Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Улуттук сезимди козуткан саясий оюн


Ош шаары, май айы
Ош шаары, май айы

Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында эл арасына этникалык маселелерди көтөргөн видео тасмалар таратылууда.

Атаандаш партиялар шайлоочулардын колдоосун камсыздоо үчүн ушундай усулдар колдонулуп жаткандыгын айтышып, бирин-бири айыпташты. Серепчилер саясий өнөктүктө июнь калабасынын кесепеттерин көтөрүп, шайлоочулардын улуттук сезимине ойногон технология опурталдуу экендигин эскертишүүдө.

Шайлоочуларды козуткан тасма

Ош шаарында чагымчыл мазмундагы видео тасмалар пайда болду.
Анда өзбек тектүү беш аял июнь тополоңуна байланыштуу камалгандар бошотулат жана бозгундагы өзбек лидерлери мекенине кайтарылат деген ниет менен шайлоодо Алмазбек Атамбаевге добуш беришкендигин айтышкан. Алардын бири президенттик шайлоодо шаар башчысын алмаштыруу убадасы айтылгандыгын белгилейт:

- Алмазбек Атамбаев шайланса, өзбек калкына көбүрөөк жардам берет, шаардын жетекчилигин алмаштырат дешкенинен биз ошого добуш бергенбиз.

Мына ушундай мазмундагы видео тасма өзбек жана кыргыз шайлоочулары отурукташкан аймактарда уюлдук телефондор аркылуу таркатылып жаткандыгы айтылууда. Бирок жергиликтүү тартип сакчылары мындай фактылар каттала электигин белгилешти.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду колдогон “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов мына ошондой тасмаларды таратуу шайлоочулардын кайсы бир бөлүгүн өзүнө тартуу аракети деп атады:

- Бул тасманы өзбек жигиттер соткаларынан бири-бирине өткөрүп берип жаткан жеринен көчүрүп алышыптыр. Анда эки элдин тең канынын төгүлүшүнө себепкер болгон Иномжан менен Кадыржандын кайтып келишине уруксат берем дегенинен Атамбаевди шайлаганбыз деп жатпайбы. Мына ушуга окшогон чагымчыл сөздөрдү тараткандардын түпкү кызыкчылыгы эмнде? Мына ушундай жол менен жеңишке жетишүүнүн кереги барбы?

Анткен менен “Улуттар Биримдиги” партиясына атаандаш партиялар аталган тасманы таратууга катышы жок экендигин айтышууда. Ош шаардык кеңешине депутаттыкка КСДП партиясынан талапкерлер тизмесин жетектеп бара жаткан, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков:

- Биринчиден, мен аны көргөнүм жок. Экинчиден, андай тасма тууралуу бизде сөз болушу мүмкүн эмес. Мунун бардыгы жалган. Биз азыр шайлоонун алдында эч ким менен чатакташпастан, башкалардын мыйзам бузуп атканын көрсөк да унчуга элекпиз. Себеби алар мына ошону эле күтүп жатышат. Кандайдыр бир нерсе чыгып кетсе, ошону баса калып, “тепкилеп” эле жатып калалы деген ойлору бар. Биз кандайдыр бир чагымчылдыкка барган эмеспиз жана барбайбыз дагы.

Атамбаевдин чыныгы убадасы

Президенттик шайлоонун алдында президент Атамбаевдин июнь коогасы боюнча айыпталган өзбек лидерлеринин Кыргызстанга коопсуз кайтышын камсыздоо же Ош шаарынын мэри Мырзакматовду кызматтан кетирүү сыяктуу убадалары болуп-болбогону белгисиз. Бирок президент Атамбаев шайлоо алдында Сузак шаарчасында жолугушууда “Санпа” окуясы боюнча соттолгондордун жакындарынын суроолоруна мындайча жооп берген:

- Бири-бирин кечирип, мүмкүн бир жакшы мунапыс кылыш керек. Өчөшө бергенден пайда жок. Кечиримдүү болуш керек. Муну эми, албетте, колунда каны жокторго карата айтып жатам. Бирок мен билем, колунда каны барлардын, ширеңке жаккандардын, май тамызгандардын көбү качып жүрүшөт. Кудаа кааласа аягына чыгарып, тактап берем.

Серепчилер саясий өнөктүктө улуттук картаны колдонуу өнөкөткө айланганын жана арты опурталдуу экенин айтышууда. Сөз саясат таануучу Абдымомун Мамараимовдо:

- Мен өзбекмин. Бирок мага шайлоолордо өзбек туугандар кимге добуш берет деген сөз аябай жакпайт. Улутка бөлүү маселеси мына ушундан башталат. Этникалык топторду шайлоодо жөн эле жаран, жөн эле шайлоочу катары карашса болмок. Өзбек шайлоочуларынын арасында да “биз өзбек болгон үчүн мындай маселелерди чечип бериши керек” дешип өзгөчөлөнгөн талаптарды айткандар бар. Бирок бул туура эмес. Шалйоолордо ушундай ыплас технологияны колдонуу адатка айланып калды. Бирок мунун арты жакшылыкка алып келбейт.

Ош шаардык кеңешине шайлоо ушул жылдын 4-мартына белгиленген. Анда жети партиянын талапкерлери ат салышат. Ош шаардык кеңешине шайлоо биринчи жолу партиялык тизме менен өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG