Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Ош шаары.
Ош шаары.

Ошто 1-мартка белгиленген оппозиция митингине жана 4-мартта өтчү шайлоого карата күчөтүлгөн коопсуздук эрежелери киргизилди.

Шайлоо күнү да ар бир шайлоо участокто экиден милиция тартип сактайт. Бирок ошого карабай эл ичинде кабатырлануулар бар

Шаардык кеңешти шайлоого карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштаганын “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 27-февралдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Эрте менен саат 8:00дөн кечки саат 12:00гө чейин кызмат ордунда болушат. Шайлоо күнү дагы 73 шайлоо участокто тең тартип сактоо кызматкерлери коомдук-кырдаалды көзөмөлгө алат. Менимче, шайлоо уюшкандыкта тынч эле өтөт.

Сыдыков ошондой эле оппозициялык партиялар тарабынан уюштурула турган митингде да эч кандай мыйзам бузууларга жол берилбейт деди:

- Учурда шаарда коомдук абал туруктуу. Бирок эл арасында ар кандай ушак-айыңдар жүрүп жатат. Аларды териштирип, ордуна коюу максатында биздин ыкчам топтор тынымсыз иштеп атышат. Анан митинг боюнча алсак, нааразылык акциясына чыкканга ар бир адамдын укугу бар. Бирок эгерде мыйзам чегинен чыккан аракеттер байкалса, биздин кызматкерлер да тийиштүү чараларды көрөт.

Деген менен шайлоо жакындаган сайын калк арасында ар кандай кабатырлануулар күчөп жатканы байкалууда. «Аны утурлай чыгат деп күтүлүп жаткан нааразылык акциясы да көп нерседен кабар берип тургансыйт» деп чочулайт шаар тургуну Азамат Кожоев:

- «Ата-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуттар биримдиги» партиялары бириккенден кийин эл ичинде ар кандай кептер тараган. Анан эми минтип митинг кылабыз деп атканы да өзүнчө бир нерсени шектендирип атат. Ал жерде да улуттар аралык же регионалдык маселе козголот деген сөз бар. Эл башкарган кишилер атайы ушундай нерсеге алып кетип атканы элди да кыйнап жатат.

Оштун өзбек тектүү тургуну Салтанат Файзуллаева да коопсуздук азыр элдин эң башкы көйгөйү экенин белгилейт:

- Шайлоо шайтан оюндар менен коштолуп кетпейт бекен деген кабатырлануу шаарда өзбектерде да, кыргыздарда да бар. Болот деп жаткан митингден дагы ар кандай нерсе чыгып кетиши мүмкүн. Ансыз деле азыр эл арасында бир жара турат. Жарага бир туз сээп, же от жагып салган болсо элге кыйын болот. Ошон үчүн кандай иш-чара болбосун улут аралык маселе козголбосо экен.

Мындан 2-3 күн мурда борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абраимов да жергиликтүү участкалык шайлоо комиссия жетекчилери менен жолукканда коопсуздук жөнүндө кеп кылып, шайлоо акыйкат өтсө эле, абал тынч бойдон каларын айткан эле:

- Шайлоо жакындаганы эле элдин баары, коомчулук «андай болуп кетет, мындай болуп кетет» деп ажиотаж кылып жиберишет. Бирок канча шайлоону башыбыздан өткөрүп келе жатабыз, баары элет тынч өтүп келе жатат буюрса. Бул шайлоо деле тынч эле өтөт. Башкысы биз шайлоону акыйкат, таза өткөрүп беришибиз керек.

Мындан аз күн башта «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 1-мартта Ошто 20 миң адам катышкан митинг болоорун жар салган. Митингге «Ата-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуттар биримдиги» партиялары катышып, алар баш мыйзамды кайра кароону жана өкмөттүн отставкасын талап кылышаары күтүлүүдө. Айрым байкоочулар муну шаардык кеңештин шайлоосу менен байланыштырган.

Ош шаардык кеңешинин депуттарын шайлоо 4-мартка белгиленген. Шайлоого катышууга алгач 8 партия арыз берип, Кыргызстан коммунисттери партиясы өз талапкерлигин алып салган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG