Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жапондордой иштерман бололу...


Дастан Абдылдаев
Дастан Абдылдаев

Жапонияда эки жыл окуп келген Дастан Абдылдаев Күн Чыгыш өлкөсү тууралуу байкоолору менен бөлүштү.

"Азаттык": Жапондор учурда илим менен техника жаатында өнүгүп, кыйла алдыга кеткени белгилүү. Эки жыл ошол өлкөдө окуп келген адам катары айтсаңыз, алардын ушул бийиктикке жетүүсүнүн сырын биле алдыңызбы?

Дастан Абдылдаев: Эки жыл аралыгында ушул суроого жооп табууга аябай аракет кылдым. Жапон профессорлору, мамлекетик кызматкерлери, жай тургундар менен баарлаштым.

Андан тышкары Жапонияга тиешелүү адабияттарды окудум.

Жеке пикиримде жапондор мээнеткеч-иштермандыгы менен ушул деңгээлди багындырды. Өтө ынтымактуу келишет. Калп айтышпайт, бирөөнүн мүлкүнө эгерим кол салышпайт.

Өтө жоопкерчиликтүү, мыйзамды сыйлашат. Мына ушул сапаттар жапондордун башкалардан алдыга озуусуна түрткү болгон деп ойлойм.

"Азаттык": Жапондордон үйрөнө турган нерселер көп деңизчи? Ал жакка барып окугусу келген жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Дастан Абдылдаев: Өнүгүп келаткан өлкөлөр жапондордун жакшы сапаттарын үйрөнсө алдыга жылуу тездемек.

Жапонияда билим берүүнүн сапаты өтө жогору. Талапты да кое билишет. Студент үчүн мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Ал жактан окуйм деп максат кылгандар ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдалана билсе утат. Анан англис тилин мектептен эле ынтаа коюп окуп, үйрөнүп алгандар көп кыйналбайт.

XS
SM
MD
LG