Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Жалал-Абад: жаңы талаптар жаңырды


Бүгүн Жалал-Абадда өткөн митингдин катышуучулары 3-октябрдагы окуяга байланыштуу камалган Ташиевди, Жапаровду, Мамытовду, Кожоналиевди жана Дыйкановду үй камагына чыгарууну талап кылды.

Митингдин катышуучулары талаптары аткарылбаса, андан аркы окуяларга президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жооп берерин эскертишти.

Камактагы депутаттардын укугун коргоо комитети Жалал-Абаддагы митингге өлкө президентин, Жогорку Кеңештин төрагасын, бир катар элчилерди жана укук коргоочуларды чакырган.

Жыйынга Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундарынан тышкары саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Б. Талгарбеков жана вице-премьер-министр Камила Талиева катышты.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, 3-октябрда Бишкекте өткөн митингде бийликти басып алуу болгон эмес:

- Мыйзам бузулса, мыйзамга ылайык жоопкерчиликти тартыш керек. Ташиев, Жапаров, Мамытов куралы жок барса, жалпы кыргыздын энчисине жараткандан тийген байлык жөнүндө маселе көтөрүп атса, бийликке нааразылыгын айтып, тосмону аттап өттү деп аткан болсо, анда курал көтөрүп барган баатырлар биринчи соттолсун! Анда Ташиевди, Жапаровду, Мамытовду алдына алып барып отургузуп койсо, кыргыз кыңк дебейт, "адилеттүү болду" дейт.

Бийликке нааразылыгын коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков да билдирди:

- Биз бийликтен суранбайбыз, талап койобуз, тез арада бошотсун! Бир күн убакыт беребиз. Эртең чыгарбаса, мен кыргызмын деген жарандын баары Бишкекке чогулушу керек. Камчыбек Ташиевди колдоо менен биз анын жеке керт башын коргойлу деген жокпуз. Биз кыргыздын ар-намысын, анын абийирин, келечегин, кийинки муунду коргойлу деп атабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков Кумтөр маселесине токтолуп, Жалал-Абаддагы нааразылык иш-чаралары өкмөттүк телеканалдар аркылуу бир жактуу көрсөтүлгөнүн сындады.

Жыйында президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу-талап кабыл алынды. Анда камактагылар бошотулбаса, кийинки окуяларга бийлик башындагылар жооптуу болору эскертилген. Бул талаптарды Келдибеков окуп берди:

- 2010-жылдын апрель, июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү жоопко тартылсын!К умтөр алтын кени, анын ичинде Ала-Бука районундагы Иштамберди кени да элдин пайдасына иштетилсин! Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия таратылсын жана коомдук ишмерлер менен жөнөкөй элдин жана оппозициянын өкүлдөрүнүн катышуусунда кайрадан мамлекеттик комиссия түзүлсүн! КТР, ЭлТР, 5-канал негизсиз камалган депутаттар менен адамдарды бир жактуу каралоосун токтотсун! Жогорку Кеңеш таркатылсын!

Ачкачылык акциясын өткөрүп жаткан аялдардан кабар алганы келген вице-премьер-министр Камила Талиева жыйындагы талаптарды өкмөткө жеткирүүгө сөз берди. Бирок Талиева айрым талаптарга макул эмес:

- Сот бийлигине президент баш болуп эч ким буйрутма бере албайт. Эртеңки күнү сот кандай чечилет? Бул жагы ошол соттун эртеңки өкүмүнө жараша болот. Элдин көйгөйлүү маселелерин биз туура кабыл алабыз жана ал боюнча иштешибиз керек. Мен Жогорку Кеңешти кетсин, калсын дегенден алысмын. Эл - калыс, эл - тараза.

Жалал-Абаддын тургуну Нурбек Касымбеков Кумтөрдү азыр улутташтыр деп талап кылуу туура эместигин билдирди. Анын айтымында, камактагылардын жактоочулары сот чечимин күтүшү керек:

- Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Ал комиссия өз жыйынтыгын ноябрь айында Жогорку Кеңешке бериши керек. Анан “Кумтөр” эмненин негизинде улутташтырылышы керек? Аны азыр улутташтыр деген туура эмес да. Анда инвестиция келбей калат, темир жол, ГЭСтер курулбай калат, электр түйүндөрү курулбай калат. Биз мыйзамдуу-укуктук мамлекетти курабыз десек, бул жерде да тергөө уюмдары териштирип атат. Тергөө уюмдары териштиргенден кийин акыркы чечимди сот койот. Эгерде эч кандай күнөөсү жок болсо, соттон акталып кетет. Ошондуктан мыйзамдуу гана аракет кылган жакшы.

Жыйын түштөн кийин тынч таркады. Ага уюштуруучулар 5 миңден 7 миңге чейин, облустук прокуратура бир жарым миңдей, сырттан байкоочулар эки жарым миңдей адам катышканын билдиришти. Уюштуруучулар жыйын эртең да уланарын жарыялашты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG