Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Ош: митинг алдында кооптонуу күч алды


Ошто 1-мартта оппозициянын митинги жана 4-мартта депутаттарды шайлоо алдыда калк ичинде кооптонуулар күч алды.

Шаарда айрым соода түйүндөрү ачылбай, автоунаа каттамдарынын азаюусу да байкалган. Ал эми митингди уюштуруучулар кабатырланууга негиз жоктугун бидирүүдө. Коопсуздукка байланыштуу тартип коргоо органдары да иштерин күчөтүп, шаардын кире бериштерине блокпосттор коюлду.

Миңдеген адамдардын катышуусунда өтөт деп күтүлүп жаткан митингдин алдында шаар тургундарында чочулоолор күч алганы байкалды. Өзгөчө борбордук базардын соодагерлери арасында кабатырлануу көп. Алардын бири Самара Аскарова:

- Товарларыбыздын баары жайылып жатса, кооптонуу болбой коймок беле? Элдин көбү 1-мартта соода кылганы чыкпайбыз деп жатышат. Таламай, тономой, баш аламандыктар болот десе коркуп атабыз. Азыр деле көбү соодасын эртелеп жаап кетип калышты. Баягы коогалаңда биз канча товарыбызды алдырып, жалкып калганбыз. Ошон үчүн азыр бизге тынчтык керек эле. Тополоңдун, митингдин бир тыйындай да кереги жок болчу.

Ош, сентябрь, 2011
Ош, сентябрь, 2011
"Кантсе да күч органдары тартипти колдон чыгарбайт" деп үмүттөнөт Аскарова:

- Мадумаров болсо деле, Ташиев болсо деле бизге эч нерсе кылып бербейт. "Бир күндүк көр тиричилигиңерди койо туруп, митингге чыккыла" дейт. Атайын кагаз менен чакыруу таратып жүрүшөт. Ал эмес радио түйүндөрдөн да кабарлап атышат. Бир күн эмес, он күн митингге чыксак деле алар биздин казаныбызга аш салып берет дейсиңби? Салып бербейт. Өз иштери бүткөндөн кийин кете беришет. Өзүң чыкпай койом дегениң менен бир нерсе чыгып кетеби деген ой кыйнап атат да. Эми милиция ошого жол бербестир. Талап-тоноолорду алдын алаттыр.

Шаардын өзбек тектүү тургуну Салтанат Файзуллаева кооптонуулардын айынан шаарда кыймыл да азайып калганын белгилейт:

- Ар кандай имиш-кептердин айынан эл ичинде коркуулар көп. Кээ бирлер ишине чыкпай койсо, дүкөндөр жабык турганын да көрүп жатабыз. Жолдо болсо күндөгүгө караганда автоунаалар да аз. Кечкисин болсо маршруттук каттамдар каттабай калып жатат.

Деген менен митингди уюштуруучулар элди дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда. "Улуттар биримдиги" партиясынын өкүлү Жыргалбек Жээнбеков оппозиция уюштуруп жаткан акция тынч маанайда гана өтө турганына ишендирүүдө:

- Кооптонууга эч кандай негиз жок. Адамдарда болгону 2010-жылдан калган психологиялык жабыркоо бар. Ошон үчүн кээ бирлеринде коркуу сезимдери бар. Жалпылап алганда эл акцияны туура кабылдап жатат. Буга чейин деле ушундай митингдер өтүп келаткан. Анан кантип эле алдын ала айтып, кабарлап, анан чыгабыз деген нааразылык акциясынан чуу чыгып кетмек эле? Муну тиги чоңдор элдин үрөйүн алыш үчүн коркутуп, айтып атышат. Күч органдары жүрөт, алар көз салбай жандары жокбу?

Жээнбеков ошондой эле митинг регионалдык маселени козутпай турганын айтып, акцияга Кыргызстандын бардык облустарынан адамдар катышарын белгиледи.

Ал ортодо Бишкектен жана облустун башка райондорунан шаар милициясына кошумча күчтөр тартылганы кабарланды. Кырдаалга байланыштуу Оштун кире бериштерине блокпосттор да орнотулду. Бир катар күч орган жетекчилери да тынымсыз жыйындарды өткөрүп, абалды талкууга алышууда. "Кандай нерсе болсо да, баш аламандыкка жол берилбейт" дейт Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев:
"Бир күндүк көр тиричилигиңерди койо туруп, митингге чыккыла" дейт. Атайын кагаз менен чакыруу таратып жүрүшөт.

- Ош шаарында эл кичине эле сигналдарга, ушак-сөздөргө кооптонуу менен мамиле жасаарын мен жакшы билем. Ошол себептүү атайы борбордон келип, кырдаалды жөндөп туруу үчүн өзгөчө аракеттерди көргөнү жатам. Эгерде мисалы, 20 миң адам чогулган жерде бирөө жардырып жиберсе, же дагы бирөө ок чыгарып жиберсе кырдаал башка жакка кетип калышы мүмкүн. Бирок мындай иштерди алдын алуу үчүн биз күч структураларынын 2 штабын түздүк. Алар оперативдүү иштеп турса эле баш аламандыктарга жол берилбейт деген ишенич бар.

Мындан аз күн башта "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 1-мартта Ошто 20 миң адам катышкан митинг болоорун кабарлаган. Митингге "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуттар биримдиги" партиялары катышып, алар Баш мыйзамды кайра кароону жана өкмөттүн иштен кетүүсүн талап кылышаары айтылууда. Байкоочулар муну келе жаткан шайлоодо Мелис Мырзакматовду делген «Улуттар биримдиги» партиясына добуш топтоо максаты менен да байланыштырган.

Ош шаардык кеңештин депуттарын шайлоо 4-мартта өтөт. Учурда 7 партия ат салышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG