Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Селден башы арылбаган жаңыдыйкандыктар


Сузактын сел каптаган Жаңы-Дыйкан айылынын тургундары аларды башка жакка көчүрүүнү талап кылышты.

Бул ирет Сузактын Жаңы-Дыйкан кыштагын тогузунчу жолу сел каптады. Кыштак совет заманында кыян жүрөөр аймак экени эске алынбай, чейрек кылым мурун түптөлгөн.

Чынар Жусупованын айтымында, күн бүркөлсө, шаштысы кеткен айылдыктар үйлөрүнүн чатырында калкаланууга аргасыз болот. Жамгыр жаап, нөшөр болгон сайын Ачы өрөөнү менен адырлардан куюлуп түшкөн кыян Жаңы-Дыйкан элин тажатты.

Чынара Жусупова 15-майга дейре көчүүгө уруксат берилбесе, жаңыдыйкандыктар жер басып алууга мажбур болушарын билдирди:



Айыл тургундары өтүнүчтөрү менен жыл сайын президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылат. Бирок Камбар Абсатаровдун айтымында, ал каттар жоопсуз калууда.

Сел жүргөндө Айсалкын Райымканова неберелерин араң куткарган. Ал үйү менен короо-ашканасы эмдигиче суудан арылбай, кыяндан кийин дайыма турак жайын оңдоого мажбур болушаарын айтты:



Айыл тургуну Абдрашит Таштемиров үйү жашоого кооптуу болгонун билдирди:

- Үйдүн жаракасынан нары жатка турган адам көрүнөт. Гаражга эмдигиче машинамды алып кире албай турам.

Облустук бийликтин коммуникация жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев бардык өлкөлөрдө сугат аянттар алтын корго барабар болгонун, мамлекеттин үлүшүндө калган жер аянттары басып алуучулар эмес, кийинки келечек муундун жашоосу үчүн кызмат кылууга тийиш экенин айтты:

- Жаңы-Дыйкан айылын сел коркунучтарынан сактап калуу - бул жалпыбыздын эле милдетибиз. Айылдын жанындагы тоо кыркасы менен алтынчы сессия каналы өтөт. Ал канал үч-беш кубга чейин сууну көтөрө алат. Тоодо 15 мүнөт жааган жамгырдан улам эки-үч эсе көп суу келди. Сел менен чоң таштар агып келип, каналды бөгөп, каналдын эки жеринен бузуп кеткен. Эл сегиз гектар жерди трансформациялоо маселесин көтөрүп атат. Турак жай курганга сугат жерлерди биз сакташыбыз керек. Ал бардык өлкөлөрдөгүдөй алтын фонд болуп, келечек урпактарыбызга калышы керек.

Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармасынын бөлүм башчысы Эркин Багишов Жаңы-Дыйкандагы 97 үйдүн там аркалары менен короолоруна жана полдук тактайларынын алдына суу киргенин, айылдагы жети үй кооптуу абалда калганын маалымдады. Анын айтымында, аталган айылга жанашкан канал азыркыдай жылына тазаланат:

- Кечээ күнү биздин министрибиз да ошол айылдагылар демилгечи топ кылып шайлаган алты-жети киши менен жолугушту. Кандай чечим чыгат, бул эми мамлекеттик деңгээлде чечиле турган нерсе. Ал канал биздин МЧС тарабынан жылына тазаланчу. УОС өзүнчө тазалайт.

Облустук бийлик өткөн аптадан бери облустун сел жүргөн аймактарынын 2660 короо жайына жана 681 үйгө суу киргенин маалымдады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG