Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Оппозиция Жалал-Абадда митинг өткөрөт


Бул тууралуу “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 5-апрелде маалымат жыйынында билдирип, митингге президентти, өкмөт башчыны жана спикерди чакырды.

Ошондой эле Ташиев өкмөт кызматтан кетиши керек деген талабынан баш тартпай турганын бышыктады. Бирок аттуу-баштуу ишмерлер митинг жолу менен өкмөттү отставкага кетирүүгө кырдаал бышып жетиле электигин, оппозиция парламенттик трибунаны пайдалануу ордуна, кайрадан көчө демократиясына ооп кеткенин айтууда.

Парламенттеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 10-апрелде оппозиция Жалал-Абад шаарында митинг өткөрөрүн маалымдады. Митингге катышкан элдин талабын жана көйгөйүн угуп кетүү үчүн ага президентти, өкмөт башчыны жана спикерди да чакырды.

- Жалал-Абад шаарында 10-апрелде өтө турган тынчтык митингине барып, ошол жерде эл менен жолугушуп, эл менен сүйлөшүп, элдин тилегин жана оюн угуп кетүүгө чакырам.

Оппозиция буга чейин 1-мартта Ошто жана 31-мартта Баткенде митинг уюштурган. Ош шаарындагы митингде июнь, апрель окуяларына күнөөлүүлөрдү жазалоо, өкмөттү отставкага кетирип, кесипкөй өкмөт түзүү, Баш мыйзамды өзгөртүү жана “Азия Универсал банктын” кутучаларынан алынган акчалар боюнча күнөөлүүлөрдү табуу сыяктуу талаптарды койгон.

Бул талаптар Баткенде өткөн митингде да кайталанып, аны аткарууга 7-апрелге чейин бийликке убакыт чектеген болчу. Оштогу митингге 15 миңдей адам, ал эми Баткендеги митингге миңдей адам катышканы айтылган.

Камчыбек Ташиев жогорудагы талаптар аткарылбаганын, өкмөт кызматтан кетиши керектигин дагы бир ирет кайталады.

- Бүгүн тез аранын ичинде аткарыла турган талап - өкмөттүн отставкасы жана Конституциялык кеңешмени чакыруу. Бүгүнкү өкмөт отставкага кетпесе, өлкөдө иш оңолбосун мен дагы бир жолу кайталайм. Азыркы өкмөт кетип, эл ишениминдеги кесипкөй өкмөт уюшулуп, эл үчүн иштемейинче коомчулукта, мамлекетибизде абал оңолбойт.

“Оппозиция өз ишин жасап жатат”

Ал эми өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева өкмөттү сындоо, анын кемчилигин айтуу оппозициянын иши деп эсептейт. Андыктан оппозициянын талаптарын мыйзам ченемдүүлүк катары баалады.

- Ачык айтканда бул оппозициянын жумушу. Оппозиция жакшы жана туура иштеп жатат. Сөзсүз түрдө сындап туруш керек. Эч бир өкмөт идеалдуу болбойт, кемчилик кетирет. Ошону жакшы оппозиция карап туруп, “бул жери мындай болуш керек” деп сунуш бериш керек. Бирок өкмөт азыркы учурда бардык күч-аракетин жумшап, иштеп жатат.

Саясатчы жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун айтымында, жаңы Баш мыйзам боюнча оппозиция бийлик тарабынан расмий таанылып, анын кеңири укуктары бар. Азимбек Бекназаров, тагыраак айтканда парламенттеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясы Конституциялык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбай жатат деп эсептейт.

- Өкмөттү отставкага кетирүүнүн цивилизациялуу жолу Конституцияда жазылып турат. Өкмөттү парламент түзгөн, анын иши канааттандырарлык эмес деп тапса, парламент кетире алат. Мен ушул убакка чейин конституциялык деңгээлде оппозиция деп таанылган фракциянын аталган маселени парламентте көтөргөнүн уга элекмин. Бул маселени Ат-Башыга, Аксыга же Нарынга барып көтөргөнү менен аны эл чечпейт. Аны парламенттин ичинде эле чечип койсо болот.

Депутаттар өкмөттү чөгөлөтсө болобу?

Мындай ойго экс-президент Роза Отунбаева да кошулат. Ал 4-апрелде “Азаттыктын” окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып, буларды белгиледи:

- Өкмөттүн, министрлердин баары булардын колунда. Аларды парламентке алып келип, сурап, чөгөлөтсө болот. Азыр ушул гана жолу калды. Азыр митинг уюштуруп, элди жөн эле козгогондон эч нерсе чыкпайт.
Сөзсүз түрдө сындап туруш керек. Эч бир өкмөт идеалдуу болбойт, кемчилик кетирет.

Анткен менен өкмөттү отставкага кетирүү боюнча оппозициянын өз жүйөлөрү бар. Оппозиционер Кубанычбек Кадыров өкмөткө убакыт берүү зарыл деген пикирлерге карата буларды айтты:

- Жыйырма жылдан бери Акаевдин, Бакиевдин убагынан тарта “өкмөткө жүз күн берели, эки жүз күн берели” деп келатабыз. Мындан эч жыйынтык чыкпайт. Муну мен убакытты созуу, элди алдоо деп түшүнөм.

Ошондой эле оппозиция лидери Камчыбек Ташиев журналисттер менен жолугушууда оппозициянын Кыргызстанда дагы бир революция жасоо ниети жоктугун, бийлик менен маанилүү маселерди талкуулоого даяр экендигин айтты.

XS
SM
MD
LG