Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Жалал-Абад: Өкмөттүн унутулган убадасы


Жалал-Абад шаарында майып кызын карап жашаган Айжаңыл Семетеевага экс-премьер-министр Сапар Исаков убада кылган батир эмгиче бериле элек.

Сапар Исаков былтыр Жалал-Абадга барганда оор шартта жашаган Семетееванын үйүнө баш баккан. Исаков быйыл жаз айларында өкмөт башчылыктан кетип, камакка алынгандан бери бул маселе ачык бойдон турат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Айжаңыл Семетеева мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кезегинде үй-бүлөсүнүн турмуш шарты менен таанышып, батир алып берүүнү убада кылганын билдирди. Ал кызматтан бошотулуп, камалган соң маселе чечилбей калганын айтты:

- 2017-жылдын 26-декабрында Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна барган учурда, биз жашап жаткан үйгө келип, майып кызымдын абалынан кабар алган. Ошол учурда үй алууга көмөктөшүүсүн сурандым эле. Ал киши макулдугун берип, батир алып берүүгө кол кабыш кылаарын билдирген. 2018-жылдын жаз айларында шаардын вице-мэри мени өз автоунаасына салып, калаадагы бир батирди көрсөтүү менен документ иштери бүтүп жатканын, жакында үйлүү болорумду айткан. Исаков өкмөт башчылыктан түшүп, камакка алынган соң ал маселе ачык бойдон калды. Биз ошондо сүйүнүп, “үйлүү болуп калабыз” деген үмүттө болчубуз.

47 жаштагы Айжаңыл Семетеева Жалал-Абад шаарына 2011-жылы көчүп келгенден бери үч кызы менен батирде жашайт. Андан бери өз турак жайы жок үй-бүлө мүмкүнчүлүгү чектелген чоң кызы менен далай жолу жер которду. Күйөөсү менен бир топ жыл мурда ажырашып кеткен.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Сапар Исаковдун маалында Айжаңыл Семетеевага 1 млн. сомго бааланган бир бөлмөлүү батир сатып берүүнү тапшырганын ырастады.

- Ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков “Семетеевага үй алып берем” деп, мага 1 млн. сомго чейинки батир караштырууну тапшырган. Биз анын тапшырмасы менен ошол суммага батир тапканбыз. Кийин жагдай өзгөрүп кетип, бул маселе чечилбей калды. Өкүлчүлүктө батир сатып берүүгө анчалык каражат жок. Ошол себептен маселе орундалбай калды. Эми азыр мен Семетееванын кайрылуусу боюнча шаардык бийликке сунуш жазайын деп жатам. Балким алар кийинки жылдын бюджетинен карап беришер.

Семетееванын 20 жаштагы кызы биринчи топтогу майып болгондуктан анын үй-бүлөсү социалдык жактан өнүгүү башкармалыгы тарабынан камкордукка алынган. 2016-жылы шаарда турак жай алууга кезекке туруп, жатакананын 4-кабатынан бир бөлмөлүү батир сунуш кылганда андан баш тарткан. Анткени арабада отурган кызын сыртка алып чыгуу түйшүгүнөн улам ал такай жер тамдарда же биринчи кабаттагы батирлерде жашап келатат.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев буларды айтты:

Руслан Алтымышев.
Руслан Алтымышев.

- Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Семетеевага 1 млн. сомго чейинки батирлерди караштырууну сунуш кылган. Ошонун негизинде мен ошол суммага ылайыктуу үч батир таап, өкүлчүлүккө билдиргем. Андан кийинки маселенин жагдайынан кабарым жок. Айжаңыл Семетеева чындыгында мэрия тарабынан социалдык жактан камкордукка алынган. Даталуу күндөрү же башка учурларда ага жардам берилип турат. Премьер-министр да алардын үйүнө барган учурда 50 миң сомго материалдык жардам көрсөткөн. Шаар казынасынан азырынча майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай куруп берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Учурда бизде 2 миңден ашык адам үй алууга кезекте турат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул айтылгандар тууралуу комментарий берген жок.

Саясий илимдердин кандидаты Айбек Артыкбаев өкмөт башчысынын аймактардагы иш сапарлары документтештирилип, анын элге берген убадалары тийиштүү мекемелер тарабынан аткарылышы керек деген пикирде.

- Өкмөт башчынын иш сапарлары, ким менен жолугушуп, кайсы жактарга барары алдын-ала макулдашылып, чечилет. Өкмөт жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолукканда эмне убада берсе, аны тийиштүү мекемелер же мамлекеттик ишканалар аткарат. Аны өкмөт башчысы протокол менен бекитип, тийиштүү тапшырмаларды берет. Сапар Исаков бул жерде өкмөт башчы катары, кызматына таянып үй алып берүү жөнүндө убада берип, өзүнүн кызматкерлерине жетекчи катары табууну табыштап жатат. Ал кеткен соң ал иштерди азыркы өкмөт улантышы керек болчу. Биздеги эң чоң катачылык ушул жерде. Мурунку жасаган иштердин баарын четке кагып жатышат. Бул кадр саясатындагы кемчиликтер. Азыр баары бийликтин эч бир бутагына ишенбей, түздөн-түз президентке арыз-муңун айтып жатат. Бул ошол чечүүчү кадрлардын толук функциясын билбегендиги, иш алып барбагандыгы.

Айжаңыл Семетеева бул багытта азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да кайрылганы менен азырынча андан жооп келе элек.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында быйыл 5-июнда камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG