Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Аскаровдун ишин кайра кароо сунушталды


"Жарандык коом коррупцияга каршы" борбору июнь окуясы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароону сунуштады.

Баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан “Жарандар коррупцияга каршы” укук борбору тараткан маалымат боюнча, 2010-жылы Базар-Коргондогу улут аралык жаңжалга тиешеси бар деп жазаланган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун күбөлөрү сотко катышкан эмес. Ал күбөлөр укук коргоочу окуяга тиешеси жок деп ырасташууда. Алардын бири, Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова 12-июнда күйөөсүнүн кыргыз-өзбек чек арасында жана Сайдуллаев көчөсүндө болуп, үйүнө 13-июнь түнү таңга жуук кайтканын ырастоодо.

Аскарованын белгилешинче, укук коргоочу кайра таң атпай үйүнөн оорукананы көздөй кеткен. Ал жерде жарадарлар менен жансыз денелерди, өрттөлгөн үйлөрдү сүрөткө жана видеолорго тарткан:

- Азимжан Аскаров 12-июнда чек арада болгон, чек арадан өткөндөргө жардам берген. Райондун муфтийи, акими да ошол жерге барган экен. 13-июнда саат төрт-бештер чамасында үйгө кайтып келди. "Бир аз эс алайынчы” деп жатты. Саат сегиз-тогуздар чамасында уктап жаткан күйөөмдү ойготуп койдум. Анан ишканасына кетти. Ал жерден Марипжан Өмүрзаков деген машинасына салып, ооруканага алып кетиптир. Ал жактан саат төрттөрдө кайтып келди. 13-июнь түштөн кийин кошуна-колоңдорубуз менен үйдө болдук, ал эч жакка чыккан эмес. Күйөөм Азимжан Аскаровдун Сулаймановдун өлүмүнө эч кандай тиешеси жок.

Азимжан Аскаров отурган №47 түрмө
Азимжан Аскаров отурган №47 түрмө
Базар-Коргондогу коогадан корккон туугандары менен кошуналары Азимжан Аскаровдун үйүндө түнөшкөн. Алардын арасында анын келини Турдукан Аскарова да бар. Турдукандын эскерүүсүндө кайын агасы 13-июнда таңга жуук үйүндө болчу жана ал ошол күнү Бишкек-Ош жолундагы Кара-Үңкүр дарыясынын көпүрөсүнө барган эмес:

- Таңкы саат төрттөрдө дарбаза каккыланды. Биз чочуп ойгондук. Аялы ачканда акем Аскаров Азимжан үйгө кирди. "Коркпогула, тынч!” деп бизди тынчтандырды. Сулайманов трассада өлгөн болсо, ал маалда Аскаров үйүндө жаткан болсо, анын ал жерге чыкканын ким көрүптүр? Ошол жерден аны көргөндөр болсо, далилдеп берсин! Тасмасы болсо бизге көрсөтүп берсин.

"Көргөнбүз, жүргөн, катышкан"

Коомчулукка белгилүү маалыматтарга караганда, ал күнү көпүрөдө чогулгандар кыргыз улутуна каршы ураан чакырышып, коопсуздукту сактоо үчүн барган куралсыз тартип кызматкерлерине кол салышкан. Натыйжада бир милиционер мерт болуп, калгандары качып кутулушкан. Араң жан сактаган милиционерлердин бири Жеңиш Жороев өзү да, кесиптештери да А.Аскаровду ошол жерден көргөнүн айтып келатышат:

Мыктыбек Сулайманов атындагы көчө
Мыктыбек Сулайманов атындагы көчө
- Өзбектердин менмин деген лидерлери, Азимжан Аскаров көпүрөдө болгон. 600дөн 800гө дейре өзбек улутундагылар топтолгон. Колдорунда ар кыл таяктар, куралдар болгон. Алдында Аскаров, Карабаев жүргөн. "Давай, милицияларды барымтага алалы, буларды өлтүргүлө. Булар кыргыздар" деп айткан. Карабаев менен Азимжан уюштурган топтор болчу.

Азимжан Аскаровдун күнөөсүн аны менен кошо соттолгон Минура Мамадалиева да сотто ырастаган. Ушундай негиздерге таянган маркум милиционердин энеси Карамат Сулайманованы укук коргоо уюмунун демилгеси нааразы кылууда:

- Аскаровдун окуяларга 100 пайыз тиешеси бар. Райондук, облустук, Жогорку Сот болду. Анда бардык айыптары тастыкталып, он беш милиция мойнуна коюп, сот түрмөгө кескенден кийин эки жылдан кийин кайра чукуп атышат. Эгер Азимжан Аскаров өзбектерди уюштурбаса, менин балам өлбөйт эле. Мен анын күйүтүнөн минтип оорубайт болчумун. Колу менен барып сайбаса да, баламды өлтүрүүгө ал буйрук берген.

Маркумдун жубайы Чынара Бечелова бейөкмөт уюмду “бүтүп бараткан жараны ырбатууда” деп сындады:

Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова
Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова
- Мамадалиева Минура деген өзү айтып атат "Карабаев менен Аскаров түндө көчөмө-көчө, үймө-үй жүрүшүп, "чыккыла" дешип, элди үгүттөгөн. Атүгүл алар Минурага буйрук беришиптир, "мына, бул көчөгө сен башчы болосуң, сен уюштуруп, алып чыгасың" деп.

Сотто күбө болгон бишкектик өзбек киши да көрсөтмөсүн берди. "Мен той өткөргөнү келгем. Алар көчөмө-көчө ошентип жүрүптүр. "Силер эмнеге мындай кылып атасыңар, мындай кылбагыла" десе болбой, Карабаев Маматкадыр менен кошо Азимжан Аскаров көчөмө-көчө жүрүп, уюштурган" деп айтып атышат. Муну кыргыздар эле эмес, өзбектердин өздөрү да айтып атат.

Укук коргоочуларга айтарым: эмне үчүн мыйзамды бузган, адамга каршы болгон адамдардын укугун коргошот да, кантип атасыңар деп бизге окшогондорду эмнеге сурабайт? Мына, баласынын күйүтүнөн апам төрт айдан бери төшөктө жатат. Менин жетим калган төрт балам ыйлап отурат. Эмне үчүн алар биздин жана башкалардын укугун коргошпойт? Эмнеге кабар алышпайт? Канча адамдардын үйлөрүн сел каптап атат. Келип, ошолорго жардам берип, ошолордун укугун коргобойбу? Бүтүп аткан жараны тырмап, ырбаткандан башка колдорунан эч кандай иш келбейт экен.


Базар-Коргондогу массалык башаламандыкты уюштурууга катышкан деген кине менен 2010-жылдын сентябрь айында укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адам соттолгон.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG