Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Сары-Челек коругу талашка түштү


Аксынын жайыты жок Кызыл-Туу айылынын тургундары малын Сары-Челек коругуна 4 күн аргасыз жайган. Алар токойсуз жерден мал жайыт берүүнү бир нече жылдан бери талап кылып келишет.

Маселе чечилбегендиктен корук жайгашкан Аркыт жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып кете жаздаган.

Директордун буйругу менен корукта оттоп жүргөн 135 мал-жылкынын 70 пайызы 25-майда ал жерден чыгарылган.

Аксынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Чонон Калчороев корукта иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Азыр ал багар жердин жоктугунан мал-жылкысын бөлүп, үч башка жакта кароого мажбур болгонун айтты:

- Жайыттын жоктугунан малды жакынкы жайыттарга айдоого туура келди. Ошондуктан токой чарбага тиешеси жок четтеги жайыттарды берүүнү суранып атабыз. Жайытка ылайыктуу жери 2500 гектар токойсуз эле жер. Малды жакынкы жерге жаялы десек жанагы жерди бербей жатат, Сары-Челекти. Бекер эле жатат. Адамдар тийиштүү жерлерге туура эмес жеткирип атат. Себеби басып алды дешүүдө, бул - жалган. Токою жок жерлер бар. Ошону убактылуу сурансак да болбой атат. Турмушубузду оңдоо үчүн малды сактап калыш керек.

Корук болгонго чейин мал Сары-Челек токоюна жайылган. Корук ачылганда ал жайгашкан Аркыт айылынын калкынын бир бөлүгү Кызыл-Туу кыштагына көчүрүлүп, бирок мал жайытсыз калган. Масалбек Жээнтаевдин малы да ар башка жерге жайылат:

- Менин жылкы, уюм да Кара-Суу тарапта. Кой-эчкилерим ушул жерде. Азыр кайтарып турабыз. Бул жакка түшсө, “эгин-тегинди жеп койду” дейт. Ары жакка барса, Кара-Суу айылынын эли малыбызды камап койот. Мына ошентип биз жайыттан кыйналып атабыз. Ал коруктагы кишилердин малы жайылып жүрөт, токой аралап. Ошон үчүн биз бийликтегилерден суранып атабыз, зонаны бизге бөлүштүрүп берсе, биз малыбызды убактылуу жайлатып келсек жакшы болмок.

Коруктун токой коргоо бөлүм башчысы Шералы Алишеров кызылтуулуктардын малы 13-майдан тарта төрт күн бою корукка айдап киргизилгенин билдирди. Андан улам корук жарым миллион сомдон ашык зыян тартканы эсептелип, он эки адамга айып пул салынды. Мал айдагандар менен корук жайгашкан Аркыт айыл калкынын ортосунда чыгып кете жаздаган чыр токтотулган. Кырдаал тууралуу өкмөткө маалымат жеткирилди.

Директордун буйругу менен 25-майда эки үйүр жылкы Сары-Челектен чыгарылып, ага айдалып келаткан дагы ошончо мал артка кайтарылды. "Корук кызматкерлери менен аркыттыктардын малы атайын бөлүнгөн аймакта багылат", -дейт ал:

- Кызыл-Туу айылынын жашоочулары 135 малын айдап келишти. Ушул мыйзам бузуулар тууралуу тиешелүү жерлерге кайрылганбыз. Жогору жактан жыйынтык чыкпай, 25-майда Сары-Челек коругунун токойчулары жогорудагы жылкы-малдардын 70 пайызын коруктун аймагынан айдап чыгууга аргасыз болдук.

Кошуналарды нааразы кылбоо үчүн корук тургундары да өз малынын санын чектөө тууралуу убадалашкан. Илимий ага кызматкер Токтоналы Жунусов мал жайыла берсе, корук жок болорун белгилөөдө. Ал бир нече мыйзам бузулган окуяга тартип коргоо уюмдары чара көрбөгөнгө нааразы болду:

- Биз сактап келаткан жан-жаныбарлар, дарак-өсүмдүктөр жок болуп, жайлоо болуп кетет. Башка жакты көрсөңүз, мал жайылганда июль айында эле чаңы чыгып атпайбы! Мал жайылса, биздин корук да ошондой болот. Өкмөттөн жардам жок. Бул жерде Жер, Токой, Административдик кодекстер бузулуп атат. Өзгөчө корголуучу жайлар жөнүндөгү өкмөттүн токтому бар, бул толугу менен бузулуп атат. Бирок бизден башка алардын үстүнөн иш козгоп, мындай тартипке салган киши болбой атат.

26-майда аталган маселе райондо Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлүнүн катышуусунда талкууланды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG