайды акча менен эсептегенде 10 млн. сомго барабар сумма болот. Аны ошол унаанын айдоочусу менен кошо барган адам жасай албайт. Аларды кармаса, артынан башка уюшкан уурулуктун башчылары да белгилүү болот.

Облустук ички иштер башкармалыгы мунай уурдоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү адамдардын тек-жайы аныкталып, аларга издөө жарыяланган.

"Уурулукка тиешеси бар" деп айтылып жаткан милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө да башталды. Облустук милициянын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков буларды айтты:

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- 8-ноябрда Сузак районунун Камыш-Башы айылында, Көк-Арт сайынын жээгинде жайгашкан, жердин асты менен чийки мунай өткөн түтүктү белгисиз эки адам жарып, ак түстөгү "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү автоунаага куюп жатканда "Кыргызмунайгаз" ишканасынын төрт кызматкери көрүп калган. Эки киши автоунаасын таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул жерге Сузак милициясынын ыкчам тергөө тобу барып, керектүү иштерди жүргүзүп келген. Кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталып, аларды кармоо иштери жүрүп жатат. Жогоруда айтылып жаткан милиция кызматкерлеринин үстүнөн Жалал-Абад облусу боюнча өздүк ички коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

“Кыргызмунайгаз” ишканасы быйыл жыл башынан бери 90 миң тоннадан ашык мунай өндүрүп, уурулук иштерине карабай планды ашыгы менен аткарууга жетишти. Быйыл жылдын аягына чейин мунайды 125 миң тоннага жеткирүү пландалууда.

Рашид Бостонов.
Рашид Бостонов.

Ишкананын башкармалыгынын төрагасы Рашид Бостонов компаниянын ичиндеги мыйзамсыздыкка каршы күрөш, уурулукка байланыштуу маселелер август айынан тартып көтөрүлө баштаганын айтты:

- Мунун баары “Кыргызмунайгаздын” карамагында иш алып барган кытайлык “Борбор Азиядагы энергоресурстар” компаниясынын жетекчисинин мага жазган арызынан соң башталды. Компания өз кайрылуусунда "биздин мунайды даярдоо жана жөнөтүү участогунда иштеп жаткан лаборатория анализдерди туура эмес көрсөтүп, мунайдын курамында суунун көлөмүн көп көрсөтүп жатат" деп жазган. Мен кечкисин жөнөкөй жумушчу болуп, эч кимге көрүнбөстөн барып анализ үчүн куймаларды алып жаттым. Аны үч жактан текшертип, жыйынтыгында кытайлык компаниянын айткандары туура болуп чыкты. Атайын түзүлгөн комиссия да текшерүүгө алып, жыйынтыгында мунайды даярдоо жана жөнөтүү участогунун жетекчиси жана бир топ кызматкерлери жумуштан алынды. 2018-жылдын октябрь айынан тартып бизде Жалал-Абадга түтүк аркылуу жеткирген мунайдын көлөмү чыкпай калды. Мисалы, 2018-жылдын 2-октябрында Жалал-Абадга 200 тонна мунайды түтүк аркылуу менен айдаган болсок, анын 191 тонна 800 килограммы гана “Кыргыз Петролеум” ишканасына барган. Ортодо 8 тоннадан ашык мунай жоголуп кеткен. Ошентип изилдөө иштерин алып барып, акыры уурулук болгон аймакты аныктадык. Жалпысынан октябрь жана ноябрь айларынын ичинде 406 тоннадан ашык мунай уурдалганы белгилүү болду. Ошондуктан биз орган кызматкерлеринен бул иштин бетин эртерээк ачып берүүнү суранабыз.

Бостонов эгерде ички иштер органдары бул иштерге кайдыгер мамиле кылса, өлкө башчысына чейин кайрыла турганын айтты.

2500 адам иштеген "Кыргызмунайгаздын" 85% акциясы Мамлекеттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG