Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Оппозиция бийликке сес көрсөттү


Оштогу митингде оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылып, 15-мартка чейин талап аткарылбаса, өлкө боюнча нааразылык акцияларын баштай тургандыгын жарыялады.

Митингде оппозиция ошондой эле 4-мартка белгиленген шаардык кеңешке шайлоодо Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясын колдоого чакырып, 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтып баруу демилгесин да көтөрдү.

"Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуттар биримдиги" партиялары биргелешип уюштурган митинг Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Байкоочулар акцияга чогулгандардын саны 15 миңге чукулдаганын айтса, уюштуруучулар аянтка 25 миңдей адам катышты деген ишенимде.

Митингде сөз сүйлөгөн “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев азыркы бийликтин тышкы саясатын айыптап, Орусия менен өнөктөштүк мамиле бузуп алуу коркунучунда экенин айтты. Ошондой эле ал учурда өлкөнүн башкы оорусу жердешчилик болуп аткандыгына токтолду:

- Акыркы жылдары мамлекетибизде регионалдык, жердешчиликке бөлгөндөр көбөйдү. Сен башка облустан, сен башка региондон деген сөздөр болуп атат. Бул туура эмес. Кыргызстандын бардык аймагы бирдейбиз. Биз бир бүтүнбүз, биз бирбиз. Себеби Ысык-Көл да менин жерим, Нарын да менин жерим, Ош, Жалал-Абад да менин жерим. Бардык жер кыргызстандыктардыкы.

Митингге адамдар Кыргызстандын булуң-бурчтарынан келгени айтылды. Ысык-Көл облусунан келген, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров учурда өлкөгө биримдик суудай зарыл болуп турганын билдирди:

- Кыргыз түндүк-түштүк болуп эч качан бөлүнгөн эмес, бөлүнбөйт дагы. Мен маселен ушул демилгени колдоп, атайын Ысык-Көлдөн келип отурам. Бийликте турган саясатчылар өздөрүнүн амбициясын күчөтүп, кызматында отуруп туруш үчүн ушундай бөлүп жаруучулукка барып жатат. Биз мындайга жол бербейбиз.

Өзбек тектүү тургун Набитжан Маратжанов митингдегилерди улуттар аралык маселеге этият мамиле жасоого чакырды:

- Учурда кыргызга да, өзбекке да тынчтык керек. Ушул жердегилерге да, бул жерге келбегендерге да, баарыбызга нандай зарыл болуп турган нерсе тынчтык. Кыргызстанда адамдарды улутуна карап бөлбөшүбүз керек, анкени биздин мекенибиз бир, жерибиз бир.

Ал эми "7-апрель баатырлары" коомунун жетекчиси Турусбек Сагынаев азыркы бийлик элге берген убадаларын аткарбай жатканын белгиледи:

- "Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт" болуп, баатырлар 7-апрелде булардын колуна бийликти салып берди эле. Бирок ошондон бери бизди кордоп келатканын көрүп келатасыздар. Же сот иши ишке ашпайт, же күнөөлүүлөр камалбайт. Апрель окуясы да, июнь окуясы да терең изилденип, айыптууларга жаза бериле элек.

Митингде 4-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоодо Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген “Улуттар биримдиги” партиясын колдоого чакырган ураандар да айтылды.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров да шаар мэри Мелис Мырзакматовду кызмат ордунда кармап туруу учур талабы экенин белгилеп, элди ал жетектеген партияга добуш берүүгө үндөдү:

- Келе жаткан шайлоодо аткаминерлер да кийлигишип, анын жыйынтыгына таасир этип жатканын көрүп, биз келип отурабыз. Болду, эми жетишет. Биз баарын элдин эркине коюшубуз керек. Эл өзү билет, кимди шайлап кимди коюш керек экенин. Ошондуктан жыйынга Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Чүй жана Оштун өзүнөн келип, Мырзакматовду, «Улуттар биримдигин» колдойбуз деп турабыз.

Мадумаров келе жаткан шайлоодо бурмалоолор орун алса, добуш берүү күнүнүн эртеси 5-мартта эл кайрадан митингге чыга турганын айтты.

Митинг соңунда алты пункттан турган кайрылуу кабыл алынды. Анда башкы нерсе катары “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген талап киргизилди. Бийлик мындагы талаптарды 15-мартка чейин аткарбаса, нааразылык акциялары өлкө аймагы боюнча башталаарын оппозиция жар салды:

- Оштогу "Тынчтык жана биримдик" митингинин катышуучулары бүгүнкү саясий-экономикалык жана социалдык оор абалды кескин өзгөртүү максатында, учурдагы өкмөттүн отставкасын талап кылабыз. Эл ишенимине ээ болгон, профессионал өкмөттү түзүүнү талап кылабыз. 2010-жылкы апрель жана июнь окуяларынын күнөөлүүлөрү табылып, 2012-жылдын 7-апрелине мыйзам чегинде жазаланышын талап кылабыз. Бул талаптарды аткарууга биз бийликке 15-мартка чейин убакыт беребиз.

Нааразылык акциясына, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев, “Ата-Журт” партиясынан Акматбек Келдибеков, Жылдыз Жолдошева сөз сүйлөштү. Чогулган элдин арасында “Мелис Мырзакматов биз сени менен!”, “Эл “Улуттар биримдиги” партиясын колдойт!” деген сыяктуу плакаттарды кармагандар болду.

Ички иштер министрлиги митинг учурунда эч кандай тартип бузуу катталбаганын, шаарда кырдаал тынч экенин кабалады. Митинг учурунда коомдук тартипти 2 миңге жакын милиция кызматкери жана элдик кошуундардын өкүлдөрү камсыз кылып турду.


Оппозициянын Оштогу митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG